ЖИГИТОВ Салижан: САЛИЖАН ЖИГИТОВ: ЖАШООГО ЖАРДАМ БЕРГЕН БИЛИМ… (5-САБАК)

— Салижан Жигитович, республика экономикасы минтип жарга жабышып турат, ушул абалдан кантип чыгабыз деген маселеге келгенде кийинки күндөрү билим аркылуу чыгабыз деген пикир күчөп кетти. Ага Президент Москва гезити аркылуу «колубузда жалгыз көзүрүбүз бар, ал — жаштарыбыздын билим деңгээли» дегендей жем таштап койду өңдөнөт. Ушул маселеге Сиздин оюңуз канай?

— Албетте, дүйнөдөгү элдин көбү артта калуучулуктан билим аркьшуу, алдыңкы технология аркылуу чыгып атканы чын. Бирок билим дегендин да билими бар. Биз кантип билим алдык жана кандай билим бердик? Бейиши болгур, совет өкмөтү элди зордоп жүрүп билимдүү кылам деди: баштаганда эле баарын 4-класска чейин милдеттүү түрдө окутту, анан 7-ни бүткөрдү, анан кокуй, бу техника татаалдашып кетти, өзгөчө аскерге барган балдар өтө татаал аскер техникасы менен иштей турган болду, ошон үчүн орто билим берели деп онунчуну бүткөрдү. Андан кийин баарын эле кадрлар чечип салат экен деп, кадр даярдоо максатында жогорку окуу жайларынан окутту. Кыскасы, билим алганга толук мүмкүнчүлүк түздү.

Бул эми ошол мүмкүнчүлүктү кандай пайдаландык деген маселе да. Ошого келгенде, албетте, кыргыздар билимге катуу умтулду десек болот, анткени билим аркылуу адам боло турганын, жан кыйнабай оокат кылууга мүмкүн экенин көрүп-билип, көбүнчө кара жумуштан качып билим алууга бой урду. Жана айтпадымбы, эгер билим алуу чын эле «ийне менен кудук казгандай» татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак.

Мисалы, бизде орто мектепте окуш оңой болду: айыл чарба жумушу деп күздө 2-3 ай, төл, сакман деп жазда бир ай окутпайбыз, сасык тумоо чыга калса, суук катуу болуп кетсе мектеп жумалап жабылат, анан чейрек сайын каникул беребиз. Мына эми «көмүр жок» деген шылтоо чыкты. Ошол эле учурда белгилеген программанын баары өтүлүүгө тийиш, ордунда экинчи жыл калган бала болбош керек, процент деген бар, демек, «2» койбош керек ж.б.

Анын үстүнө советтик окуу китептери начар деп орустар өздөрү айтып жүрбөйбү, аны биздин кыргызчага которгондо ого бетер кунарсыз, түшүнүксүз, ыгы жок татаал, тили орустуку эмес же кыргыздыкы эмес. Аны айтып, жазып атып жададым. Жаңы реформаторлор «реформа эле реформа» дейт, эмнени реформалаш керектигин өздөрү да билбейт. Негиздүү билим бериш үчүн эң оболу окуу китептерин жакшыртыш керек ко. Себеби, мугалимди жакшыртыш кыйын, ал канткен менен тирүү киши. Окуу китептерин жакшыртканда да, — илгери агартуу министрлигинин кишилерине да айттым эле, — мисалы, математика дүйнөнүн кайсы тилинде жакшы жазылган, оруста, түрктө, өзбекте кандай, жапондор эмне кылып окутуп атат деген сыяктуу маселелерди коюп, тандап, ылгап которуш керек. Которбосо, кыргыз өзү жазам дегенде эле бузат, өзүбүздүн кыргыз адабияты, тили боюнча канча киши жүрүп, бир өрнөктүү окуулук жазалбай койдук, анан математика менен физиканы жазып жибереби? Же компьютерди жазып береби?

Эми мугалимдерибизге келсек, биринчиден, алардын билими начар, ишине кайдыгер, экинчиден, ар бир айылды өзүнөн чыккан мугалимдер гана окутат, эч кими көчүп-конуп жүргүсү келбейт, башка жакка барбайт, райОНОго, облОНОго пара берсе да өз жеринде калат, агартуунун аткаминерлери мугалимдерди «башка жакка которуп жиберем!» деп коркутуп, омуроолоп жатканын көп көрдүк ко.

Анан деректирлердин басымдуу көпчүлүгү пара берип деректир болуп алышкан. Өзүм окуткан балдарымды байкасам, жакшы окугандарынын баары эле мугалим, эптеп-септеп бүткөндөрү деректир экен. Деректирлер айылда эмне кылат? Жоро уюштурат, бүтүрүү экзамени жакындагандан баштап, бир-эки ай балдардын эсебинен ичип-жейт. Балдарыбыз ошентип бүтүп атпайбы мектепти.

ВУЗда деле ошол. 600-700 кишинин ичинен билбеген, жүрбөгөн, бирок параны басып берген алтымышын тандап алат. Албетте, арасында зиректери жок эмес, бар, бирок алар деле тааныш аркылуу же акча берип өткөндөр. Анан эмне? Баягы эле айыл чарба жумушу, баягы каникул. Мугалимдер болсо жылына 4-5 ай отпускалап, жыргалдын үстүндө. Ошентип мугалимдер да окутпайт, балдар да окубайт. Бүтөт. Бүткөндөн кийин тааныш-туунушунун аркасы менен аспирантурага кирет, кандидат болот, доктор болот.

Ушинтип сан жагынан карай келсек, Кыргызстанда кыргыздардан ашкан билимдүү эч ким жок. Мисалы, республикада жашагандардын санына жараша проценттесек, кыргыздын жогорку билимдүүлөрү орустан да, дунгандан да, немистен да көп. Ошол жогорку окуу жайын бүткөндөр, же болбосо илимдин кандидаты, доктор болуп алгандар жашоого келгенде дунгандын алтынчы классты бүткөн баласына уттуруп коюп жатпайбы.

Рынок экономикасында аябай байкалып калды го, алар же өндүрүштү уюштура албайт, же өзүнчө бирдеме ачып, өзү жакшы жашай албайт. Анан эле өкмөттү «бер эле бер» дейт. Жашаганга жардам бербеген билимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей, үстөккө-босток ВУЗ ачабыз, Ошко, Жалал-Абадка… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт. 2,5 миллион элдин 1 миллионун билимдүү кылып, эл башкартып койсок, кимиси иштейт? Анын үстүнө рынок экономикасынын шартында жетекчи кадрдын көп деле кереги жок болуп калат.

— Демек, азыркы шартта илим-билимдүү болуштун зарылчылыгы жок деп ойлойсузбу?

— Антип ойлобойм, мындай билим бергенден көрө бербей койгон оң деп ойлойм. Илим-билим, баланча-түкүнчө дегенде биздин азыркы илим кризисте экендигин эске алышыбыз зарыл.

Мына эки жылдын жүзү болду, өзүбүз өгөйлөп аткан орус тилиндеги илимий-техникалык адабият республикага түшпөй калды. Советтер Союзунун көзү тирүү кезде бардык жерде чыккан китептерди «сөзсүз берилүүчү нуска» — «объязательный экземпляр» деп, республикалык китепканага 20-30дан жиберип турчу, ал токтоду 1-сентябрдан. Орусча журналдар келбей калды, англисче адабияттар небак эле токтогон. Бул эми агарып-көгөрөм деген адам үчүн кислород жетпей калды деген кеп да. Бирок гезитке жазып же бир эл чогулган жыйында «ушинтип отурсак, таптакыр эле артта калабыз го» деп ыйлап чыккан окумуштууну, интеллигентти, демократты көргөн жокмун. Баягыдай эле жай чарба, жайылып жүрүшөт. Интеллигенттерибиз той беребиз деп жардам сурайт, бизнесмен дегендерибиз баланчанын тоюна түкүнчө акча коштум деп көөдөнүн көтөрөт, бирок ушу элге билим жеткирели деген эч ким жок. Билимге өздөрү да муктаж эмес. Бирдеме десе эле өкмөт эмне кылып атат дейт. А эмне үчүн алардын билим алышы үчүн өкмөт жалгыз кам көрүш керек?

Айталы, медицина боюнча адабияттар Советтер Союзунун тушунда эле эскирген, жаңылары биздин республикага жетпей калды. Студенттер баягы эле эски адабиятты окушууда. Макул, адамдын анатомиясы өзгөрбөптүр, калганы күн санап, саат санап өзгөрүп атпайбы! Же экономика боюнча Кыргызстандын китепканаларындагы адабияттар биздин күнгө жарактуу деп ким кепил болот? Москва деле өздөрү жазган жок, чет тилдерден которуп берүүдө, алар болсо биздин колубузга тийбей калды. Экономист болом дегендерибиз эмнени окуйт? Профессорлорубуздун билгени ыраматылык Маркстын арбагына эле керек болбосо, кимге кереги бар? Ушинтип акыл токтотпой эле жердин баарын университет эмес, академияга айлантып жиберсек да оңгулуктуу майнап чыгарына көзүм жетпейт.

Бул бир. Экинчиден, кыргыз тилинде гана окуйбуз, кыргыз тилинде сабак өтөбүз деп кыйкырып атышпайбы. Кыргыз тили деп закон алгандан бери жогорку окуу жайлары үчүн канча китеп чыкты? Кыргыз тилинде канча окуу китеби, канча илимий-техникалык адабият бар? Баарын жөн кой же «Юный техник» сыяктуу балдарга арналган журналы барбы? Же чыккан китептерибиз ушу деп, «Балбай» менен «Шабданды» окутабызбы? «Манастын» төрт томун окутабызбы? Андай билим менен эч жакка чыгалбайбыз.

Эмне десе эле мени кыргыз тилине каршы деп чыгышат, кыргыз тилинин аркасы менен жан багып жүрүп кантип каршы болмок элем, сөз мен жөнүндө эмес, эл жөнүндө жүрүп атат. Дания менен Щвециянын эли 8 миллиондон, алар деле жогорку окуу жайын өз тилинде окубайт. Албетте, англис тилин билип, англисче окусак мыкты эле болмок, анда дүйнөнүн бүт информациясы бар. Бирок аны үйрөнүп кетишибиз кыйын экен, 70 жылдан бери зордоп, Турдакун Усубалиевич бийликке келгенден баштап ого бетер зордоп үйрөтүп, анан 1 миллион орус менен ашташ-табакташ жашап жүрүп, орус тилин жөндөп үйрөнө албай койдук. Ырас, нан сурап жегенге жарайбыз, орусту өзүнүн тилинде ашата сөккөндү эң эле мыкты билебиз, окуганды эптеп түшүнөбүз, жазганга, анын илимин өздөштүргөнгө келгенде чабалбыз. Ушинтип ушул тилди жакшы биле албай койдук, анан 2-3 жылда англис тилин үйрөнүп кыйратабызбы?

Жогорку окуу жайы дегенде да түбүнөн карап, азыркы абалыбыз кандай, билим алсак, кайсы билимди, кайсы тил аркылуу алабыз, ал билимди ким берет, алган билимибиз жашоого жардам береби, жокпу деген сыяктуу ой чайкаш зарыл болуп турат. Азыр жогорку окуу жайларынд а окуп жаткандар каңдай болуп чыгарын кудай билет.

Техникалык университеттин ректору Усубаматов орус гезиттерине эки жолу макала жазды. Кыргыздар тыңырак бирдеме айтам десе эле орусча жазат, элге кеңири жетсин үчүн кыргызча жазышса болмок. Ошо кипти айтып атпайбы, ВУЗдар кедеринен кетип баратат, тың мугалимдерди начар мугалимдер сүрүп чыгарууда, студенттер окумак түгүл, сабакка катышпайт, жүрүп-жүрүп эле мугалимдерге пара берип, баа койдуруп алат дегенчелик кылып. Ушул темп менен окуп отурса, пайдасынан зыяны көп болуп калышы ыктымал, анткени чыныгы билими жок, бирок диплом алып алган кишиден коркунучтуу эч кимди көрө элекмин. Анткени ал эңкейип эмгек кылгысы келбейт. Билимдүү кыргыздын көбү ошондой.

— Антейин десең, көп эле чет мамлекеттерге, мисалы, Америкага салыштырмалуу советтик агартуу системасы артыкчылык кыларын айтып жүрүшөт. Өгүнү кыргыз телевидениесине берген штервьюсунда биздин Америкадагы элчибиз Роза Отунбаева да аларга караганда биздин жаштар билимдүүлүк кыларына учкай токтолуп кетти. Же болбосо өзүңүз билесиз, Сашка Соколов деген диссидент-жазуучу бар. Американын мектептеринде, жогорку окуу жайларында лекция окуп жүргөн киши, мына ал кишинин айтканы: «Американын мектептери чаласабат адамдарды чыгарат. Алардын окуусу бир четинен тамаша сыяктуу, эч кандай чыныгы билим бербейт, көп эле мектептерде балдар радио угуп, телевизор көрүп, реклама жардыктарын жаттоо менен гана чектелет». (Ф.Медведев.  После России. М., 1992,32-6.).

— Албетте, мен Америкадан окуган эмесмин, аны көрө да элекмин, цивилизациялуу өлкөлөрдүн агартуу системасы менен айрым адабияттар, гезит-журналдар аркылуу гана таанышмын. Биринчиден, алар эч качан зордоп окутпайт, окуйм дегендерге эң оболу практикалык, прагматикалык билим — жашаганга, иштегенге жардам бере турган билим берет. Ал эми абстрактуу илимдерди же рухий азык боло турган окууну каалаган киши өзү таап окуйт.

Бизде андай болбой, тескерисинче болуп жатпайбы. Мына, компьютер окутат элек деп кыйкырып атышат. Компьютер биздин турмушка кирелек, биздин айылдагы чарба жүргүзүү ыгы компьютерди сурабайт, компьютер тургай кыргыздын чот менен эсептей турган байлыгы жок азырынча. Бул эми Кыргызстандын жерин, өзүнүн айылын окутпай эле Марстын түзүлүшүн, Марстагы турмушту окута бергендей кеп да. Ардеменин өз учуру бар… азырынча турмушка керектүү нерселерди гана окутуш керек.

СУУ КЕЧПЕГЕН СУНУШ

— Ушул жаатында мисалы, кандай сунуштарды айтар элеңиз?

— Мен дайыма эле сунуш айтам: чогулушта деле, гезит аркылуу деле. Же аным өтпөйт. Жазуучулардын бир жолку чогулушунда Ч.Айтматов бир сунуш айтты, дагы бирөө бир сунуш кийирди. Анан мен туруп сунуш айтайын десем, Чыңгыз Төрөкулович: «Ой, Салижан, эки сунуш болбодубу, ушунун бирөөнө кошулбайсыңбы, үчүнчүсүн эмне кыласың» дейт. Мен айттым: «Чыке, менин бир артыкчылыгым ушул: ар дайым үчүнчү сунушту айтам, аным эч качан суу кечпейт. Сунушум өтпөй турганын билсем дагы кыргыздын бир уулу катары, ушул республиканын гражданы катары өз оюмду айтып коюшум керек…» Анын сыңарындай суу кечпеген сунуштан бирди айтып көрөйүн.

Мына, мамлекеттик бюджеттин бели майышып турат. Элге билим берүү боюнча жаңы закон кабыл алып атышат, ошонун негизинде 9-классты милдеттүү түрдө бүткөрүш керек экен. Эми бул бекер окутуу, капитализмге өтүп алып, социализмдин артыкчылыгын сактап калуу деген кеп. Ошон үчүн өткөөл мезгилге ылайыктап убактылуу закон кабыл ала турганыбыз оң. Анда 4-класска чейин эле бекер окутуп, андан кийин жарымын ата-энеси, жарымын өкмөт төлөп, 7-8-класска чейин окутса. Андан кийин ата-энеси толук төлөй турган кылбайбы.

Өтө таланттуу, билимге аябай ынтызар, зирек балдар чыгып калса, «жакшыдан бөөн, жамандан жаан» дейт, кедейлерден таланттуу балдар көп чыгып калышы мүмкүн, же алар жетим болсо, ошолор үчүн Президент өзү эки-үч мектеп ачып койсо, анан ага таланттуу балдарды чогултуп, ага да сак болуш керек, таланттуу деп аким өзүнүн мөөрөп турган торпогун деле жиберип ийиши мүмкүн, же тирүү туруп жетим деп баласын өлүп калган инисине жаздыра коюп жиберип ийиши мүмкүн, кыскасы, ушундай көз боёмочулуктан сак болуп, 2-3 мектеп ачып койсо, жетет.

Анан биз азыр техникалык илимге жол берип, математика, физика жагын алдыга коё беришибиз керек. Агрономия, биология, болгондо да практикалык агрономияга, практикалык биологияга, ветеринария, зоологияга үйрөтүшүбүз, мектептен баштап ушуларды окутууга, кыскасы, турмушка даярдоого тийишпиз.

Жалаң эле «Манас» айтканды, обон чыгарып, сүрөт тартканды үйрөтүп отуруп, эч нерсеге жетпейбиз. Анан кыргыз тили сабагынын саатын көбөйтүп коюптур, аны кыскартып турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүш керек. ВУЗдарда 5 жыл окутуп эмне кылабыз, илгери мугалимдерди 2 жыл окутуп эле чыгарып ийчү, мисалы, айыл чарба институтуна 5 жыл эски китептерди сайрай берүүнүн кажети не? Же философияны окутпай койсо, өлөбү? Марксизм-ленинизм, Кант, Гегель, кытай философтору минтип айтыптыр деп отуруштун эмне кереги бар? Бул албетте, убактылуу, мен аны түбөлүк деп айталбайм, бизге духовный турмуш да керек, бирок адамдын жаны көрүнгөн немени жаза бергендей актай барак эмес да, муктаж болуп турса өздөрү таап окуп алат.

Анан бу профессионалдык-техникалык окуу жайларын көбөйтүш керек, балдарды 4-5 жыл окутуп туруп эле ошого киргизүү зарыл. Кесипке ээ болуп, турмушка кошулат. Окубагандарын мал менен, дыйканчылык менен байлаш керек, турмушка, тагдырына жаш кезинен көнгөнү жакшы, жер иштеткенге, эмгек кылганга үйрөтүш керек. Болбосо онунчуну бүткөнгө чейин эле колоктотуп жүргүзүп атпайбызбы.

Орустар окуп, дүйнөнүн тилинен которуп жаткан китептерди алып келип, орусча деле окутуш керек. Ал эми кыргыздар кыргызча окуйбуз дей берсе, мисалы, мынабу университетти экиге бөлүш керек, кыргызча окуйбуз дегендерди башынан аягына чейин кыргызча окутуп, калганын орусча, англисче окутуп, мүмкүн англисче интенсивдүү үйрөтө турган курстарды ачып, аракет кылыш керек, ошентип бүткөн кишилер заманга зарыл.

Мынабу биздин ВУЗдарды бүтүргөндөрдүн көпчүлүгүнүн колунан эч нерсе келбейт, оокат кылалбайт, башка элдердин билимдүү кишилерине уттуруп ийет, анан жалгыз артыкчылыгы кайсы бир партияга кирип, демократ болуп алган, анан сүйлөсө эле саясатты сүйлөйт, Президентти сындайт, ошентип турмушка нааразы кишилердин тобун толтуруп атпайбы. Жогорку билимдүүлөр канчалык көп болсо, жатып ичерлер ошончолук көбөйүүдө.

Алардын билиминин коомго, турмушка, өндүрүшкө пайдасы жокко эсе. Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт.

Айылды кара: айылга трактордон башка техника кирелек. Аны да тракторист соо айдабай, мас болуп айдап ишпалдасын

 

чыгарган. Трактор десе сөзсүз эле капкара май агып туруш керек, тракторист десе эле кара-көк тарткан мас, кыргызча сүйлөп, орусча сөгүнгөн киши элестейт. Ошентип техника өнөрү, маданияты өөрчүмөк тургай, кол өнөрчүлүк жок болуп атпайбы.

Кыргызда бычак жасаган, бычак курчуткан киши жок. Бычагы да, кетмени да, балтасы да мокок. Электр чарыгы тургай кол менен, бут менен айланткан чарык айылга толук кирелек. Ошон үчүн мектептерде кол өнөрчүлүккө үйрөтүш керек. Анан башка тил… Мисалы, 40 жылдын ичинде жапондордун 92 проценти англис тилин билип алыптыр. Түштүк Кореянын дээрлик баары англисче билет экен, биз болсо «колдо бар алтындын баркы жок» деп, орус тилин дунган тилинен да төмөн көрүп алдык.

«КИРГИЗДЕРГЕ» КЫСТЫРМА

— Кыргыз мектептерине караганда орус мектептери балдарга билимди тереңирек бере тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мына заман өзгөргөндө көрүп атабыз, буржазиялык сословие дейбизби, айтор турмушка зарыл, коомго керек ишкерлердин, чыныгы бизнесмендердин сословиесин негизинен ошол дурусурак билим алган шаардык балдар түзүүдө. Аларга жардам берип, жармакташып иштөөнүн ордуна бакырчаак патриотторубуз «киргиздер» деп кемсинтип, жатсынтып, өгөйсүнтүп мамиле кылууда. Өзгөчө гезиттерге, радио, телевидениеде, ушул маселеге оюңуз кандай?

— Менин божомолумда мынабу Бишкек шаарында 30 миң, кыйын эле болсо 40 миң кыргыз баласы туулду. Алар биринчи айылдан келип шаарлашкан, көбүнчө окууну бүтүп алып, шаарда калган кыргыздын балдары. Мисалы, 30-жылдары көп болсо 50-60 кыргыз баласы туулгандыр. Алардын да апасы татар, өзбек, казак. Токомбаевдин бир-эки баласы, Сыдыкбековдуку жок ал убакта, Т.Айтматовдун эки баласы, алар да айылда туулуп, шаарда тарбияланган экен, анан бир он чакты чоңдун балдары да. 40-жылдары деле кыргыз шаарга көп келген эмес, мына 50-жылдардан баштап келип, окуй баштады. Ошондон кийин кыргыз балдары көбөйгөнсүдү. Алардын көбү орусча окуп калды, анткени кыргыз мектеп бирөө эле экен, анын үстүнө ага эч ким деле маани бербептир.

Эми эски СССР боюнча 14 миң кыргыз «эне тилим — орус тил» дейт, өзүбүздүн Кыргызстанда 10 миңдин тегерегинде. Ошого караганда орусча окуп, кыргызча жакшы билбей калгандар 30-40 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок алар кыргызча билет, сүйлөйт, түшүнөт, болгону кыргыз китебин окубайт, кыргыз маданиятынан алыс. Эми ушулар көп көрүнүп атпайбы.

Туура айтасың, мен да байкап жүрөм, «кара орустар», «киргиздер» деп сөгөт гезиттерде, жыйындарда, бакырчаак патриоттор аларды тим эле орустан да шүмшүк кылып салды. Ушулар жок болуп калса, шаарда бир кыргыз туулбаса жакшы болот беле? Шаарды биз курган жокпуз, шаарды башка элдер курду, биз алардын арасына келип жашап калдык. Революциядан мурда шаар куруп алсак, мүмкүн андай проблема болмок эмес.

Албетте, алар кыргыз тилин билсе жакшы болмок, алардын билими башкаларга салыштырмалуу жогору, кыргызча жазып турса мыкты чыкмак. Алардын ичинде деле ар кандайлар бар, айрымдары «Асаба» партиясына мүчө болуп жүрбөйбү. Улутчул болгондору андан көп. Колунан келбеген киши улутчул болот, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт, орустар менен нан талашып жегенге жарабагандардын баары эле улутчул. Бирок жалпы жонунан алар биздин элдин алдыңкы өкүлдөрү десек болот.

Биринчиден, алар шаарда туулган кыргыздардын биринчи мууну. Англис тилинин жыты да жок Египетте деле аристократиясынын балдары өзүнүн тилин билбейт экен. Индиядагы аристократтардын балдары деле ошондой, бирок алар өз өлкөсү үчүн өлчөөсүз чоң иштерди аткарып жатат. Пакистанды мамлекет кылып курган Мухамед Жина өз тилин билген эмес, Жавахарлел Неру, кызы Индра Ганди, небереси Раджив Ганди да өз тилинде сүйлөй албаган, алар Индия үчүн эмне деген гана кызматтарды кылбады?

Мен ойлойм, өзүбүздүн тагдырыбызды, мамлекеттин тагдырын ошол орус тилдүү, билимдүү, ишкер кыргыздарга тапшырсак… Айылдан келип, бакыргандан башканы билбей, кыска мурдунун ары жагын көрбөй, элдин таламын талашам, элге күйөм деп бирдемелерди айтып алып, анысы кыргыз элине зыяндан башка эчтеме алып келбеген балдарга, интеллигенцияга караганда алар элдин түпкү мүдөөсүн жакшы айтат, жакшы ишке ашырат.

Кыргыз тилинен башка бир тил билбеген, атургай кыргыз адабиятынын тилин жакшы өздөштүрбөгөндөр алдыңкы өкүлүбүз болсо, биз небак өсүп кетпейт белек, талашат элек ко дүйнөдөн биринчиликти. Албетте, ар кимдин күн алдында өз орду бар, бирок ушул шаарда туулуп-өскөн балдарды өгөйлөгөнгө, жек көргөнгө, тилдегенге эмне акыбыз бар? Мисалы, Россия, анак-мынак менен иш жүргүзүп жаткан ошолор. Бизнеске аралашып, кандайдыр бир ийгиликке жеткен да ошолор.

Айылдын балдары бизнес деген ушул экен деп кечке көчөдөн, базардан бирдеме сатып, кечинде тапканын ичип, мас болуп, мушташып жүрбөйбү. Байкасаңар, шаардык балдар эмес, болсо эки-үчөө кошулгандыр, туташ айылдын балдары. Айтып, түшүндүрүп атпайбызбы, бизге менчикчил кишилер керек, ошолорду тарбиялашыбыз, класс, орто слой чыгарышыбыз керек деп. Бу жагынан алганда, менин оюмча, шаардык балдар биздин элдин, атурмак интеллигенциянын пионери. Албетте, өксүгү — кыргызча жакшы билбей калганы, аны деле 10-15 жылда өздөштүрүп кетет. Алардын балдары өздөштүрөт, себеби түшүнүп калды, балдарын такылдатып кыргызча окутуп жатышпайбы. Алар үчүн кыргыз тилин үйрөнүш айылдык балдар орус тилин үйрөнүшкө караганда алда канча оңой. Кыргыз тилин бузуп аткан алар эмес, ошол эле кыргызча гезиттер, радио, телевидение…

ТАНТЫК ТЕЛЕВИЗОР

— Телевидение демекчи. Сиздин бир айтканыңыз бар эле, орус тилинин кадырын түшүнүш үчүн китепканалардагы орусча китептерди бүт жоготуп, Москвадан орусча гезит, журнал жибербегиле, 2-3 ай телевизор, радиоңорду өчүрө тургула деп сурансак, көрөт элек деп. Чындыгында эле кыргыз телевидениесин өзгөчө интеллигенция көрбөйт, мен билгени Москва каналын эле бурап жаткан киши..

— Ушул жерде кыргыз телевидениеси жөнүндө эки ооз сөздүн ыңгайы келип калды. Телевидениеде интеллигент дегендерибиз иштейт, бирок ушунчалык сабатсыз. Бир эле мисал. Телевидениенин агартуучулуктан башка да зрелищелик мааниси бар эмеспи. Жаркылдап көрүнүп турат элдин баарына. Радиодо сүйлөп жаткандардын оозу кыйшыкпы, мурду бучукпу, аны менен ишибиз жок, үнү болсо болду, уга беребиз. Телевидениеде андай эмес, демек, аерге оозунда сөзү бар, үнү, өңү, келбети да бар кишилердин болушу лаазым. Биринчи чыккан Роза Рыскелдинова, Тамара Бакиева дегендерибиз ошондой кадрлардан эле. Орусча да, кыргызча да жакшы сүйлөшчү, эл аларды билчү, эл арасында кадырлуу болчу, атургай артынан ар кандай ушак ээрчип жүрчү.

Алар кеткенден кийин биздин диктор, дикторшалардын бирөөнү ушак кылган киши жок, аты-жөнү билинбейт, эсине да тутуп жүрө албайт. Себеби, таланты, билими менен эмес, таанышы аркылуу орношуп алгандар. Ал эми тележурналисттердин суроо берип маек курганын угуп көрсөңөр… Тили келегей, жылдызы жок, микрофонду өз оозуна же беркинин оозуна кармайт дагы берген суроосу мисалы, «быйыл 40 центнерден түшүм алган экенсиз да?» «Ооба» дейт да, анан эмне демек эле. Өгүнү айтып атат. Балыкчыда дейт, цемент заводу токтоп калды, себеби, цемент талап-суроо менен пайдаланылбай жатат. «Цементти киши албай калды», «цементке кардар жок» деген кыргыздын сөзү кайсы тилде экени белгисиз. Кыргызда «куш» деген сөз учуп жүргөн канаттуулар менен эле байланышпайт. «Куш уйкулуу» десе сергек дегенди түшүнөбүз мисалы. «Куш кабар» деген тажиктин «жакшы кабар» деген сөзү. А биздин телевидение болсо «жаңылыктар» дегендин ордуна «куш кабар» кылып, анан да кушту чыркыратып учуруп, кондуруп коёт.

Кыргыздын баары эле өз тили үчүн күйөт, бирок кыргыз тилинин белин бүктөп, сындырып, шорун катырып атса, ага зээни кейиген бирөө жок. Же болбосо, кыргыз тилинде «уктуңар», «эшиттиңер», «кулак салдыңар», «тыңдадыңар» деген төрт сөз турат, бирок кыргыз телевидениеси «баланчанын ырына ортоктош болдуңар» дейт. Ортоктош болгондой эмне табак тартып, аш жеп атабы? Минтип кыргыз да, орус да айтпайт. Баары эле кыргыз тилине катуу күйгөн патриот, анан эле тилди пайдалана келгенде, уруна келгенде эч ким патриоттук кылбайт. Дегинкиси кыргыз телевидениеси жөнүндө кенен сөз кылса болор эле, тилекке каршы, бир да кыргыз чыгынып көрө элек.

— Эми Салажан Жигитович,ыракмат, жакшы маек куруп бердиңиз. Бир топ ачуу, ачуу сөздү айттыңыз. Адаттагыдай эле айрым патриоттор, үзөңгүлөш интеллигенциянын «төө бастысында» каламбы деп чоочубайсызбы?

ИКАЯ

— Кытай жазуучусу Лу Синдин бир икаясы бар. Бирөө балалуу болсо бирөө келип айтат экен: «бу дагы бий болор» деп. Аны аябай сыйлап, чапан кийгизип жөнөтөт. Экинчи бирөө көрүп: «бу дагы бай болор» дейт. «Айланайын, оозуңа май!» деп беркиден да ашыра сыйлап узатат. Үчүнчүсү келип, «атаңдын көрү, бу да бир күнү өлөр» десе, аны ашата сөгүп, ташка алат. Лу Син айтып атпайбы, ал баланын бий болорун да, бай болорун да албетте, эч ким билбейт, бирок өлөрү чын, мына ушу чындыкты айткан киши ташбараңда калат деп.

Анын сыңарындай ачуу да болсо чындыкты айтыш керек, түшүндүрүш керек, өзүңө өзүң сын көз менен караган жакшы, орустар «жаманын ойлон, жакшысы өзү келет» деп айтат, албетте, чындыктын баарын чөнтөгүнө салып алган киши жок, тек, көрүп, билип, көзүң жетип турган нерсени айтып коюш парз.

(«Кыргыз маданияты», 29-сентябрь, 13-октябрь, 24-ноябрь, 1993-ж.).

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Салижан Жигитовдун сабактары» китебинен