ЖИГИТОВ Салижан: НАРКОЗ ТАРАЙ БАШТАДЫ. ДАГЫ ТАРАЙТ

КР Өзбекстандагы элчиси, филология илиминин доктору Салижан Жигит менен маек

Жакшы эле тойлодук, кимдин жана эмненин эсебинен?

— Салижан Жигитович, өзүңүз көрүп турасыз, турмуш өтө кыйындап кетти. Эгер оппозицияны жакпаган пикирлерге, оппозицияда турган гезиттерге ишенсек, мунун баарына Президент, өкмөт, анан акимдер күнөөлү болуп чыгат. Булардын ордуна иштин көзүн билген жетекчилерди, мисалы, Акаевдин ордуна Аманбаевди, Чыңгышевдин ордуна Жумагуловду койсок, республика экономикасы мынчалык эңшерилген абалга келбейт эле, эл мынчалык кыйналбайт болучу деген пикир ачык айтыла баштады. Сиз буга кандай дейсиз?

— Албетге, бизде мынабу, бюрократия деп коёт, мамлекеттик башкаруу деген бар. Мамлекет сөзсүз башкарылыш керек. Батыш өлкөлөрүндө уюшуп алган азчылык уюшпаган, башаламан, чалды-куйду көпчүлүктү башкарат деп ачык айтат. Мамлекет элди мажбурлоо жолу менен болсо да башкарат, багыт берет. Чындыгында бюрократияга, мамлекеттик башкарууга жөнөкөй эл эч бир таасир кьшалбайт, бирок бюрократ элитасы деп коёлу, ошол башкарып турган элита жалпы элдин атынан сүйлөш үчүн шайлоо ж.б. уюштурат да, мына элдин макулдугун алдык деп, элдин атынан сүйлөгөнгө толук укуктуу, акылуу болуп алат.

Анан контрэлита деген пайда болот, алар карапайым түшүнүк менен айтканда, интеллигенттердин, билимдүүлөрдүн ичинен бюрократ элитасы менен бийлик талашкандар, бийликте орун аз, интеллигент көп болгондуктан, бийликке жетпей калгандар. Ошентип, бийлик башында турган элита айтат: элдин мүдөөсүн мен жакшы билем, элге мен жакшылык кылам. Контрэлита б.а. оппозиция айтат: жок, булар элге жакшылык кылбай атат, карапайым калк кыйналганы менен иши жок, жөн эле асмандап жүрүшөт, биз болсок жердебиз, эл арасындабыз, эл мүдөөсүн бизден жакшы эч ким билбейт, бийликти бизге берсе, элди жыргатабыз ж.б. Оппозиция дегендин омогу, кыскасы, ушу сыяктуу.

Эми биздин республикада мындай болбодубу: демократия элементтери эл турмушуна, бийликке ыкчам аралашканы менен бийликке демократтар жеткен жок да, Россия, Өзбекстан, Казакстандагыдай эле биздин бийликти компартократтар ээлеп алды. Мына, Аскар Акаевич деле биринчилерден болбогону менен партократия ичинен чыкты. Айталы, Грузияда андай болгон жок, Азербайжанда андай болгон жок, бийликке биздин К.Акматов, Т.Тургуналев, Ж.Жекшеев өңдүү негедир өздөрүн «демократпыз» деп жарыялап алгандар келди. Бирок алар мамлекет башкарууга тажрыйбасы жогунан, өздөрү бир жактуу, негизинен этнографиялык көз карашты кармап алгандыгынан, ашынган радикалдуулугунан ж.б. себептер менен согуш чыгарып алды.

Ушундай мисалдардын көптүгү эски СССРдеги оппозициянын начардыгын, бийликке даяр эмес экендигин далилдеп койбодубу.

— Буга элдин деле көзү жетти го дейм. СССР республикаларында демократия чыйырын биринчилерден салган Литва Республикасынын Президенти В.Ландсбергсти кече жакынкы шайлоодо Компартиянын мурдагы биринчи секретары А.Бразаускас жеңип алды. Азербайжан менен Грузияга мурдагы ашынган партократтар Алиев менен Шеварднадзе келди. Молдава, Латвия парламентин да ошо сыяктуулар башкарып атат. Мунун себеби эмнеде?

— Эмнеде болмок эле? Совет доорунда бардыгы жаман болсо да кадрлар селекциясы, тандап алуу жагы мыкты болгон. Алыс барбай, өзүбүздү эле алалы. Көзгө басар кишилерибиздин баарын көтөрүппүз совет доорунда, азыр иштеп аткан деле ошолор да. Өзбекстанда деле, Казакстанда деле ошолор. Жолдош Усубалиев бир тобун куугунтуктаган экен, жаңы заман келери менен аларды кайра апкелдик эле, айрымдары туура эле кубаланыптыр деп айтууга аргасыз кылып жатпайбы.

Албетте, партократиядан келгендердин өз кемчилиги бар, себеби социалисттик доордон түштү, буйрукчул бийликтен келди, таптакыр эле бюрократ болуп көнүп алган, орустар иждивенчество деп коет, ошондой «алма быш, оозума түш» деген психологиясы басымдуу, өздөрү эчтеме чечпей, Москваны туурап, борбордун оозун карап көнгөн ж.б. Антейин десең, өз алдынча жанталашып иштей келгенде жаңы бюрократия деле өнтөлөр өзгөчөлүгү жок экендигин билгизип койду, өзгөчө демилге көтөрүү, уюштуруу жагынан абдан аксап жатат, аны өздөрү деле моюнга алууда… Бирок жаңы бюрократиянын жакшы жери оппозицияны кубалаган жок.

Оппозиция оозуна келгенди оттоп, каалаганын айтып, жазып, атургай адам наркында кагазга түшпөй турган нерселерди деле жазып жатпайбы. Анын үстүнө бизде коомдук пикир – нормальный, дени сак, мээси таза коомдук пикир жок экен да. Өгүнү демократтар конгресс өткөрсө, анда чыгып сүйлөгөн бир оштук «демократ»: «буга ишенбегиле, анткени катыны орус» деп Чыңгышевге асылып атпайбы. Адам укугу деп айкырган, улут укугу деп улутунган көп демократтын ичинен бирөө үн катмак түгүл, демократтык тес көрсөтүп койгон жок. Болбосо айтышат эле да: «уят эмеспи ушунуң, бирөөнүн энеси татар, бирөөнүкү өзбек, бирөөнүн катыны калмак, бирөөнүкү казак, ага кандай тиешең бар» деп жел чыгарып ийген уйдай кылбайт беле. Жок, өкмөт өкүлдөрү да, Чыңгышев да унчукпады. Мына, коомдук пикирдин деңгели…

— Сиздин бир айтканыңыз бар: «Оппозициясын жоюп алган бийлик – өз тамырын кыйып алган бийлик» дегендей. Демек, начар болсо дагы оппозициянын болушу зарыл экен да…

— Албетте, зарыл. Оппозиция деген бийликти камчылап турган күч да. Бирок ал негиздүү болуш керек, реалдуу турмуштан, чыныгы акыбалдан чыгып, мамлекеттик акылга, тажрыйбага таяныш керек. Антпей эле бийликти бер, болбосо митинг уюштурабыз, ачкачылык жарыялайбыз деп эле бакыра бергенден опурталдуу иш жок. Мына, нарындык «демократтар» Бишкекке чейин марш бросок жасап келебиз деп жатпайбы, бул эми тынч жаткан элди дүүлүктүрүү деген кеп да.

Оппозиция да бийликке закон жолу менен, шайлоо жолу менен жеткенди үйрөнүш керек. КДКдан чыгып, «Эркин Кыргызстандан» чыгып, биздин демократтар шайлоого ат салышып көрдү эле, бош орунга бирөө да өтпөй койду го.

Атургай Кыргызстандагы демократиянын борбору деген Чүй облусунан облустук Кеңешке өтпөй калды. Эми эмкисинде да өтпөй калса, анан Акаевди түшүрөбүз, антебиз, минтебиз деп, мисалы, милийсалар менен кагылыштырып ийсе, бул өтө коркунучтуу да. Азыр элдин турмушу начар, ансыз деле нааразы болуп турат, турмушу начар болгонун ар бир киши өзүнүн жакшы иштебегенинен же эпчил, ийкемдүү эместигинен да көрбөй, жалаң эле өкмөттөн көрүп жатпайбы. Кокус эл чайпалып кетсе эмне болот дебей, мына ошондон пайдалангысы келгендер чыгып атат оппозициядан.

— Ооба, андай учурда элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы өзгөрүп, өз көз карашы, индивидуалдуу жоопкерчилигин жоготуп аларын, көпчүлүк учурда аң-сезимсиз куралга айланып кетерин дүйнө тарыхы көп эле далилдеди, аны ийне-жибине чейин изилдеген дүйнөдө адабияттар да көп. Платон айтпады беле, демос (толпа) — бул айбандын өзгөчө түрү, а демагог («жетекчи») — аны каалагандай үйрөтө билген дрессирощик деп. Митинг, ачкачылык акциялары ж.б. айрым демократтар үчүн элди толпага айландыруун жеңил куралы болуп алды өңдөнөт. Анын акыры эмнеге алып келерин өзүбүздүн Тажикстан, Грузия ж.б. өлкөлөрдөн көрүп жатабыз. Андан бери келсек, Ош коогалаңы мисал. Андыктан Сиздин алсыз оппозициянын жанагындай коркунучу бар дегениңизге кошулам. Эми суроонун өзүнө келсек…

— Келели. Элдин минтип итке минип, кыйын абалга түшүп калганына эмне себеп дегенде, коомдук пикир эмнени айтып жатат? Биринчиден, Советтер Союзунун тарап кеткенинен, экономикалык байланыштар үзүлүп калганынан, анан биздин азыркы чоңдор — бюрократия ишти жакшы уюштура албай жатканынан, бардыгын анархияга, өзүнөн өзү ага берсин деп бош койгондугунан (самотёк) көрүп атат. Анан барып эле саясатка такашат, жакшы саясат жүргүзбөй койду өкмөт же Президент деп.

Эми бул маселелерге келгенде, мисалы, Советтер Союзунун кулашында Кыргызстандын кымындай да үлүшү жок. Орто Азия элдериндей эле кыргыз элинин 100 процентке жакыны Советтер Союзунун составында калабыз деп добуш берген 17-март, 1991-жылы. Андан кийин деле кулатабыз деп айткан жок. Атурмак үч славян мамлекетинин лидерлери бир токойго бекинип алып, өздөрү менен кошо калган 12 республиканын тагдырын чечип салганда деле эч кими терикпеди. А бу деген Казакстан, Орто Азия, Кавказ Республикаларын бир тыйынча санабай койгондук да. Биз да өзүбүзчө болуп кетсекпи деген айбаттуу ойлор менен биздин чоңдор да Ашгабатка жыйыла калып, таразалап, алды-артын ойлоп, жети өлчөп, бир кесип көрүп, болбойт экен, жок дегенде СНГнын (муну Союз Нищих и Господ деп жандырып алышыптыр го) шарты менен туралы деген чечимге келишпедиби. Дагы айтам, СССРдин кулашына Кыргызстандын да, Акаевдин да тиешеси жок.

Экинчиден, ар бир республика өз экономикалык мүдөөсүн коргошу экономикалык байланыштын үзүлүшүнө табигый түрдө алып келмек жана алып келди. Россия эмдигиче эле айтып атпайбы, булар бизди өмүр бою ээмп, жей берип бүтүрмөй болду, дагы эле бага беребизби деп.

Ал эми башкарууга келгенде, мурункудай болуш үчүн тоталитардык системаны кармап туруу керек эле да. Ошол механизмдер менен, ошол обкомдор менен иштеш керек болчу. Анткени обком дегениң элди коркутуп иштеткенге оңбогондой сонун курал эмес беле: каматып салам, жер бербей, чөп ордурбай коем, малыңды контракцияга төктүрүп жиберем деп иштетчү.

Андай болсо компартияны жойбош керек эле. Бирок Кыргызстан Куба менен Түндүк Кореяга үчүнчү болуп кошулса эле коммунисттик система солк этпестен корголуп калмак беле? Антмек эмес, канчалык каалап, сүйүп турсак да дүйнө, тегерек чет анттирмек эмес. Анын үстүнө социализм деле өзүнчө өнүгө албаган коом турбайбы, бардык жакшы жактарына карабастан, экономикалык жактан уттуруп коёт экен. Элдин көбүн жатып ичерликке, «алма быш, оозума түш» психологиясына көндүрүп салыптыр. Сен эптеп-септеп иш кылымыш этип тур, мен сени бекер окутам, бекер дарылайм, бекер үй берем, карысаң пенсияга чыгарам деп келген тура байкуш мамлекет.

Ошон үчүн өкмөткө өлүмтүгүн арткандар көбөйүптүр, ошон үчүн өкмөт баарын таратып жиберип, өзү өчөйүп отуруп калыптыр. Анын артын көрүп атпайбызбы. Мисалы, ар ким өзүн өзү багып, өзүн бакканы аз келгенсип, тапкан-ташыганын 20-30 процентин өкмөткө салык катары төлөп, өкмөт ошонун эсебинен кары-картаңдарга, бей-бечараларга жардам берип туруш керек эле. Ушундай эмес беле биздин багыт.

Өкмөт деле, бийлик башындагылар деле өзүн өзү сын көз менен карап, ушундай болбой жатат, эл кыйналып кетти, уюштуруудагы биздин кемчиликтер ага кошул-ташыл болууда деп айтып атпайбы. Атурмак Аскар Акаевичтин бир жолу оозунан чыгып кетти го, улуттук доходдун 12 процентин биздин бюрократтар парага жеп койду, коррупция күчөп кетти деп. Оппозиция оозанбаса деле бүт бардыгы айтылып жатат. Ошол бештен белгилүү нерселерди туу кармап, «алмаштырыш керек эле, алмаштырыш керек» деп оппозиция ач айкырык, куу сүрөөн салгандын үстүндө.

Эми айланайын, эки жылдан бери алмашып эле атат, алмашып эле атат, бир кыргыздын ордуна бир кыргызы келет, деле кырып алар жыйынтык чыккан жок ко. Этнократ «глисттер» мени «ниглист» деп сөгөрүн бөркүмдөй көрүп турсам да айтып коёюн: кыргыз кызматкерлери бири-биринен сапаттык жактан көп айырмалана бербейт. «Ата-Журтту сүйгөн баатыр болот, акыйкатты сүйгөн акылман болот» деген кеп бар орус элинде. Бизде баары эле баатыр болуп кетип, акыйкат ары жакта калды да.

Бул бир жагы. Экинчи жагынан, экономикадан, жашоо-турмуш, маданият, илим-билимден республикада жашаган элдин жеткен деңгээли Россиянын эсебинен кармалып турган экен дегенди мен мурда эле айтып жүрчү элем, өгүнү сенин суроолоруңа берген жообумда да баса белгилегенсидим эле, мына кечээ жакында эл аралык валюта фондусунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Хэри Тринес да «Слово Кыргызстана» гезитине берген интервьюсунда (25-август) айтпадыбы.

Биз ошол Россиянын эсебинен жашап келгенибиз суверенитет алгандан кийин байкалып атпайбы. Жакында Аскар Акаевичтин оозунан чыгып кетти, эгемендикке жеткенден бери эле Россиядан 153 миллиард орус акчасын алыптырбыз. Эми муну биз эч качан кайтарып бералбайбыз да, чамабыз эч качан жетпейт. Россия өтөле бай экен, биз эле эмес, эски союздагы көпчүлүк республика ошонун эсебинен жашап келиптир. Өзү болсо, өлтүрсөң да 24 миллиард доллар карыз бере тур деп Батыштан кайыр сурап жүрөт. Ал эми өткөн жылы эле башка республикаларга берген жардамы 19 миллиард долларды түзүптүр. Эми алардын да биздикине окшогон патриоттору бар да, алар да бакырып, жер тепкилеп жатпайбы, качанга чейин башкаларды бага беребиз деп.

Ошентип, Россия «кой эми, эсептүү дос айрылбайт, эсептешип жашайлы!» дей келгенде, ачарчылык болоруна аз калып, завод-фабрикабыз токтоп, айрым мектептерибиз жабыларда биз аргабыз кеткендиктен орустун, Россиянын ордуна Эл аралык валюта фондусунун этегине эрмешип, Америка, Жапония өңдүү мамлекеттердин жардамына жармашып жатпайбызбы.

— Чындыгында эле алар башка республикаларга караганда бизге көбүрөк көңүл буруп жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Алар өздөрү деле айтып жатпайбы: «Байкап, тажрыйба жасап көрөлү, биринчиден, республика демократия жолуна түшүп алыптыр, экинчиден анын Президенти ашкан демократ экен, сөз эркиндигин берип салды, оппозицияны эрке талтаң кылып ойнотуп койду, алар менен ат тезегин кургатпай жолугуп турат, чет мамлекетке апарат; анын үстүнө приватташтыруу жолу менен кетебиз деген ниети бекем экен…» Көп эле өлкөлөр, мисалы, Украина деле ошол жол менен кетебиз деп жатат, бирок аларга көңүлсүнбөй турат, анткени аларды алып чыгыш үчүн аябагандай көп каражат керек.

Ал эми Кыргызстан кыздын баласындай болуп кичинекей, эли аз, көп болсо Американын орточо шаарындагыдай калк, буга каражат аз кетет, берген жардамыбыздын акыбети кайтып калса, башкаларга үлгү болот. Дүйнөгө, Жакынкы, Ыраакы Чыгышка, Орто Азияга пропаганда үчүн абдан керек деп жатат да. Туурасын айтсак, ошол эле Акаевдин кадыры менен ошентүүдө. Болбосо, 100 миң тонна буудайды бекер берип, анысы аз келгенсип, Одесса менен Прибалтика портторуна бекер жеткирип тургудай Америка бизге карыз беле? Же болбосо биз Америкага арка-бел болуп беребизби? Баягы Россия дүйнөгө коммунизм курам дегендей, Америка дүйнөгө либералдык демократия курам деп жатат да.

Ал өзүн бүт дүйнөнүн агасы, кожоюну, адамзат үй-бүлөсүнүн башчысы сезип алды, үй-бүлөнү тынчтыкта кармоо жолу демократиялык жол экендигине көзү жетип турат. Муну деле баалаган киши жок. Же болбосо, Россиянын эки жылда 153 миллиард орус акчасын бергенин баалаган кайсы кыргыз бар? «Ой, ушу бечара орустар өзү кыйналып турса да, бизге ушунча жардам берип ийиптир» деген кимди көрдүң? Анын сыңарындай Америка өзү деле кыйналып жатат, анын элинин деле оозу бар, ичет, жейт, ашказаны биздикинен жакшы иштейт… Же Эл аралык валюта фонду жардам берип жатса, ага да бакырып турбайбызбы: бизди колония кылып алмай болду деп. Биз колония болбогондо эмне, башкаларды колония кылат белек? Колония болбой койбойбуз, же Кытайга, же Россияга, же Өзбекстан, Казакстанга, айтор, бир чоң өлкөгө колония болобуз. Күнкор болбогон кичинекей эл жок!

Же болбосо, «алтын эле алтын» деп айкырсак, үнүбүз ааламга угулду го. Чындап карай келгенде, 1 тонна ташты эзсең, 4 грамм алтын чыгат экен. Бүт кыргызды чогултуп койсоң, 1 тонна ташты бир жылда араң талкалайт балка, чот менен. Ушунусун ойлой келгенде, иштебей эле коё турган жумуш. Анын үстүнө тетиги эле тоонун чокусунда экен. Мынабу Өзбекстанда түз жерден, кумдан элеп алат. Жылына 24 тонна алтын чыгарат экен. Такпы, так эмеспи, билбейм, угушума караганда, чет мамлекеттер банкесинде 300 тонна алтыны бар имиш. А бизде болсо 50 жылда 451 тонна алтын араң дегенде өндүрүлөт турбайбы.

Америка болсо алтын чыга турган түз жерлердин баарын ээлеп алган. Анан конкуренциядан четте калган Канада камбагал «тооңорду эритип берели, баланчасын силер, түкүнчөсүн биз алалы» десе, баягы патриотторубуз бакырып атпайбы: «алдап кетти эле алдап кетти». Эми алдаса алдаар, бизди ким алдабай жүрдү эле, ушу алтындан башкасынан эле алдатпай жатабызбы?!

— Албетте, Сиздин күйгөндөн айтып жатканыңызды түшүнүп турам. Башкалары, бардан да өзүңүз бакырчаак патриот атап жүргөндөр туура түшүнөбү, түшүнбөйбү, ай, шегибиз бар, шегибиз бар. Ксенобофия деген балакет бизге окшоп көз ачканы тоталитардык системанын торунда чоңойгон, рынок мамилеси дегенди түшүндө да көрбөгөн калктардын оорусу тура. Дүйнөдөгү эң орошон журт орустар деле «алдап кетти, тоноп атат» деп айгай салуу үстүндө. Албетте, анын да өз жүйөсү бар чыгар. «Бирөөнүн каны — бирөөнүн жеми» деген сооданын салты да, демек соодадан суудай таза, акактай тунуктукту күтүүгө мүмкүнбү? Ачыгын айтыш керек, канчалык сөксөк да, социализм учурунда элдин жалпы турмушу, мисалы, азыркыдай итке минип калган эмес. Эмне үчүн?..

— Аны жогор жакта аздыр-көптүр айтып өтпөдүкпү. Ошентип, бизди ойнотуп, бизди тойлотуп аткан Россиянын жардамы жок болуп калды. Социализмдин тушунда бизди алпештеген ким эле дегенде, орустун нефтедоллары деш керек.

Россия Брежнев тушунда он жыл бою алиги куур (труба) менен нефтисин батышка арзан-арзан айдай берип, 800 миллиард доллар алыптыр, анын 600 миллиардын коргонуу ишине, ракета, курал-жарак, анака-мынакага уруп жиберип, 200 миллиардына Кубанын кантын, Индиянын чайын апкелип дегендей, жалпы эл жыргалчылыгына жумшаган экен. Элди жыргатуу максатында Америкадан буудай сатып ала берип, ар бир айылга апарзан унду жыйып салбадыбы. Же болбосо, чөп май. Анын да 60 процентин четтен алчу экен, ал апарзан болуп, дүкөнгө кылкылдап батпай турат. Анан ким зыгыр эксин? Же Кубага металл-сеталл, согуш техникасын ж.б. берип, анын кантын жайнатты. Кубанын арзан канты турганда кызылча айдап эмне кереги бар деп чыктык.

Кызылчаны жоюп, маңдайга бүткөн беш кант заводду талкалап, кызылча эгип, жыйнап, иштете турган техникалардын ишпалдасын чыгарып талаага таштап, элди кызылча эгүү, багуу маданиятынан, бизче айтканда, өнөкөтүнөн, тажрыйбасынан өксүтүп чыга бердик. Нефть болсо суудай агып турду, төгүп аттык, чачып аттык, анткени — итбекер. Машинелер аяк-быякка чымын-куюн каттап турат. Ошко күнүнө 17-18 самолет учат, ошондо да билет табылбайт, поездге болсо түкүргөн эддин баары, эч ким түшпөйт. Кыргыз баласы үй-жайга байыр алганды унуткан, шуулдап эле арак издеп ары-бери чаап жүрөт. Анан той берет. Бирөө өлүп калса, 6-7 бээни союп таштайт, 3-4 күн иш болбойт, бир айыл жүрөт ошонун тегерегинде…

Мындай байкерчилик кайдан келди? Дагы айтам, орустун нефтедолларынан. Ошол нефтедоллар айланып келип, Советтер Союзунун да башын жутту. Анткени 80-жылдын башында нефть арзандай баштады, демек, доллар баягыдай акпай калды, анын үстүнө Горбачев менен Лигачев аракты азайтып, тукумду тазартабыз деп, бюджетти бери калганда 50 миллиард сомго отургузуп салды. Бул эми бизге окшогон карапайым калк билген, кул билген мисал, а бай билгендери канча?

Ооба, Советтер Союзу соолгус бай болчу. Бирок ошол байлыгын, байлыктан түшкөн пайданы өндүрүшкө, мисалы, завод-фабриканы жаңылаганга, технологияны, агротехниканы өркүндөтүүгө жумшабай, бу элди бир жыргатып салайын деп, өзү өндүрбөй, даяр оокатты сатып келе берди, анысы менен чын эле элди жыргатты. Бирок жаратылыш байлыгын кашыктап эмес, чакалап чачты, адамдардын профессионалдык квалификациясын мокотту. Анан сатып келе берүүгө чамасы чак болуп калганда Союз түштү, ал антип аткандан кийин анын оң, сол колтугунда араң жан жашаган коммунисттик өлкөлөр жөн эле өчөйүп отуруп берди.

Ошол республикалардын ичинен эң эле начары, эң эле жармачы биз — Кыргызстан экен, биз биринчи түштүк. Эми ушунун өзү анчалык деле ой чайкоону талап кылбайт, ашынган демократтарыбыз, жашынган партократтарыбыз ага болбой эле «биз тигинтет элек, биз минтет элек, баарын Акаев кылды» деп жатпайбы. Мен айтар элем, Акаев эмес, Акаевдин ордуна Гитлер менен Сталинди, Тургут Озал менен Людвиг Эрхардды, Каримов менен Назарбаевди кошо алып келип, же ошолордун баарын бириктирип башкартып койгондо деле биз ушул акыбалга түшөт болчубуз.

Бул объективдүү шарт, муну түшүнүш үчүн билимдин деле кереги жок, антейин десең, академиктериң да түшүнбөйт, айла кеткенде алиппеге кайра баштан түшөт экенбиз да.

Социализм учурунда жашоо жакшы эле деп жатпайсыңбы. Жакшы болчу. Азыр турмуш начарлап кеткени тышкы жардамдын жоктугунан болуп калды. Россиянын жардамы эми кайталанбайт. «Застой» деп койгон убактагы, эсил кайран Брежневдин заманындагы деңгээл биздин тарыхый өнүгүшүбүздөгү эң мыкты, мүмкүн, эч качан кайталанбас мезгил болуп кала бериши ыктымал. Дегеле бүт совет эли үчүн. Андай арзанчылык, молчулук эч качан болушу мүмкүн эмес, молчулук болсо дагы андай арзанчылык эч качан кайталанбайт деп көкүрөккө куюп, мурутубузга түйүп алганыбыз оң.

Ал замаңды эңсеп, кусаланып, сагынып, самай бериштин менимче, кымындай да пайдасы жок, ал кайрылбас доор, кайталангыс кокустук болуп калды…

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Салижан Жигитовдун сабактары» китебинен