ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: СУРАГАНЫБЫЗ ЖАРДАМ, БЕРГЕНИБИЗ ТОЙ (3-САБАК)

— Той демекчи… Демократиянын деми менен республикалык масштабдагы юбилейлер, атактуу адамдарга арналган тойлор байма-бай            өткөрүлүп жатат. Менин байкашымча, эл жаңы башталганда жабыла колдоп чыкты эле, эми жадагансып калды. Канткен менен негизги күч ошолорго түшүүдө. Басма сөздө да, жай чарба сөздө да ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Бир даары айтат, 70 жылы совет өкмөтүнүн көрчеңгелинде келген ата-баба тарыхыбыз акталып, такталып атса, анан кантип майрамдабайбыз деп. Бир даары бул ар кандай айылдардын, ар түрдүү уруулардын амбициясына айланып кетти, эч ким ага реалдуу баа берген жок, кандайдыр топтор топтошуп алып, элдин сокур намысынын эсебинен той өткөрүп жатат дейт. Буга сиздин пикир?

— Мен муну айтып да, жазып да келатам. Өгүнү экөөбүз маектешкенде да учкай токтолсом керек эле. Этнократтар менен патриотторго жаман көрүнүп бүттүм.

Эми мындай. Заман кыйын болуп турат, эл турмушу начар. Аны бир ооздон моюнга алып жатабыз, өзгөчө оппозиция муну өкмөткө каршы курал кылып алып, тамагы айрылганча өкүрүп атпайбы. Ой, ушу эл турмушу ирденгенче тойду коё туралычы деп бирөө айткан жок. Эгер өкмөт айтса, небак бакырып чыкмак: тарыхыбызды басып, улуттук сезимибизди өчүрүп жатат деп. Ошентип, тойго тойбой койдук. Курманжан датка, Балбай баатыр деп эле той өткөрүп атабыз. Шапак баатыр деген чыкты, анын кандай баатыр экенин, мисалы, мен билбейт экем. Айтор, ар бир айылда баатыр көп экен.

Акыл токтотуп карап, ойлоно келсек, эмне баатырдык кылыптыр? Ич-ара согушуптур, б.а. кыргызды кыргыз кырыптыр. Балбай баатыр сарбагыштар менен согушкан, Шабдан баатыр азыр патриоттор өздөрү жаман көрүп аткан орустарды ээрчитип келген. Курманжан деле ошолор сыяктуу. Мындай карай келсек, орустарда императорлор көп, мивдеген жыл мамлекеттик тарыхы бар Кытайда бүт эле император. Орустун омоктуу мамлекет болушуна көп эмгек сиңирип, Түркия менен тынбай согушуп, Польшаны үч жолу каратып, көп жерлерин бөлүп алган Екатерина II, менимче ушу Курманжан даткага жакындап барса керек, анын тоюн деле же немистер өткөрө элек, же орустар өткөрө элек. Эми мындай мисалдар тарыхта көп да.

Эгер реалдуу карай келсек, революцияга чейинки кыргыз баатырлары совет доорундагы биздин баатырлардан ашкан «баатырлык» кылып жибербептир. Мисалы, Чүй өрөөнүн бүт бириктирип бийлеп турган баатыр болду беле? Болгон эмес. Ага караганда Апас Жумагулович бириктирип бийлеп турбайбы. Же болбосо Курманжан датка бүт Түштүктү бийледиби? Жок, өзүнүн эле Гүлчөсүнөн узаган эмес. Ага караганда Санавар Бахапова Ошту — Кыргызстандын жарымын бийлеп турду го. Жумгалбек Аманбаев Ысык-Көл менен Нарынды кошуп башкарды, ага Боронбай да, Ормон да, башка бирөө да жеткен эмес. Ал эми Ж.Абдырахманов, И.Раззаков, Т.Усубалиев сыяктууларды айтпай эле коёюн. Алар мамлекет башкарган кишилер. Ушундай чен-өлчөм менен карасак, революцияга чейинки бүт баатырларды чогултуп келгенде жалгыз Усубалиевге жетпейт. Андыктан ушунун баары бир айылдын, ашып кетсе региондун амбициясы дегенге кошулар элем.

Эми баатырларыбыз бүтүп, эпоско өттүк. Эл кыйналып турат, эмдиги жылы мындан да кыйын болот деп Президент баш болуп, баары айтып жатат, а биз болсок, 1994-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрөбүз деп чамынуудабыз. Ага ООНдон жардам сурайбыз, Түркиядан сурап атабыз, элден сурап атабыз. «Өзүңдүн эчтемең жок болсо, бирөөдөн жардам сурап да той өткөрчү беле?» деген киши жок. «Манастын» 1000 жылдыгы 1948-жылы өтөт деп өтпөй калган, андан бери күткөн, дегеле 1000 жылдан бери күтүп келаткан «Манас» 2000-же 2050-жылга эптесе да күтө турат эле го. Ага чейин экономикалык жактан тирденип алышыбыз мүмкүн беле? Сөзсүз эле бороондуу күнү өткөрүшүбүз керекпи?

— Угушубузга караганда,аны финансылык жактан жалпы эл, чарба, ишканалар, ар кандай фонд, уюмдар, айрым ишкер адамдар катуу колдоп жатат дейт ко…

— Колдобогондо эмне кылат? «Кагылайын эл, Манастан аянба!» деп турса, уялганынан деле аянбайт, ачка калса да акыркы ырыскысын берет. Анын үстүнө Манастын атын жамынып, кыргыздын кытыгылуу, талуу жерине тийип, сокур намысына ойноп атпайбы. Ошо чарбалар, ишканалар анча каражатты кайдан алат? Өздөрү өчөйүп мамлекеттин мойнунда отурат, мамлекеттен алат, элден алат. Элге болсо жылдап айлык бербейт. Ошолор күчөтүп атат да коомдук кырдаалды…

— Кечиресиз, мына бүгүн эле сиздин үзөнгүлөш окумуштуулар К.Асаналиев, К.Артыкбаев ж.б. 46 кишинин колу коюлган кат «Слово Кыргызстана» гезитине (29-сентябрь) жарыяланды. Кат Президент, Премьер-министр, экономика, эл агартуу министрлерине багышталган экен, «Манастан аянба, калайык!» телемарафону жөнүндө минтип жазышат: «Ар бир райондо ондогон боз үй тигилип, көптөгөн мал союлуп, дасторкон үстү тирелип, ат чабыш, эр оодарыш ж.б. уюштурулуп жатат. Кыскасы, бийлик билермандары биринен бири ашып, «Манастан аянба, калайык!» деген сүрдүү сүрөөн менен ансыз да жукарып турган элдин жонун ого бетер жукартууда….

Акыркы жылдары мындай тойлордун канчасы өткөнүн санаш кыйын болуп калды. Ал тойлорго ошо бийлик башындагылардын бирөө бир тыйын чыгарды бекен? Мындай дүңгүрөгөн тойлор дагы эле болсо үйүндө үрүп чыгар ити жок, бирок бардыгын көтөрүп көнгөн көкүрөгү баатыр карапайым калк эсебинен өтүүдө…»

— Ушуларды качантан бери какшап атып тилим тешилсе, булар эми араң ойгонуп атпайбы. «Этнократтык экстазга» ууккан ушул эле кыргыз интеллигенттери мени «эл душманы», «нигилист» кылып чыгарышканын өзүң билесиң. Өздөрү көрүп, көздөрү жетип турган чындыкты тайманбай ачык айтып, элге жеткирүү, түшүндүрүү, ошону менен коомдук пикир тарбиялоо интеллигенциянын милдети эмеспи. Биздин интеллигенция антпейт, өздөрү аткара турган ишти деле кагаз алып, калгандарына кол койдуруп, Президентке жазат. Президент эми «той өткөрбөгүлө!» дейт беле?

Ал эми жанагы фонд, коомдук уюм ж.б. дегендин баары эле элдин мойнунда отурбайбы. Эл ыргалып араң турат, өздөрү да айтып атат, сөгүп атат Акаевди, ушундай абалга жеткирди деп, анан эле эмне көп? Фонд көп: «Түгөлбай ата», «Шабдан ата», баланча ата, түкүнчө ата, жаштардын фондусу, балдардын фондусу… Мен муну мындай элестетем: арыктап араң турган элдин денесине жабышкан кене сыяктуу, бит сыяктуу. Жабышып алып канын соруп жатат да.

Андай фонддордун кыргызга деле пайдасы жок. Мына «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловдун талашын окуп атабыз го. Маселен, ал экөө 1992-жылкы 2-декабрдагы өз чогулушунда өз абийирин өздөрү төктү. Талашы ушул: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-бияктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып жок, 7 эле процентин дейт экен. Мисалы, Бобулов Президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип, жок жерден пайда таап турса, кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганынды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп.

— Анткен менен андай маселе өкмөттүк деңгээлде чечилип жатат да.

— Эми өкмөттү деле түшүнсө болот: алар чочулап турушат, улуттук намысыбызды басынтып жатат деген сөзгө калабызбы деп. А чындыгында ачык эле айтыш керек болчу: өзүңөр көрүп атасыңар, эл кыйналып, тукулжурап турат, кыргыз барда «Манас» бар, ал эч качан өлбөйт, жылдыра туралы 2000-жылдан нары деп. Түшүнөт эле ким болсо да. Мисалы, эл аралык валюта фонду өз акчаңарды чыгармайынча жардам бербейбиз дегендей шарт койбодубу, анын сыңары алар тоюңарды беш жылга токтотмоюнча жардам бербейбиз деген шарт койсо болмок экен деп ойлоп кетем. Ошондо кичине ойлонот беле? «Керкисинде да бар, кемигинде да бар» дегендей, ушуга келгенде албетте, чоңдорубузда да бар, бирок мындан кыргыз интеллигенциясынын уяты жоктугу өзгөчө билинип атпайбы: биягында сел жүрүп, жер титиреп, эл өлүп атса, тиягында ат чаптырып, той берип атат, «пир во время чумы» деген ушу да.

Дагы бир сөздүн ыңгайы келип турат, Аскар Акаевичти баскан турганынан өйдө «Республика» гезитине сындап турган кол сынчысы бар эмеспи, Нарын Айып деген. Ошол өгүнү жазып жатпайбы, бечара кыргыз Айтматов элчи болуп кеткенден бери «Манасты» бетине кармап калды, ушундан эле билинип турбайбы, дүйнөлүк өнүгүштөн бечел калган эл экени дегенсип.

Анан калса «Манастан» башка, мисалы, «Согуш жана тынчтыгыбыз» болсо жаман болуп кетчүдөй мамиле жасайбыз, рухий турмушубузга деле, практикалык турмушубузга деле. Самолет ойлоп чыгарган, машине жасап, поезд жүргүзүп, ракета учурган, дүйнөлүк өнүгүшкө ошондой иштери менен өлчөөсүз чоң салым кошкон элдер деле жөн эле жүрөт деп ойлонбойбуз.

Албетте, «Манасыбыз» жок болуп калса эмне кылат элек, сыйлайлы, үйрөнөлү. Ал деле эпостун түрүнө кирет, улуу эпос экен, элибиз жаратып коюптур, ыраазы бололу. Бирок бардык нерсенин чеги бар да, менимче, Нарын Айып деле күйгөнүнөн айтып жатат…

(Уландысы бар)

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Салижан Жигитовдун сабактары» китебинен