ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: ӨЗҮБҮЗДӨН БАШКАНЫН БААРЫНА НААРАЗЫБЫЗ (1-САБАК)

— Чарба жүргүзүүнүн социалисттик механизми элди эмгек маданиятынан алыстатып койду дегендей ой айттыңыз. Бир аз конкреттештире кетесизби?

— Мына, эгинге келели. Кыргыздар согуштан кийин жемди деле, нанды деле өзү даярдап алчу, соко менен айдачу, орок менен оруп, чийне менен ташычу, молоташ менен майкандап басып, данын өзүнчө, саманын өзүнчө бөлүп, анан ар бир айылдын тегирмени же эки үйдүн биринде жаргылчак болор эле, ошого тартып ун кылып алчу.

Зыгыр же чемичке айдап, май чыгарчу. Кант менен болсо өзүн түгүл, башкаларды да камсыз кылып жиберчү. Айтор, мындай мисалдар көп эле. Мына ушундай элди совет өкмөтү «алма быш, оозума түш» деген абалга келтирди. Бардыгын мамлекеттештирип жиберди, атургай адабият менен искусствону да, үйдү мамлекеттен алабыз дешип, үй да салбай калышты, кыскасы, эмчектеги баладай кылып мамлекеттешкен элди иштеп чыкты.

Биздин айылда жар көп, жар боорун тешип, жалаң эле чыйырчык, таан, алар-булар ийин салып, уя жасап алат. Ошол уядан башын чыгарып, «ча-айк, ча-айк» деп оозун ачып, жем сурап отурган балапандарды көп көрөр элем. Совет өкмөтү эл милдетинин баарын мойнуна ала берип, элди так ошондой кылып салыптыр да. «Жашап эле берсең болду» дегенге чейин барбадыбы!

Азыр байкасаң, көпчүлүгү жер иштетүү тажрыйбасын да унутуп коюптур. Мисалы, өмүр бою өзүн-өзү багып келген биздин айыл 59-жылдан бери эгин айдабай калган экен, былтыр биринчи айдап, жаздык деп күздүктү сээп салыптыр. Эккенин күздө оруп алалы десе, орок жок, техника жетишпейт. 10 гектар дан кар алдында калды дейт. Быйыл соко таап алышыптыр, сокого чегели десе, колхоздун аты жок, өздөрүнүн килеңдеген, килеңдеген менчик айгырлары бар, улакка салып жүргөн мыкты аттары бар, аны салгысы келбейт, сөзсүз колхоздун арыктаган, жүрбөй калган аттары салынышы керек, колхоздун атын эч ким аябайт.

Мына ушундай көнүмүш кыргызчылык — «алма быш, оозума түш» маанайы деп коёлу, «шок терапиясы» келгенде (а «шок терапиясы» дегенибиз, өзөртө муштап, анан оозун үйлөп, мурдун үйлөп, кайра эсине келтирип алабыз деген кеп да) эндиреп, эси ооп отуруп бербедиби. «Шок терапиясына» кирбей коё албайт элек, анткени тегерек-четибиздин баары кирип кетти. Россия бааны агытып жиберди байлоодогу кабанак иттей кылып. Жана айтпадымбы, карап көрсөк, ачкадан өлгүдөйбүз, аргабыз кетип, Эл аралык валюта фондуна, Америка, Жапония өңдүү тыяк-буякка жабышсак, баягы орусту туурап атасың деп айкыргандар: «эми Россия менен эле турбайбы, эмне рубль зонасынан чыгат» деп, теңирден тескери ырдай баштабадыбы. (Булар негедир өздөрүн «демократ» атап, «патриот» эсептеп алышты. А чындыгында булар контрэлита, бийлик эңсеп, кызмат талашкандар).

Мына ушундай маселелерге келгенде биздин эл көнбөй жатат да. Баягыдай эле жетелеме болуп атпайбы. Эмгек маданияты өнүкпөй, эмгекчилдик психологиясы калыптанбай жатат. Ырас, отурукташып алгандан кийин дыйканчылык биринчи орунга чыгып, мал чарбасы экинчи орунда туруш керек эле. Эмне десе, жерибиз тоолуу дейбиз. Мисалы, Тибеттегидей жерге, деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийик жерге кыргыз барбайт, ошол Тибетте дыйканчылык бизге караганда алда канча жакшы өнүгүп жатпайбы.

Ошентип көпчүлүгүбүз мал деп келиппиз. Мал да жакшы, бирок аны деле мына, айталы, чечендердей, месхет түрктөрдөй бакпайт экенбиз да. Ошон үчүн кыргыз айдап жүргөн малдын саны бар, сапаты жок. Мисалы, бир кой кайсы бир жылдары 16 кг эт берчү экен, азыр канча болуп калды билбейм, бирок кирешесинен чыгашасы көп, котур ж.б. болуп өлүп жатат. 4-5 уюбуз Россия, Прибалтика тараптагы бир уйдун сүтүн араң берет. Тоютту болсо бир сааганда 15 литр сүт берген уйдай жейт. Социализм учурундагы экономика ошол кыргыздын уюна окшош болгон да, жээрин жей берет, жегенине жараша сүт бербейт. Орустун уй сааганын карачы, жедирип-ичирип, ийитип, желинин жууп-тазалап массаж жасап, анан барып кактап саайт. Кыргыз болсо эчкиден бетер желинге бир муштап чала саап кете берет. Эмгек маданияты деген ушу да.

Анан мен баягында айтпадым беле, совет өкмөтү окута берип, окута берип кыргыздын көпчүлүгүн интеллигент кылып салыптыр. Ушу 10 класс бүтүп алган киши эле иштегиси келбейт да. Окуу жайына өтөм деп, куру дегенде үч жылы бош жүрөт. Ошентип кара жумушка мойну жар бербей калат, анан кыйын эле болсо, милийсага барат, себеби, анда кол жоорутуп, бел оорутпайт, оңой оокат, пайда да көп. Же окууга өткөндөрүнүн баары эле бийликке умтулат же мугалим болуп тынат.

Айткаңдарымды кайталабайын, кыскасы, бизде интеллигент көбөйүп кеткен, а интеллигенциядан такыр пайда жок, өзгөчө мына ушундай өткөөл учурда. Мен дайыма айтам, мисалы, менин жазганым, сүйлөгөнүм, кыскасы, кылган ишим деги элге кереги барбы? Кечке какылдап сүйлөп, кечинде такылдап китеп окуп оокат кылып атам. Мени багып жаткан жөнөкөй элге, анан өкмөткө нааразы болгондой кандай акым бар? Мен 200 сом айлык алгандай бир иш кылдымбы? Мисалы, окумуштуулардын айылга эмне пайдасы тийип жатат? Ушунчасы жүрүп, кык чыгара турган электр күрөк ойлоп бердиби? Минтип ой чайкагандар аз. Өздөрүнөн байып кеткен уйдай болуп сүт чыкпайт, а жейин дегенде мөөрөп турат, бу дүйнөгө нааразы болуп. Анан экономиканы да, элди да, эмгекти да, айтор, баарын саясатташтырышат. А саясатташкандар дүйнөгө да, өкмөткө да, акимге да нааразы, оруска да, кытайга да нааразы, жардам бергени үчүн Америкага, Валюта фондусуна да нааразы. Бир гана өзүнө нааразычылык жок.

Албетте, биздин өкмөт кыялга чапчаң, ишке ыкчам болалбай, тажрыйбасыздык кылып жатканы чын. Чет мамлекеттен келгендер менен да жакшы иштеше албай жатат. Коррупция көбөйүп кетти, өзгөчө администрация системасында, көздөрүн жер тойгузгурлар, айлыгына топук кылбай, пара жагына көп ооп алды. Эми мунун баарын өкмөт өзү деле мойнуна алып жатпайбы. Оппозицияда тургандар деле ушуну кайталоодо, андан башка элди кыйынчылыктан мындай жол менен алып чыгабыз деген бир программасы жок. Болгону Чыңгышевди алып, Жумагуловду же башка бирөөнү коюш керек дегендей эле сөздөр.

Болуптур, Апас Жумагуловичти баш министр кылалы. А кишинин тышкы түрү жамалдуу, элге алымдуу, сүйлөгөндөрү орундуу, ишбилги, чарбачыл, талабы катуу жетекчи деген кадыры бар. Мага да а киши кадыресе жагат. Мен деле мурда аны өкмөт башы болсо деп ичимен каалачумун. Бирок аным карандай иллюзия экен. «Апас Жумагулович баш министр болуп турса, экономикабыз азыркыдай кулабайт эле», — дегендей түшүнүк тек гана өзүн-өзү алдоонун бир түрү. Мына, Апас аксакал үч жылдан бери Чүй облусун башкарып келет. Бизде ар бир облустук аким — өзүнчө эле хан же удель князы.

Борбордук өкмөткө номиналдуу гана баш ийет. Эмне жасайм десе, өзү билет. Демек, Апас Жумагулович казынага — республика кирешесине тең жарымдай үлүшүн кошкон чөлкөмгө бирден бир кожоюн. Бирок ал Чүй облусунун экономикасын мурдагы деңгээлде кармап кала алган жок. Бу чөлкөмдө деле жалпы республикалык темпте өндүрүш чөктү, эл тукулжурады, транспорт кашаңдады, кылмыштуулук күчөдү, паракордук өөрчүдү.

Ошентсе да экономикабыз, элибиз, коомубуз кыйын абалга түшкөнүн жалаң өкмөт башчыларынын өз ордунда отурбаганы менен түшүндүрүп жаткандар ушундай көз көрүнөө фактыга көңүл бургулары келбейт. Алар балээнин баарын Президенттин улуттук акча киргизгенинен жана Эл аралык валюта фондунан кредит алганынан, баш министрдин өз кызматын жакшы аткарбай жатканынан, жергиликтүү акимдердин жармачтыгынан көрөт да, баарын жаңы адамдар (бийлик эңсеп ар кай жерде бакырып жүргөндөр) менен алмаштырып койсо эле өнөр жайдын иши өргө чабат, айыл чарбанын башы өйдө тоголонот, паракорлуктун күнү бүтөт, эл шымаланып иштей баштайт, кылмышкерлер «кой, жаңы чоңдорду уят кылбайлы» деп өз өнөрүнөн баш тартат деп ишенет.

«Жаңылары эскилеринен начар чыкпас бекен?» деп шектенгени жок, Республиканын мурда эле өзүн-өзү бага албай келгенин, азыр деле ошондой экенин эсине алып койгон оппозиционер табылбайт.

Мен азыр эл бийлеп тургандардын иштеринен да, сөздөрүнөн да, түрктөр айткандай, менмун эмесмин. Бирок Акаевди Аманбаев менен, Чыңгышевди Жумагулов менен, Матубраимовду Чапырашты Базарбаев менен, Койчиевди Топчубек Тургуналиев менен алмаштырып койсок эле ишибиз илгерилеп, турмушубуз жакшырып кетерине да көзүм жетпейт.

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Салижан Жигитовдун сабактары» китебинен