ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: КИТЕПКӨЙГӨ КАРАТМА СӨЗ

Азыр биздин өлкөдө[1] китеп соодасынын арааны катуу жүрүп турган чак. Орусча китептерди асыресе көркөм адабият туундуларын калайык дүкөндөргө түшүрүп-түшүрбөй талап кетет. Алар жүз миңдеген, кээде миллиондогон нуска менен чыгып атса деле, баа жагынан эки эсе кымбаттаса деле көпчүлүккө түтпөйт. Айтор, бу чакта китептен өткөн таңсык буюм табылбай калды.

Албетте, «китеп каатчылыгы» жок жерден чыга келген жок. Совет бийлиги жарым кылым ашуун мезгилде жумурай журтту бүт бойдон кат-сабаттуу кылды, калктын көбүн илим-билим дүйнөсүнө кооштурду, кат тааныгандын далайын дайыма китеп окуганга кыныктырды. Ушундай ыңгайлуу жагдайда 150 миллиондон арбын орус калкынын арасында китепсиз өмүр сүрө албагандар, китеп дегенде жантыгынан жата калгандар, ашкан бай менчик китепкана жыйнагандар абдан көбөйдү. Улуу элдин ышкылуу китепкөйлөрүнө башка улуттардын орусча билген өкүлдөрү да улам көп кошула берип, китеп кардалдарынын эсебин ого бетер ашырып жиберди.

Анын үстүнө, ушу тапта китеп жыйноо өзүнчө бир жугуштуу модага айланбадыбы. Кооз мукабалуу колтойгон томдор келишимдүү тактай текчелерде же шкафтарда шыкалып, үй ээсинин өтө бийик духовный муктаждыктарын болбосо да, дөөлөттүү, кадырлуу, эпчил экенин каңкуулап турушу зарыл болду. Эртели-кеч эрмектеп эки барак окуп койбогондор, такай көз майын түгөткөнгө эч зарылчылыгы деле жоктор азыр миңдеген мыкты китептерге эгедер!

Орусча китептерге соодалык оомат келип турганда кыргызча китептердин ал-абалы кантип атты экен?

Белгилүү го, кыргыздар кумурскадай көп элдердин бири эмес. Орустун бир эле чоң шаарында жалпы саны атпай кыргызга барабар калк жашайт. Демек, эки миллион чамалуу эл сүйлөгөн тилде китептер ченелүү эле тираж менен басылат. Маселен, кыргызча кийинки жылдары негизинен прозалык чыгармалар 10—12 миң, ыр китептөр 5 миң, драмалык жыйнактар 3 миң, адабай-сын макалалар 2 миң нускада чыгып жүрөт. Тек айрым элдик дастандар, өзгөчө, кадыр тапкая прозаиктердин айтылуу чыгармалары, анан дагы башка кадырман кишилердин оригиналдуу жазгандары же которгондору гана 30 миң тираж менен жарык көрөт. Менимче, биздин тилде азырынча эң эле көп нуска (60 миң!) менен жарыяланган Чыңгыздын «Гүлсарат» жыйнагы болсо керек.

Республикалык басма мекемелерин жана китеп соодасын башкаргандардын оозеки маалыматына караганда, кыргызча көркөм адабияттан оригиналдуу прозалык чыгармалар жаман-жакшысына карабай сатылып кетет экен да, ыр жыйнактары жана таржыма китептер анча өтпөйт экен. Баса, поэзия туундулары, айрыкча, котормолор шаар-кыштак дүкөндөрүндө сатылбай шыкалып турганын өзүбүз деле көрүп жүрбөйбүзбү.

Баарынан да орусча жүз миңдеген нускада чыкса деле табылбаган таңсык китептердин кыргызчалары нечен жылдар сатылбай жатканы бир чети таң калтырса, бир чети кабырга кайыштырат.

Таржыма адабияттын соодасы анча жүрбөй келатканын биздеги көркөм котормонун сапаты төмөндүгү менен түшүндүрүү, балким, бир кыйла жүйөөлүү чыгар. Башкалардын атынан айта албайм, тек менин байкашымча, эне тилибизде жарыяланган котормолордун басымдуу көпчүлүгүн көркөм сөз дүйнөсүнө тиешеси бар деп айтканга ооз барбайт. Бизде түп нусканын образдык мазмунун кыргызча баштан-аяк кайрадан жаратып чыгуу өнөрү али жерден боорун көтөрө элек. Улуттук таржымабызда азырынча оригиналдын сүйлөмдөрүн сөзмө-сөз көчүрө бермей туташ өкүм сүрүүдө. Ошол себептен кээде андай котормолордон көркөм канимет табыш түгүл, жөн эле бирдеме аңдап билиш кыйын болот. Котормо китептердин четинен алып окуй баштаган киши чү деген эле жерден демейде көрк-сыны жок жансыз сөз айкалыштарына, чычырканактай тикенектүү жасалма сүйлөмдөргө, тузсуз тамактай супсак текст үзүктөрүнө кабылат. Анан ыкылас тартмак түгүл, бүйүр кызытмак түгүл, итиркей келтиргенден башкага жарабаган андай китептер көпчүлүктү кайдыгер калтырып, дүкөндөрдө «сүрсүп» жата берет.

Бирок жалаң гана жаман котормолор өтпөй атат деп кесе айтканга да анча негиз жок. Байкаштырып көрсөк, көп жагынан ойдогудай чыккан айрым таржымалардын деле соодадан багы ачылбай келатыптыр. Маселен, Толстойдун «Согуш жана тынчтыгын» Сүйүнтбек Бектурсунов, айрым өксүктөрүн эске албаганда, жалпысынан жакшы эле кыргызчалаткан; Твардовскийдин «Василий Теркинин» Сүйүнбай Эралиев түп нускага тете келгидей эле даражада таржыма кылган. Ошентсе да кадимкидей дурус которулушу деле аталган чыгармалардын сатыкка түшкөндөн кийинки тагдырын оңдуруп жиберген жок: экөө тең салыштырмалуу аз тираж менен басылганына карабай, көп жыл катары сатылбай жатып, аябай арзандатылып, ошондо деле кардалга жарыбай, акыры өтүмсүз товар катары эсептен чыгарылып (списать этилип) салынды.

Ырас, «Согуш жана тынчтык» менен «Василий Теркин» тээ элүүнчү жылдары жарык көргөн. Алардын соода кырсыгына учурашына, балким, ошо жылдары азыркыга караганда окурмандарыбыздын жалпы саны азыраак, маданий деңгээли арттараак экени себеп болгондур. Бирок ушундай дейли десек, айрым түзүк котормолор кийинки учурларда деле магазиндерде сатылбай жыйылып турат.

Котормо китептердин кор болгонун көргөн жагынан менин да кейиштүү тажрыйбам бар. Баягы жылдары мен Назым Хикметтин ырларын которуп чыгарган элем. Улуу түрк акынынын ысмы төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү, айрыкча, биздин өлкөдө өтө авторитеттүү. Ал акыйкатта да маашырканта турган мазмундуу өмүр сүрүп, дайыма ой-сезимге дүрбөлөң түшүрө тургандай керемет ыр дүйнөсүн жараткан. Анын поэзиясы башка тилдерге орточо которулса деле ажайып касиеттерин сактап кала алат.

Мен Хикметтин ырларын которгонго беш-алты жылдай өмүрүмдү арнадым. Адегенде орусчасынан, анан азербайжанчасынан, акыры түркчөсүнөн которуп, кайра-кайра убара тарттым. Ырлардын кыргызчасы да түп нускасындай таасын элестүү, жалындуу, шаңдуу чыкса деп жан талаштым, сонуркап, эргип-эрип, берилип таржыма кылдым. Которулган ырлар (көпчүлүгү) «Кыргызстан» басмасынан «Мажүрүм тал» (1969) деген ат менен жарык көрдү. Жыйнактын көлөмү 5 басма табак, тиражы 3 миң, баасы 66 тыйын болду.

«Мажүрүм тал» биздин адабий чөйрөнүн баамына анча урунбаса да, мезгилдүү басма сөз бетине жаңырыктар (откликтер) туудурбаса да, борбор шаарыбыздын китеп дүкөндөрүнөн бат эле кайып болгонсуду. Айрым ыр ышкыбоздору а китепти таппай жүрүшкөнүн айтса, мен кадимкидей компоё калып аттым. Бирок менин компойгонум жөнү жок эле бир нерсе экен. Көрсө, үч гана миң экземплярда чыкан «Мажүрүм тал» айыл-кыштак дүкөндөрүндө төрт-беш жыл сатылбай калган соң арзандатылып, баш калаабыздын дүкөндөрүнө кайра алып келиниптир. Мен муну кийинчерээк билип алып, аябай капага малынбадымбы.

Мындан он беш жылдай илгери биздин өлкөдө Антуан де Сент-Экзюперинин атагы катуу чыга баштады: чыгармалары орусчаланып, китепкөйлөр арасында өтө барк алып кетти; өрнөктүү өмүр жолу, адамдык артыкчылыктары, жазуучулук өнөрү тууралу оголе көп материалдар жарыяланды. Мен француз жазуучусунун адабий мурасын окуп чыгып, өмүр баяны менен таанышып, анан, анын ышкылуу окурманы, астайдил таазимчиси болуп калдым. Анын сыйкырдуу калеминен жаралгандын баары чечекийимди чеч кылды, маашыркануу сезимдеримди жалбырт-жалбырт жандырды. Баарынан да «Кичинекей ханзада» («Маленький принц») деген чакан жомогу бир башкача таасирлентип, көпкө дейре көңүлүмдү өрөпкүтүп жүрдү. Жомоктун мазасын тааныштарыма жар салып, айрымдарын окуп чыкканга да мажбурлап жибердим.

Эмнегедир ошо жомокту көбүрөөк эл окуп чыкса деп ак эткенден так эттим. Тек, аны орусча билбеген улутташтарым окуй албасын эстеп, ошолордун баарын чын пейлимен аяп кеттим. Айтса-айтпаса, азыркы заманда дүйнөдөгү чоң тилдердин бирди-жарымын билбеген китепкөйдөн аянычтуу ким бар деги!

Катуу ээленип алган экемин, акыры токтоно албай, башка иштеримдин баарын жыйыштырдым да, «Кичинекей ханзаданы» которгонго кириштим. Ошо жомоктун мазмуну кыргызча чыпчыргасы коробой кайталанса деп, элпек-адеми стили жана назик тамашалуу интонациясы орусчасындай жарашыктуу берилсе деп, ар бир сүйлөмү куду эне тилибизден кайнап чыккандай жатык, мукамдуу, табигый угулса деп тиледим. Ошондой даражага жеткирем деп бир айдан ашык күндүр-түндүр үстөлдөн баш көтөрбөй отурдум; сөз азабын тартып тытынып, сүйлөмдөрүмдүн өөдүк-сөөдүк жерлерин улам-улам жонуп, кыйла эле убарагерчилик тарттым. Бирок жомокту кыргызча сүйлөткөндөн кадыресе чыгармачылык канимет таап, айтылуу француз чеберинин кайталанбас өнөрүн колум менен кармалап көргөнсүдүм, бийик ой чабыттары менен күчтүү сезим толкундарына ортоктошуп кеткенсидим, айгине акыл-эси менен көркөм шыгынын шоолаларына жуунуп алгансыдым…

Которгонум «Мектеп» басмасына тапшырылып, анан, 1968-жылы чакан китеп түрүндө басылып чыкты. Көлөмү 3 басма табактан саал көбүрөөк, тиражы 5 миң, баасы 13 тыйын болду.

«Кичинекей ханзада» деле борбор шаарыбыздын дүкөндөрүнөн бат эле көрүнбөй калды. Үйгө бир далай нускасын апкелип койсом, келген-кеткендер бирден кармап кете берип, акыры түгөнүп бүтүптүр. «Ичтен чыккан ийри жылан» деп бир-эки экземплярын табууга ниет кылып, элетке чыккан сайын китеп дүкөндөрүнөн издеп жүрдүм. Бирок «Кичинекей ханзадаң» түшкүр эч жерден дайнын билдирген жок. Ошондо менин көңүлүмө анын тиражы бүт бойдон сатылып кеткен экен деген ой байланып калды.

Бирок мен тек гана алдамчы ишенимге азгырылган экемин. Көрсө, жарыбаган тираж менен чыккан он үч тыйындык «Кичинекей ханзада» көп жерде сатылбай жатып калыптыр да, кийин өнүмсүз чыгаша эсебине ыйгарылып, макулатурага өткөрүлүптүр. Мунуң баары кечээ жакында, Сент-Экзюпери жомогунун кыргызчасын «Мектеп» басмасы кайра чыгармак болгондо, асыресе биринчи басылышынын кантип таралганы териштирилгенде билинбедиби.

Мындай күтүүсүз кабардан мен адегенде анча-мынча эндирей түштүм. Капырай, Сент-Экзюперидей даңкы таш жарган жазуучунун нары дүйнөгө белгилүү, нары ашкан сонун чыгармасы алда качан цивилизаңиялашкан кыргыздардын арасында сатылбай калат деген эмне! «Ата даңкы менен кыз өтөт» дегендей, «Кичинекей ханзада», эгер мен аны элдир-селдир которсом деле, авторунун атак-айдыңы менен көпкө «сүрсүп» жатпай таралып кетиши керек эле. Сөздүн ырасын айтсам, мен ажайып мыкты жомокко кайдыгер карайт деп, улуу тилдердин өкүлдөрүн өрөпкүткөн жакшы чыгарманын кадыр-баркын билбейт деп улутташ окурмандарыма нааразыланып да кеттим.

Бирок салкын кандуу кыяз менен ойлоп баксам, жайнап чыгып аткан котормолордун жакшысын да, жаманын да сатып албаганы үчүн калың китепкөйлөр журтун күнөөлөгөнгө биздей калемгерлердин эч кандай акысы жок экен.

Жашырын сыр эмес: орус тилин суудай билген жөнөкөй окурмандарыбыз демейде котормо китептерди окуп убара тартпайт, окугусу келсе түз эле орусчасына кайрылат. Демек, биздеги котормолор негизинен орусча окуй албагандарга арналат. Ал эми кайсы бир котормо жарык көрсө, бирок, анын жарык көргөнүн, кандай товар экенин, автору кандай жазуучу экенин кыргызча мезгилдүү басма сөз, радио жана телевидение жар салбаса, анан орусча билбегендер каяктан а китепти артыкчылыктарын айра тааныйт, кантип аны окуганга дилгирленет, кантип сатып алганы дүкөнгө дегдеңдеп жетип барат?

Арийне, түпкүлүгүндө китеп да соода буюму, көп товардын бири, а деле кандайдыр бир рекламага муктаж. Ырас, рекламанын эң эле айдыңы — китептин жакшы жазылышы. Жыпардын «айыбын» аңкыган жыты эле ачып салат. Дурус чыгарманын акыр-аягы кызыктуу мазмуну эле дайын кылат. Бирок өз убагында мезгилдүү басма сөз унчукпай койсо, адабий чөйрөнүн өкүлдөрү кандайдыр бир формада көпчүлүктүн көңүлүн бурбаса, жаңы чыккан ар кандай мыкты китептен калың окурмандардын кабардар болушу кадыресе кыйындайт. Ушундан улам а китептин базардагы баркы да көтөрүлбөй калышы ыктымал. Чын-чынына келгенде, массалык коммуникация каналдары жана бөлөк информация каражаттары аркылуу пропагандаланганда гана жазуучунун аты-жөнү дүңгүрөп чыгып, ардак-сый нурларына бөлөнүп, калың элдин делебесин козгой турган коомдук көрүнүшкө айланат. Ошондо көпчүлүк китепкөйлөр атанган жазуучунун атын угар заматкуту сүйүнүп, жазгандарын окуп чыкканга кумарланып, окуй электе эле толкунданып окуганга психологиялык жактан дапдаяр болуп,күн мурунтан бир башкача элбиреп-делбиреп алат. Анан ошондой ашкере ынтызар абалга келген киши өзүн элеп-желеп дегдеткен китепти сатып албай коёт беле!

Эгер ушундай жагдай эске алынса, анда «Согуш жана тынчтык», «Василий Теркин» сыяктуу алчысынан түшкөн котормо китептердин товар катары жолдуу болбогон себебин аныкташ анча кыйын эмес. Байкаштырып көрсөм, адеп жарыяланганда ошол котормолордун түп нускалары эмнеликтен улуу деп саналганын, мазмундарында кандай маани-маңыздар катылып жатканын, кандай көркөм касиеттери үчүн көкөлөтө макталып жүргөнүн ачык-айкын туюндурган макалалар түгүл, алардын тим гана кыргызча жарык көргөнүн биздин бир газетабыз же журналыбыз реклама кылбаптыр, дурус которулганын бир калемгерибиз бир жерде да белгилеп койбоптур. Экинчи жактан, айрым илимий китептерде жана адабий-сын макалаларда аты-жөнү учкай айтылып келатканы болбосо, Толстой менен Твардовский тууралу кыргызча маалыматтар жокко эседей эле экен.

Мен мындан бир аз жыл илгери туулганына 150 жыл толгондо Лев Толстой жайында бирдеме жазам деп жүрүп билбедимби: а кишинин өмүр баяны, жалпы чыгармачылыгы, жеке-жеке туундулары, идеялык-моралдык изденүүлөрү, эстетикалык жол-жоболору, дагы башка жазуучулук артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралу улуттук басма сөзүбүз өөрчүгөндөн бери карай кыргызча бир да оригиналдуу китепче, макала, рецензия жарыяланбаптыр, атүгүл, кыргызчаланган көп эле китебинин бирөөнөн башкасына кириш сөз же акыркы сөз дегендей нерселер жазылбаптыр. Бу жагынан Александр Твардовский деле Толстойдон эч канчалык озуп-ашып кетпептир. Демек, жалаң кыргыз мектебинен билим алган жана көбүнесе кыргызча информациялардан азыктанган китепкөйлөрдүн аң-сезиминен Лев Николаевич менен Александр Трифонович али ардактуу орун ала элек экен, алардын ысымдары орусча билбеген улуттарыбыздын көз кырына шоолаланган урмат-сый алкагы менен курчалып көрүнө элек экен, алардын жазуучулук кадыр-баркы биздин тилибизде окурмандар массасын күн мурунтан элпинтип- желпинтчүдөй күч-кубатка жетише элек экен.

Бирок Толстой менен Твардовский кантсе да жалпы ата журтташ жазуучулар эмеспи, алар бөлөк-бөтөн эл-жердин өкүлү Сент-Экзюпериге караганда кыргызга аттын кашкасындай эле таанымал десе болот.

Деген менен биздин кишилер орто мектепте орусча жана кыргызча окуу китептерден Толстойдун өмүрү менен чыгармачылыгын аздыр-көптүр үйрөнүшөт, айрым адабий туундуларын толук бойдон же үзүндү түрүндө окушат; Твардовскийдин кээ бир ырлары же дастандары (фрагменттери) менен таанышат; каалап калышса, алардын которулган негизги чыгармаларын таап окуй алышат.

Ал эми Сент-Экзюперинин таржымалы, иш-аракети, адабий мурасы тууралу биздин тилде эч маалымат жарыяланган эмес, чыгармаларынан да эчтеме которулган эмес. Айтор, мүлдө дүйнөгө болбосо да, бүт Европага бештен белгилүү француз жазуучусу орусча билбеген кыргыз китепкөйлөрүнө таптакыр бейтааныш эле.

Дал ошондой кырдаалда кокустан «Кичинекей ханзаданын» котормосу жарык көрүп калды. Тек, анын жарык көргөнү массалык коммуникация каналдары аркылуу калайыкка жарыя айтылган жок, мазмуну кызык жана маани-маңызы терең экени басма сөз аркылуу жар салынган жок, кыскасы, китептик пропаганданын каражаттары менен Сент-Экзюперинии ажайып баянына карата көпчүлүктүн ынтызарлыгы ойготулган жок. Натыйжада «Кичинекей ханзаданын» жарыбаган тиражы толук сатылбай, кейиштүү күнгө туш болду.

Кийинки жылдары ички мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, биздин басмалар көркөм адабият чыгармаларын мурдагыдан көбүрөөк чыгарчу болбодубу. Жыл сайын жалаң жаңыларын гана баса бербей, оригиналдуу жана котормо китептердин башта чыккандарын да кайра жарыялай баштады. Анча-мынча ыкыбалы бар экен, «Кичинекей ханзада» да ошо кайра басылчулардын катарына кошулуп, «Мектеп» басмасы тарабынан экинчи мертебе чыгарылып жатат.

Менин билишимче, «Кичинекей ханзада» биринчи басылгандан бери карай Сент-Экзюперинин башка чыгармалары кыргызчалангандай, анын жеке адамдык жана жазуучулук тагдыры жөнүндө бирер маалымат жарыялангандай болгон жок. Демек, орусча жакшы билбеген окурмандарыбыздын арасында айтылуу француз калемгеринин атак-даңкы азыр баштагысынан кыйла өйдөлөп деле кеткен жок. Ушундан улам мен «Кичинекей ханзада» кайрадан жарык көрсө, анын жаңы нускалары сатыкка түшкөндө кандай өтөр экен деп кооптонуп, атүгүл, биринчисиндей эле жарым-жартылай тиражы сатылбай калабы деп алдын ала заарканып турам. Эгер, кандайдыр бир пропагандалык чаралар көрүлбөсө, а китепченин тиражы дагы да бүт бойдон таралып кетпей калышы толук ыктымал.

Албетте, мен «Кичинекей ханзаданын» бул сапар да кыштак дүкөндөрүндө өтпөй жатканын көргүм келбейт. Мен аны улутташтарымын көпчүлугү алып окуса деп каалайм. Кеп а китепчени менин которуп койгонумда эмес, анын түпкү затынын ашкере асылдыгында. Эгер, ал орточо же ортодон саал өйдөрөөк деңгээлде которулса, ошону окуган киши деле бир аз тыйынын жана убактысын коротконго кылчалык өкүнбөйт.

Жалпы окурмандар журтунун дилгирлигин анча-мынча козгоп коюш үчүн мен «Кичинекей ханзаданын» жөн-жайынан, анын атактуу авторунун өмүр баянынан бир-эки ооз кеп салып бергим бар. Муну менден башка бирөө жакын арада жасап жиберери күмөндөр иш. Менин ушундай аракетим китепкөйлөрдүн бир канчасын даарып өтсө ажеп эмес.

1981-ж.

P.S. Урматтуу окурман, С.Жигитовдун Антуан де Сент-Экзюперинин өмүрү жана чыгармачылыгын таржымалдаган макаласын өзүнчө бөлүк менен жарыялоону эп көрдүк.

[1] «Көркөм сөз маселеси», С.Жигитов, «Кыргызстан» басмасы. 1982-ж.