Динара Бейшеналиева: Алтын капас

  • 02.06.2023
  • 0

АҢГЕМЕ

Аксарайдын ичи уу-дуу. Шаң-шарапат, той, майрам. Конок аягы үзүлбөйт. Келгендин баары жүзүм багында илинип турган капастын жанына келишип, ичиндеги боз муштум бөдөнөнүн сайрашын күтүшөт. Аларга алтын капас да, бөдөнө да кызык эмес. Бөдөнөнүн сайраганы кызык. Сөөлөт, дөөлөт күткөн бул немелер канаттууга көңүл бурган болуп, бир-бирине көңүл бурушат. Бир-бирине көрүнмөй. Жагынмай. Жасакерленмей. Жасалмаланмай. Текеберленмей. Айтор, чымчыкта жок сапаттын учкундары ушул жерде да жылт-жылт этет.

Алтын, бермет шакектерин жаркылдаткан аялдар аппак сөөмөйлөрүн капаска салып, “киш”, “чүш”,”ой” деше назданышат сайрабай жаткан бөдөнөгө. Эркектер каз катар “карс-карс” күлүшүп, улам бири чүйгүн даам-татымдардан алып келип, бөдөнөнүн алдына жайышат. Паранда эч кимге көңүл бурбайт.

Карап тургандар таң. Алар ушу тапта бөдөнө эмне ойлоп, жанындагы тамак-аш аны сүйүнтпөй эле кейишке салганынын билишпейт дагы. Чымчыктын тосурайган эки көзү тирүүлүктүн отундай жылтырап, тээ бетегеси белден буралган гүл талааларды, асман тиреген арча-кайың тоолорду элестетип жаткан.

Мына, астында толтура түркүн даам, түркүн дан. Ошол кезде, ошол эркин сызып жүрчүүдө канатын талытып кармаган бир даана көпөлөк, бир даана курту да бир башкача даамдуу эле. Чиркиндики-ов, ошондо төгүлүп, төшөлүп, сайрап, үнүн басчу эмес эле го! Анча күч-кубат каяктан келет десең.

“Чик-чирик, чик-чирик! Быт-был-дык! Быт-был-дык. Чик-чирик, чик-чирик...”

Гүл болуп буралып сайрайт, Күн болуп кубанып сайрайт. Шамал болуп суналып, сойлоп, ойноп сайрайт. Өзүнө ушул боз шамал болуп безеленгени жакчу. Ээликкен эркин шамал аскага урунат, ташка урунат, чөпкө урунат, көккө урунат, деңиздерди кечип өтөт. Бөдөнө да кайып учкан шамал сыяк кайып-кайып, кайрып-кайрып безеленип ырдай берет, ырдай берет. Жаагын жанып ырдай берет. Оо, ыр түгөнбөйт. Ыр түгөнбөстөй сапырылып, кайкып учуп жатканын сезер эле...

“Чик-чирик, чик-чирик! Быт-был-дык! Быт-был-дык...Чик-чирик, чик-чирик!“

Жаагы тынчу эмес. Эркиндик бир тыным берчү эмес эле дүйнөсүн алып учуп. Оо, кубанычтын кучагында кулпурган эркиндик, кайдасың?

Капаска түшкөндөн бери бир да жолу ырдай элек. Жүрөгүн кусалыктын зили каптап, тосток көзүн жаш чайганда муңканып алат. “Кыыйк”, “кыырк” деген сыяк добуш чыгат тамагын тытып. Бул ыр эмес. Бул ый эле. Ак сарайдагылар болсо алакан чаап, кубаттап, коштоп калышат. Ушул эки аяктуу жаныбарлар ый менен ырдын айрымасын деле биле беришпейт экен.

Дегеле жан дүйнө, көңүл эмне экенин түшүнбөгөн, оюн-зоок, күлкү, каткырыктан башканы билбеген дүлөй, сокур жандарбы булар?

Кең талаада башка жашоо. Ал жакта жасалма өң, жасалма боёк жок. Баардыгы чын. Эмнени көрсөң чын. Эмнени уксаң чын. Кайыр, кайрым ошол жакта. Непадам бирөө ыйлап калса, калган куштар чуркурап коштоп кетишет. Учуп баратканы сойлоп баратканын куткарууга даяр. Ар балээден куткарууга даяр чуркурашат: “Учуп чык. Учалбасаң бөгүп кал. Бөк! Кач. Качып чык!” - деп кыйкырышат жан-алы калбай. Кайран таалам-ай, кайран гана кең дүйнөм-ай!..

Бүгүн да аны адаттагыдай сулуу аялдар, зыңкыйган, зыңгыраган эркектер карап турушат. Бөдөнүн астына чүйгүн тамактарды коюп, эч сайрата алышпады.

– Бөдөнөңүз сайрабай жатат. Сайрачу беле? – дешти сүлкүлдөгөн ак сарай ээсине.

– Саал кечиктиңер да, жанааракта тынбай сайраган эле.

Анан алар кайрадан дасторкон четинен орун алышты.

– Мына ушул жасалгалардын баарын дүнүйөнүн төрт бурчунан мен-мен деген усталарды алдырып жасаттым. Индия, Иран, Түркия, Кытай, Пакистандан келишти. Карасам, бир нерсе жетишпейт да, эч эле таппайм. Бир күнү сыртта отурсам, укмуш үн чыгат. Жигиттеримди тапкыла дедим. Үч күн аңдып жүрүп, тузакка түшүрүп кармап келишти, – деп ашынган бай экенин, кудуреттүү, күчтүү экенин, анан ага кошуп жаратылышты да минтип сүйөрүн жүзүнчү, миңинчи жолу кайталап айтып кирет.

Бөдөнө буга чейин боздоп, сыздап ыйлап алчу болсо, энди такыр үн катпай калды. Тигил жеп-ичкенине ыраазы эки аяк сыяк сезимсиз, сенек болуп сенейди. Бөдөнүн ыйы чыкпай калды. Ак сарай ээси бар айласын кылса да капастагы чымчык сайраганын токтотту. Сайрабаса анын кимге кереги бар? Сыртка алып чыгып, капастын эшигин ачты. Бөдөнө ушуну эле күтүп тургансып “пырр” этип учуп чыкты.

Капаста камалып отура бергенгеби, айтор, ага учуш оор болуп калыптыр. Ошентсе да араң жеткен эркиндигине жетине албай ары-бери кайпалактап учуп жүрдү. Бат эле чарчады эмнегедир. Тигине, тиги жакта чөө жүрөт жүйрө басып. Тээ кырда желип-жортуп карышкыр баратыры. Аска боорунда жыланды карабайсыңбы, улам өйдөлөп жылып уяга жакындап баратканын. Балапандарын сакташ үчүн ата-энеси чыйпылыктап учуп жүрүшөт. Бүт канаттуу кошулуп алыптыр кошо чыркырашып. Бөдөнүн жүрөгү “болк” этти. Ушул жерде өсүп-өнбөдү беле? Кантип гана жашады экен?

Дене-бою чыйрыга түштү. Жем издеп жерге түшсө эле мышык баса калчудай канаттары дир-дир этет. Сүлөөсүн кебетеленген жапайы мышыктар жер жайнайт. Бирөөсү дал ал отурган арчанын астына келип алды.

Күн болсо уясына батканы улам төмөндөп жылып баратыры. Аңгыча, бөдөнүн курсагы “курр” этти. Көрсө, ачка калыптыр. Эртеден бери наар албаптыр да. Ак сарайдын ичиндеги даяр суулар, даяр даамдар көз алдыга тартыла берди. Бир топ жыл жашап коюптур ал жерде. Көнүптүр. Көнмөк турсун байланыптыр.

Атыр жыттары “бурр” эткен, жибек көйнөктөрү “шурр” эткендер, жүрөгүндө оту бар, билегинде күчү бар өткүр көздөр аны тегеректеп турушчу эмес беле. Энди болсо алардын көңүл буруусуз, кол чабууларысыз, эркиндиктеги көп бөдөнөнүн бири болуп, күнүнө жем издеп, түнөгүңө аман кайтып барар-барбасың белгисиз чарк айланып жем издеген күндөрдү кантип башынан кечирет? Бары-жок даяр жерден эмнеге келди бу жакка? Жок, ак сарайга кетиш керек. Күн батканча жетиш керек. Бөдөнө зымырап учуп жөнөдү. Адашпай тапсам экен деп барат. Адашкан жок. Жетти. Короонун ичиндеги чоң алма бакка келип конду. Ана, адаттагыдай коноктор бакылдашып, күрү-күү ак сарай ичи. Ана, ээсинин бак-бак эткен үнү. Бөдөнө үнүнүн болушунча быт-был-дык эле быт-был-дык деп безеленип ийди тал башынан. Бул суранган, мени кайра капаска киргизчи, мен келдим деген жалдыраган үн эле.

Бөдөнөсү сайрай баштаганын көргөн сарай ээси алтын капасты жигиттерине алдырып чыгып, эшигин ачтырып койду. Бөдөнө кандай “пырр” этип учуп чыкса, ошондой “пырр” этип кирип кетти. Эки жагын каранды. Чын эле келдиби? Чын эле алтын капаска жеттиби? Бөдөнө жаагын жанып сайрап кирди. Кол чабуулар...

(“Бар” китебинин “Чоңдор үчүн жомоктор” бөлүгүнөн)

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз