Майя Энжелоу: Көкөлөп бары бир учамын

  • 10.04.2023
  • 0

Майя Энжелоунун сүрөтү https://www.today.com/news/ булагынан алынды.

(Marguerite Annie Johnson Angelou) Майя Энжелоу (1928–2014) – акын, жазуучу, жарандык укук кыймылынын катышуучусу катары таанымал, ал Мартин Лютер Кинг жана Малкольм Икс менен иштешкен. Жети мемуардын автору.

Ал эми And still I rise – “Көкөлөп бары бир учамын” аттуу ыры 1978-жылы чыгармачылык карьерасынын туу чокусуна жеткен мезгилде жазылган. Ага чейин автордун үч автобиографиясы, бир топ пьесасы жана эки ыр жыйнагы чыккан.

Автордун ырлары афроамерикалык жаштарга дем-күч берип турган. Айрыкча басынып, тебелендиде калган катмарга үмүт шооласын жандырып, жарыкка жетелеген. Аталган ыры гимн катары кабыл алынган, 1994-жылы Нелсон Мандела инаугурациясында ушу ырды окуган.

Түпкүлүгүндѳ кулчулук жана жарандык укук маселелери эске алынып жазылса да, бул ыры басмырланууга туш болгон бардык адамды (жеке адамбы, азчылыкпы же бир улутпу) андай акыйкатсыздыкка, эзилүүгѳ, тебеленүүгѳ жол бербѳѳгѳ чакырат. Ал ѳмүрүнүн акырына чейин акыйкаттык, билим алуу жана теңчиликке жетишүү үчүн күрѳшкѳн, 2010-жылы президент Барак Обаманын колунан Азаттык президенттик медалы авторго тапшырылган. Ал 86 жашында 2014-жылы дүйнѳ салган.

  Still I Rise  

  By Maya Angelou

   You may write me down in history
  With your bitter, twisted lies,
  You may trod me in the very dirt
  But still, like dust, I'll rise.

  Does my sassiness upset you?
  Why are you beset with gloom?
  ’ Cause I walk like I've got oil wells
  Pumping in my living room.

   Just like moons and like suns,
  With the certainty of tides,
  Just like hopes springing high,
  Still I'll rise.

  Did you want to see me broken?
  Bowed head and lowered eyes?
  Shoulders falling down like teardrops,
  Weakened by my soulful cries?

  Does my haughtiness offend you?
  Don't you take it awful hard
  ’  Cause I laugh like I've got gold mines
  Diggin’ in my own backyard.

  You may shoot me with your words,
  You may cut me with your eyes,
  You may kill me with your hatefulness,
  But still, like air, I’ll rise.

  Does my sexiness upset you?
  Does it come as a surprise
  That I dance like I've got diamonds
  At the meeting of my thighs?

  Out of the huts of history’s shame
  I  I rise
  Up from a past that’s rooted in pain
  I rise
  I I 'm a black ocean, leaping and wide,
  Welling and swelling I bear in the tide.

   Leaving behind nights of terror and fear
  I I rise
  Into a daybreak that’s wondrously clear
  I rise
  Bringing the gifts that my ancestors gave,
  I am the dream and the hope of the slave.
  I rise
  I rise
  I rise.

 

  Көкөлөп бары бир учамын

  Майя Энжелоу

  Ысмымды тарыхка жазсаң да,
  Ыпылас сөз менен, чырагым.
  Өгөйлөп баткакка бассаң да,
  Өйдөгө чаң болуп чыгамын.

  Кудуңдап мен жүрсөм үйүмдөн
  Капылет мунайзат чыккандай.
  Эх, сенин кабагың түйүлгөн,
  Эр жүрөк мендейге суктанбай…

  Кадимки ай менен күн өңдүү,
  Көңүлүн көтөрөм кусанын.
  Кубалап үмүттү күмөндүү,
  Кайрадан бийикке учамын.

  Көргүң бар жер карап, үлдүрөп,
  Кайгыдан майышып сынганым.
  Каалайсың а балким мүңкүрөп,
  Карегим жаш төгүп турганын.

  Таарынган жоксуңбу, тайманбай
  Турсам мен, «текебер окшойт» деп.
  Короодон алтын таап алгандай,
  Каткырсам, «бул сага коошпойт» деп.

  Сөздөрүң ок сымал тешкилеп,
  Сен мени жаралап жатсаң да.
  Көздөрүң жек көрсүн кескилеп,
  Каалгыймын бары бир асманда.

  Ажарым ичиңди күйгүзүп,
  А балким тынчыңды алгандыр?
  Бутума бриллиант кийгизип,
  Бийлесем, ташпишке салгандыр?

  Байыркы тарыхтан бөлүнүп,
  Бийикке умтулуп турамын.
  Жеңилдейм өтмүштөн сөгүлүп,
  Жүрөктү көзөгөн ыза, муң.
  Мухиттей чачылып, төгүлүп,
  Мен өйдө баары бир чыгамын.

  Караңгы түндөрдү калтырып,
  Кайгысыз жарыкка сызамын.
  Ажайып үмүткө тартылып,
  Ак таңдын туткасын тутамын.

  Калкымдын кыялын артынып,
  Көкөлөп бары бир учамын.
  Көкөлөп бары бир учамын.
  Көкөлөп бары бир учамын.

Англисчеден которгон Алтынай Токтоматова

Ыргакка салган Алтынбек Исмаилов

 


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз