ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: «ЭКИ ТӨӨСҮ ТЕҢ ӨЛДҮ» (2-САБАК)

— Салижан Жигитович, тарыхый шарт ошондой түшүптүр, жол билгендерибиз, кол билгендерибиз, иш билгендерибиз негизинен партократиядан куралыптыр. Байкап атабыз, азыркы демократтарга караганда алардын тажрыйбасы мол экен, иштин көзүн таанып, чарба жүргүзүү ыгын жакшы өздөштүрүптүр. Мындай сапаттарды эске албай эле биз, өзгөчө партократтардан демократка айлангандар, аларды өгөйлөп, колдон келсе түйүндүү иштерге аралаштырбоо аракетиндебиз.

Кандайдыр бир партиянын идеяларын жактырганы үчүн кодулоо, биринчиден, демократия принцибине жатпайт, экинчиден антип отурсак, 2,5 миллион кыргыздын канча кадр таза каларын эч ким билбейт. Анын үстүнө партократтар деле заманга жараша өзгөрүп жатат, Тургуналиев кечээки Тургуналиев болбогондой эле Аманбаев кечээки Аманбаев эместир. Артыбыздан таптакыр башка жаңы муун, жаңы адис, жаңы жетекчилер келери шексиз, ошондо деле жолду жол, колду кол билгендер баштайт ко…

— Бийликтегилерди алмаштырса эле «май көл, сүт көл» түшүп каларына ишенбей турганымды айтпадымбы, анын айрым себептерине, айрыкча азыркы экономикалык жагдайыбызга байланыштуу себептерине аздыр-көптүр токтолумуш эттим.

Ооба, бюрократия деген бар, ал — үстөл, кеңсе бийлиги деген сөз. Эл башкаруунун бул системасында иштегендерди чиновниктер деп коёт, бирок чиновниктер эл чарбасында көп деле роль ойнобойт. Илгери бизде, Советтер Союзунун көзү тирүү кезде чиновниктерди аябай көбөйтүп жибердик, айыл чарба институтун бүткөндүн баарын эле чоң кылып салдык. Малдын камын көрүп, мал арасында жүрө тургандар кеңседе отуруп эл башкарып калды.

Жел козуларды көп каттатып койгону үчүн чогулушка барды, орден алды ж.б. ошентип аталып калган алар мыкты жетекчи, мыкты адис деп. Эми алардын ичинен түзүктөрү деле чыкты, кайсы кесиптен болбосун чыгат, бирок мисалы, ушунча көп медиктин ичинен бир дагы райкомдун биринчи секретары чыккан жок да, туурабы? Канткен менен алардын киши менен иши бар эмес беле, анын үстүнө айыл чарба институтуна караганда мединститут ат чабым жакшы, сапаттуу окутчу. Ага караган жокпуз да. Ушу психология дагы эле калбай жатпайбы.

Дүйнөдө адамды бийлик үчүн сыйлайт, байпык үчүн сыйлайт, анан билим үчүн сыйлайт. Биз болсо бийлик үчүн гана сыйлап келдик, анткени бийлик барда байлык бар. Эми мына миллионерлер чыгат, байлар пайда болот, ошолор кадыр күтүп, «колунда токочу бар бала сүйгүнчүк» деп, ошолор сүйгүнчүктүү көрүнөт. Ал эми билими үчүн сыйлоо деген, ачык айтыш керек, азырынча кыргыз баласына жетелек. Кыргыз билимдүү кишини сыйлабайт, тескерисинче, чала билимдүү кишини сыйлайт, «сокур табыпка баары бийдей» деп аларга кандидат болуп алса эле кандидаттын баары бир, доктор болсо, доктордун баары бир, ал эми академик болуп алса, дүйнөдө эң эле акылдуу киши ушу деп эсептейт. Ошентип, бизде чыныгы билимдин кадырына жеткен аз.

Ага жетиш үчүн дагы бир элита пайда болуш керек. Духовный өмүр сүргөн, байлыктын кыныгына түшкөн сыяктуу билимдин кыныгына түшүп алган кишилер чыгышы зарыл. Биз, тескерисинче, ошондой сапат, жышаан байкала калган окумуштууларды баса калып, бийликке пайдаланып жатпайбызбы. Чындыгында алар ошол элитанын түбүн түптөп, өз ишин кылыш керек эле.

— Бизде демократия эмес эле, академократия болуп кетти деп ошон үчүн айтып жүрүшөт да.

— Эми а дагы убактылуу, арга кеткендеги иш болуп жатпайбы. Мүмкүн, кийин эл башкаруу сферасында иштейт деген кишилерди, лидерлерди даярдай турган институттар пайда болор. Мына орустарда бар экен, Европа да бар экен XXI кылымдын лидерлери деген кыймыл. Зээндүү балдардын мектептен баштап эсебин алып, колдой турган фонд уюштуруп, окутат экен, тарбиялайт экен. Жапонияда бар президенттикке окута турган мектеп, эми анын баары эле президент болуп кетпеси белгилүү дечи, болбосо бир эмес, жүз Жапония түтөбү, бирок мамлекеттик деңгээлдеги кадрлар чыгары шексиз. Андыктан биз дагы профессионал саясатчы, профессионал администратор, профессионал чиновниктер кадрларын даярдоо маселесин ойлошубуз керек.

Дүйнөдө ушундай: жөнөкөй элди окуган кишилер башкарат, совет өкмөтү жамандыр-жакшыдыр окутуп койгон экен, ошолордун ичинен эл башылар чыгып атат, мурда коммунист болбосо чоңоё алчу эмес эле, ошон үчүн баары коммунист болуп кеткен, эми демократ болбосо чоңоё албайбыз го деп баары демократ болуп алды.

Эртеңки күнү демократ дегендин коммунист дегендей эле абийири кетип, дагы бир кыймыл, мисалы, либерал деген чыкса, ошолор бийликке келсе, жапатырмак либерал болуп кетери шексиз. Бул эми кыргызга эле змес, жалпы адамзатка тиешелүү көрүнүш. Илгери биздин айылда бирөө: «Экөө төөсү тең өлдү, эми бизге теңелди» деген экен, анын сыңарындай эми «демократ» деген сөз «партократ» менен эле бирдей болуп калды.

Ошондуктан оппозицияда тургандардын бюрократиядан анчалык айырмасы деле жок, бийлик башындагыларды бюрократ десек, ошол бюрократтыкка жетпей, илинбей, алкагына аралаша албай калган билимдүүлөр — оппозиция. Ушинтип эле жөнөкөй карасак, бул маселе чечилет. Ошол бюрократтар жанталашып иштеп атабы, элди билип, мамлекеттин эртеңкисин ойлогон патриотчулугу барбы? Базар экономикасынын механизмдерин кантип, кандай өздөштүрүп жатат? Бул башка маселе.

Сөз патриотчулугу бар, иш патриотчулугу жок

— «Адамды адам кылып турган акыл-эс, ал эми мамлекеттин акыл-эси — патриоттук сезим» деп жазат Валентин Распутин. Көп жылдар бою патриоттук кыймыл басылып келген экен, мына эми ачыкка чыкты, легалдашты. Анан…

— Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык окшойт. Бардыгын кыргыздаштырдык, өкмөт да ойлоду, ушу бардыгын, өзгөчө чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт деп. Эми көрүп атпайбызбы, коюп алган акимдеринин баары болбосо да көпчүлүгү кыргызга күйө турган түрү жок, патриоттор мурда орус деп бакырчу эле, эми кокуй эле кокуй, кытай басып кетмей болду, кыргыздар үй-жайын сатып, Чүйгө көчүп жатат деп бакырып атат.

Аларды качырбай, чарбаны заманга ылайык уюштуруп, иш менен камсыз кылып (Швециянын премьер-министри Улоф Пальме маркум согуш жана табият кырсыктарынан кийин эле элдин корккону ишсиз калуу деп кан какшачу), приватташтырууну адилет жүргүзүп дегендей кыргызга чындап күйгөн аким кайда?

Жергиликтүү карапайым калк алчуларды башкалар сатып алып жатат дейт. Сатып алган деле ошол акимдер, анын орунбасарлары, урук-тууган, жек-жааттары, анан параны көп бергендер да, туурабы? Калганы бир чакан ишкана сарай ачайын, иштетейин, бирөөлөр арзан алганды мен деле алайын деп барса, аким макул болбойт, себеби парасы жок, кыргыз жарды, эмнесин берет эле? Аларды алдыга сүрөп, жеңилдик берип, жөлөп-таягандын ордуна кулкунду чертип отурбайбызбы.

Мына, Чүйдө, Сокулук районунда кыргыз көп болсо 17-18 процентти түзөт. Бирок анын акими дагы, эки орунбасары дагы кыргыз. Алар орус болсо кыргыз эли небак эле «чоң казат» ачмак, орус эли чоң эл экен, унчуккан жок. Кеп, албетте, анда эмес, кеп алар ошонусу менен утуп жатканыңда. Мисалы, ошол эле приватташтыруу, ошол эле бирдеме ачып иштетүү жагынан. Кыргыздын колунда эч нерсе жок, башкалар алып кетип атат, пара деген улутка карабайт, ким көп берсе, ошонукун ала берет, ошонукун аткара берет. Күйгөндөн айтасың да, алардын ордуна орустан коюп койсо, «кокуй, оруска жантартып, кыргызга бут тосуп жатат деп айтпасын» деп, ошолор кыргызга көбүрөк иштемек.

Акимдердин кандай, кантип жеп жатканын албетте мен далилдей албайм. Бирок артынан сөз ээрчибеген аким аз. Мисалы, А.Жумагуловдун пара жейт деп артынан сөз ээрчигенин уккан жокмун. «Жер кулагы жети кат» дейт, элдин кулагы жетимиш кат. Элдин айтканы илгери деле, эми деле чындыкка чыгып атпайбы.

Ак үйдөн, министрликтерден баштап, айыл-апа билермандарына чейин бүт кыргыз болду эле, бирок ишибиз оңолбой, элдин турмушу төмөн түшкөндөн төмөн түшүп баратпайбы. Кана, патриотчулугу кыргыздын?

Оппозициябыз болсо өздөрүнөн эч кемчилик көрбөй, жалаң эле өкмөт менен Президентти омуроолойт. Мисалы, премьер-министрдин орус же өзбек болушу биз үчүн канчалык мааниге ээ? Албетте, кыргыз болсо эң жакшы, бирок иш билген киши туруш керек да. Эң негизгиси: өзүбүздүн граждандарды улутуң башка деп өгөйлөп, нары жакка түртүп атпайбызбы. Бүт эле баарыбыз өгөйлөйбүз, Жогорку Совет өгөйлөйт, гезиттер өгөйлөйт, чогулушка кошпойбуз, кошсок, кыргызча үйрөнө элек элге которуп бербейбиз.

Демократтар биринчи конгрессине башка элден да чакырган экен, же которуп бербейт, алар отурду, отурду да чыгып кетти. Анан демократия куруп салдык, демократиялык өлкөбүз дейбиз. Патриотпуз дейбиз, патриот деген грекчеден жердеш, мекендеш деген сөз эмеспи.

Менимче, министр, аким ж.б. дегендерди койсок дагы алысты көрө билген, элди, мамлекетти ойлогон патриот кыргызды койбосок, бийлик үзөңгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, элдин эсебинен той уюштуруп, элдин эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин бири кожодой колдоп, өздөрүнчө өзгөчө бир катмар болуп алган кыргыздын атка минерлери заманды да, турмушту да оңдоп жыргатпайт.

Ал эми идея жүзүнө келгенде, албетте, биз Кыргызстандын бир калкыбыз деп, эч кимди өгөйлөбөй, кыргызы болобу, өзбеги болобу, орусу болобу, дунганы болобу, айтор, республика үчүн иштеп бере турган кишилерди койсок жакшы болмок. Биз патриот болбосок, биз менен кошо жашаган башка элдердин бардыгын патриот кылбасак, ишибиз кантип жылат?

Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мисалы, аксиома сыяктуу сөз бар: кыргыз 53 процент дейт. Каерде 53? Нарында — 99,9, Ошто — 70-80, Таласта — 90 процент, Көлдө деле ошондой. Эми Нарында кыргыз тили деген проблема болушу мүмкүнбү? Кыргыз тилинде эле жаат-жаат болуп кырылышып атат ко.

Суусамыр эли 100 процент кыргызы бар Жумгалга кошулбай, Чүйгө кошулабыз деп качып жатпайбы. Же кыргыз тили проблемасы Таласта, Ошто, Ысык-Көлдө барбы? Жок, болсо 26 процент орусу бар Чүйдө болушу мүмкүн. Ошондо да Токмок, Бишкек, Кара-Балта өңдүү шаарларда. Аларда канча кыргыз жашайт жана кыргыздын жалпы катышынын канча процентин түзөт? Аны ойлогон патриот жок.

Мен айтар элем, республиканын алдында экономикалык, социалдык чычкан мурду өрдөгүс чытырман маселе турат. Ага биздин патриоттор, демократтар кол кабыш кылуунун ордуна арзыбаган идеологиялык маселенин бир бутагын көтөрүп алып, кайра жолтоо болууда. Демократтардын кылган кызматы митинг уюштуруп, ачкачылык жарыялайм деп коркутуу, патриоттордун кылган кызматы элден акча чогултуп, той өткөрүү гана болуп калды өңдөнөт.

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Салижан Жигитовдун сабактары» китебинен