ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН КӨЗҮ ЖЕЛКЕСИНДЕ

Салижан акебиздин кыргызды абыдан катуу чычалаткан, эң ызы-чуулу маектеринин бири дал ушул. Анда да саясый кырдаал кудум бүгүнкү күндөгүдөй болуп турган. С.Жигитовдун бул маеги «Республика» (5.11.2002) гезитине жарыяланар замат А.Акаевдин айдакчы гезиттери менен интеллигенция өкүлдөрү Сакебизди туш-туштан тытмалап жатып калышканы күнү бүгүнкүдөй эсибизде. «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясына Сакебиз күндө бир маал келип-кетип, боорубузду тырматкан азилдерин биринен сала бирин айтып күлдүрөр эле.
Андан бери арабызда Сакебиздин гана көзү жок, а турмуш акебиз маңдайыбызда туру. «РухЭш» сайты улуу устатыбыздын «Көсөмдүн көмүлгүс ойлору» деген аталыш менен Сакенин акыл мурастарын удаама-удаа жарыялап келатканыбызды баамдаган Азия Акматова аттуу окурманыбыз төмөндөгү маегин кыргызчага которуп жөнөтүп жибергенине ыраазычылык билдиребиз…
Замира СЫДЫКОВА: Салижан Жигитович, элде ушунчалык өзгөрүүлөр болууда, бул рухтун кайра жаралышы да, өзүнүн жарандык жана саясый укуктарын аңдоо – ал эмне үчүн кыргыз интеллигенциясы уктаган бойдон жатат?
С.Ж: Коом алар эл үчүн ойлосун деп адамдардын айрым категорияларын кара жумуштан бошотот. Карапайым адамдардын дээрлик баарынын күн-түн дебей ой жүгүртүп, теориялык маселелердин үстүндө иштөөгө убактысы жана интеллектуалдык даярдыгы болбойт. Ошондуктан эл интеллигенцияны алар жол салып, багыт көрсөтүп, дем берип турушу үчүн улуттун руханий жетелөөчүлөрү, баштоочулары катары чыгарат. Акыр аягында келип аларды окутуш керек, анткени карапайым адамдардын аң-сезими ар кандай жалган пикирлерге, сезимдерге, жалган идеяларга жык толгон.
Бирок жабык коомдун тушунда калыптанган, эркин ой жүгүртүүнүн каада-салттарын билбеген, өзүнө пайда көздөбөстөн акыйкат-чындыкты издебеген биздин интеллигенция андан күткөндөрдү актай алган жок. Кыргыз интеллигенциясынын билими тайыз, элеттик, анын үстүнө жалкоо, анткени баш иштей башташ үчүн рухий жана кара күч үрөп чымыркануу керек. Ал мындайды жаман көрөт жана андайды жасай албайт.
З.С: Деги эле кыргыз интеллигенциясы барбы? Мурдагы совет адамдары өздөрүн көкөлөтүп көрсөтүп, өздөрүн билимдүүбүз деп эсептейт. Мага биздин адамдардын сабаттуулугу жөнүндө айтканда дайыма еврейлердин анекдотун мисалга келтирем. «Эгерде сен билимдүү болсоң, демек, акылдуусуң, ал эми акылдуу болсоң, эмне үчүн жакырсың?» Эгерде башыңды уялаган билим жакшы жашоого жардам бербесе, анда андай билимдин кереги эмне?
С.Ж: Биздин интеллигенциянын бардык жактан билими тайкы. Биринчиден, ал өз алдынча ой жүгүртө албайт, жада калса мындай адатты өзүнө өнүктүрө алган эмес. Башка жагынан алганда, ал абдан жарды жана мамлекетке көз каранды. Эркин жана көз карандысыз адамдар интеллигенция арасында дээрлик жок. Экинчиден, андан кулчулук психология да арыла элек. Үчүнчүдөн, биздин интеллигенциянын көзү желкесинде деп коёлу, анткени учурдагы рухий багыттарды, баалуулуктарды жана символдорду көчмөн турмуштан алган.
З.С: Сиз муну менен эмнени айткыңыз келет?
С.Ж: Желекти эле алып көрөлүчү. Анын бетине түндүк түшүрүлгөн. Эмнеликтен? Биздин отурукташканыбызга жүз жыл болуп кетти, эмне үчүн боз үйдөн түтүн чыкчу жер биздин символубуз болуш керек? Же болбосо калпакты мисалга алалычы. Карапайым адамдын башындагы калпак – артта калгандыктын, байыркылыктын, жакырчылыктын белгиси, ал эми биздин эл башчыларыбыз эмнегедир кептин түз маанисинде да, өтмө маанисинде да калпактан чыкпай жүрүшөт. Же болбосо той-аштарды, мааракелерди, кыргыздын үйлөнүү эле тойлорун алып көрөлүчү. Алар, калыбы, дүйнөдөгү эң көңүлсүзү. Бизде үйлөнүү үлпөтүндө же тойдо элдин баары сүйлөшү керек, бирок акылдуу же жок дегенде күлкүлүү бир нерсе айтылганын уга элекмин. Аңкоо кептер агыла берип, отура албай кетесиң.
Баарынан кызыгы – мунун баары баарына жагат, ал эми бу дени соо адамды өзүнүн сандырактыгы менен айран кылып, кыргызга тиешелүү бардык нерседен жүрөгүн айлантууга тийиш. Бизде патриархалдык элдин сабатсыз өкүлдөрү түзгөн рухий маанидеги мурастар жайылтылууда. Мына анын бир мисалы. Боорукер чет элдиктер бизге көркөм чыгармаларды басууга акча беришкен. Биздин аң-сезими айылдык деңгээлдеги интеллектуалдар акчаны алары менен фольклордук тексттердин, болгондо да 40 томдугун чыгара башташты.
Ошол эле мезгилде кыргыз тилинде окурмандарга учурдагы эстетикалык табитти тарбиялоого жөндөмдүү болгон оригиналдуу жана котормо адабияттын үлгүлөрү бар. Аларды массалык тираж менен бастырып чыгарууга акча жок. Андан калса кыргыз мектептери үчүн адабият боюнча окуу программаларында фольклордук жана фольклорго жакын тексттер үстөмдүк кылат. Демек, биздин өсүп келе жаткан муундар көркөмдүк дөөлөтү төмөн фольклор менен гана тарбияланууда.
Маектешкен Замира СЫДЫКОВА