Карло Чиполла: Эмне үчүн келесоо адамдар коркунучтуу?

  • 16.06.2023
  • 0

Сүрөт https://www.corpus.ru/ булагынан алынды.

АКЫЛСЫЗДЫКТЫН БЕШ МЫЙЗАМЫ

Италиялык экономика боюнча тарыхчы Карло Чиполла келесоолуктун табияты жөнүндөгү суроого өтө кылдат мамиле жасаган. Көп жылдык изилдөөлөрдөн кийин окумуштуу баардык коомго ылайык беш универсалдуу мыйзамды түзгөн. Көрсө, келесоолук биз ойлогондон да алда канча кооптуу экен.

Акылсыздыктын биринчи мыйзамы

Адам демейде ар дайым өзүн курчаган макоолордун бар-жогу менен иши жок. Бирок бул бүдөмүк көөнөргөн ой курулай менменсинүү сыяктуу угулат, а турмуш анын чындыгын далилдейт. Адамдарга баа берүүдө сиз дайыма төмөнкү жагдайларга туш болосуз:

•          Ар дайым акылдуу, сарамжал көрүнгөн адам укмуштуудай акмак болуп чыгат;

•          Акмактар дайыма күтпөгөн жерден, туура эмес убакта пайда болуп, пландын баарын бузат.

Акылсыздыктын экинчи мыйзамы

Адамдын келесоо болуу ыктымалы анын башка сапаттарына көзкаранды эмес. Адамдар ар кандай, кээси келесоо, башкалары андай эмес, бул сапат тарбия-таалимдин күчүнө карабайт, табият көрөңгөсүнөн пайда болот деген оюмду көп жылдык байкоолор жана тажрыйбалар тастыктады. Адамдын өңү сары же каны биринчи группада болгондой эле келесоо да башынан келесоо жаралат. Кааласаңыз, Жараткандын эрки менен ушундай болуп төрөлдү дей бериңиз. Коомдо келесоолордун белгилүү санда пайда болуу мүмкүндүгү менен билимдин эч кандай байланышы жок. Муну университеттердеги студенттерден, кеңседе иштегендерден, тейлөө кызматкерлеринен, администрация кызматчыларынан жана мугалимдерден турган беш топтун үстүнөн жүргүзүлгөн көптөгөн эксперименттер тастыктады.

Мен төмөнкү тепкичтеги адистердин тобун изилдегенимде, келесоолордун саны мен күткөндөн да көп болуп чыкты (Биринчи Мыйзам), мен муну социалдык шарттарга: жакырчылыкка, байкалбаган улутчулдукка, билимдин начардыгына байланыштырдым. Бирок социалдык тепкичтен өйдө чыгып изилдегенде ак көйнөкчөндөр менен студенттердин арасынан да ушундай эле пайызды көрдүм. Профессорлор ичинде да так ушундай көрүнүш, муну көрүп ого бетер таасирге баттым. Чакан элеттик коллежби же чоң университетпи, айырмасы жок, акылсыздардын саны бирдей пайызда болуп чыкты. Жыйынтык мени ушунчалык таң калтыргандыктан, эми зыялуу элитага – Нобель сыйлыгынын лауреаттарын сынап көрүүнү чечтим. Баары бир жыйынтык табияттын зор күчүн тастыктады: кээ бир лауреаттар чын эле кем акыл экен.

Экинчи Мыйзамдагы айтылган идеяны кабыл алуу кыйын, бирок анын тууралыгы темир-бетондой экенин көптөгөн эксперименттер тастыктады. Феминисттер да Экинчи Мыйзамды колдошот, анткени анда аялдар арасында акылы жоктор толтура, эркектерден кем эмес деп айтылат. Үчүнчү дүйнөдөгү өлкөлөрдө жашагандар да: “Өнүккөн өлкөлөрүң деле аша чаап алыска кетпептир” деп өзүлөрүн сооротушса болот. Экинчи Мыйзамдын корутундусу коркутат: сиз Британиянын эң жогорку коомуна киресизби же адамдарга аңчылык кылгандар менен достошуп Полинезияга көчүп кетесизби? Же өзүңүздү монастырга камап саласызбы, же өмүрүңүздүн калган бөлүгүн жеңил ойлуу аялдардын курчоосунда казинодо өткөрөсүзбү, баары бир, сизге (Биринчи Мыйзам) күткөнүңүздөн да ашык сандагы акмактар менен ар дайым күрөшүүгө туура келет.

Акылсыздыктын үчүнчү мыйзамы

Акылсыздын кылган иш-аракеттери башка бир адамга же адамдар тобуна жоготуу алып келет, ошол эле учурда ушуну жасаган макоо өзүнө да пайда алып келалбайт, атургай зыянга учурайт. Үчүнчү мыйзам бардык адамдар 4 топко бөлүнөт деп болжолдойт: жөнөкөй адамдар (П), акылдуулар (У), бандиттер (Б) жана келесоолор (Г). Эгерде Петя жоготууга учурап, ошол эле учурда Васяга пайда алып келер иш жасаса, анда ал жөнөкөй адамдарга (П зонасы) кирет. Петя өзүнө да, Васяга да пайдалуу иш жасаса, анда ал акылдуу, анткени акылдуу иш кылган (У зонасы). Эгерде Петянын кылык-жоруктары өзүнө пайда алып келсе, ал эми Вася андан жапа чексе, демек Петя – бандит (Б зонасы). Аягында Петя-акылсыз Г зонасында, эки ок сызыгы боюнча минус зонасына кирет. Булар, акмактар башкаруу органдарына кирип, саясый жана коомдук бийликке ээ болушса, алардын канчалык зыян алып келерин элестетүү өтө деле кыйын эмес. Бирок макоо эмнеси менен кооптуу экенин өзүнчө тактап алуу керек.

Акылсыздар коркунучтуу, анткени акылдуу адамдар алардын акылга сыйбаган жүрүм-турумун, логикасын аңдай алышпайт. Акылдуу адам бандиттин логикасын түшүнө алат, анткени бандит рационалдуу – ал жөн гана көбүрөк пайда табууну көздөйт, ошол эле пайданы иштеп табууга анын акылы жетбейт. Бандиттин кадамын алдын ала билүүгө болот, андыктан ага каршы коргоно аласың. Акылсыздын кылыгын алдын ала айтуу мүмкүн эмес, ал сага эч себепсиз, максатсыз, плансыз, эң күтүлбөгөн жерден, эң ылайыксыз убакта зыян келтирет.

Дагы айтам: акмактын качан жана кайсы тараптан сокку урарын алдын ала билүү мүмкүн эмес. Аны менен тирешкенде акылдуу адам өзүн толугу менен акылсыздын ырайымына коёт, анткени анын эрежесин эч түшүнбөйт, анын кыймыл-аракети айбандыкындай. Акылсыздын чабуулу адатта баарын таң калтырат. Анын кол салуусу айкын болсо да, коргонуу кыйын, себеби анда акылга сыярлык (рационалдуу структура) аракеттер жок.

Акылсыздыктын төртүнчү мыйзамы

Акылдуулар келесоолордун кыйратуучу күчүн дайыма жеткире баалашпайт. Айрыкча, акылы бар адамдар макоолор менен мамиле жасап жатып, кийин келечекте чоң жоготууга кабыларын дайыма унутуп коюшат, себеби акылсыздар, кээде байкоосуз жерден жана күтүүсүз шартта кайтарымсыз ката кетиришет. “П” тилкесиндеги карапайым адамдар адатта “Г” тилкесиндеги макоолор тараптан келер коркунучту ичмектеп биле алышпайт, бул таң калыштуу эмес. Таң калыштуусу, акылдуулар менен бандиттер да макоолорду жеткире тааный албагандыгында.

Макоо баарын кыйратып жибере электе, акылдуу мобилизацияга даярданбайт. Жана күтүлгөн зыяндын минимум болушуна даярдык көрбөйт, ал макоо алдында магдырап, өзүнүн ашык акылына ыраазы болуп ыракаттана манчыркап тура берет. Кеңири тараган стереотип – келесоо өзүнө гана зыян алып келет дешет. Жок. Келесоону алсыз карапайым адам менен чаташтырбагыла. Акылсыздар менен эч качан союзга кирбегиле, аларды өзүңөрдүн пайдаңар үчүн колдоном деп ойлобогула, антсеңер, демек, силер келесоонун табиятын таптакыр билбейсиңер. Жана өзүңөргө көбүрөк зыян келе турган, ал эми акылсызга чардап жыргай турган шарт түзгөн болосуңар.

Акылсыздыктын бешинчи мыйзамы

Акылсыз – эң коркунучтуу инсандын түрү. Демек, бандиттен да кооптуу. Идеалдуу бандиттин максаты: бир адамдан экинчи адамга байкерчиликти өткөрүп берүү болуп саналат. Мындан жалпы коомго ысык да, суук да эмес. Эгерде коомдун бардык мүчөлөрү идеалдуу бандит болушса, анда бул коом акырындап чирий бермек, бирок кыйроо болмок эмес. Система бүт байлыкты ушундай аракет жасагандардын пайдасына өткөрүп берсе, анда баардыгы идеалдуу бандит болгондуктан, система туруктуу жыргал жашоого алып келмек. Мындай көрүнүштү бийликтегилердин баары коррупциялашкан, жарандары мыйзамдарды такай айланып өткөн өлкөлөрдөн оңой эле байкоого болот.

А эгер акмактар бийлик сахнасына чыгышса, көрүнүш толугу менен өзгөрөт. Алар өзүлөрү да пайда көрө албайт, коомго да эбегейсиз залал келтиришет. Байгерчилик заман талкаланып, коом жакырланат. Кайсыл кылымда болбосун бийликке акылдуу адамдар келгенде гана өлкө өйдөлөп, алга жыларын тарых тастыктады, анткени акылдуу жетекчилер активдүү келесоолорду көзөмөлгө алып турушат, акылдуулар жараткан байгерчилигин кыйратууга жол бербейт. Кериге кеткен өлкөдө келесоолор көбөйөт, ошол эле маалда жогору жактагылардын арасында келесоо бандиттердин саны арбыйт, ал эми калктын калган бөлүгүндө – маңыроо момундардын саны көбөйгөнү байкалат. Мындай өзгөрүүлөр акылсыздардын бузуку иш-аракеттерин, кыйратуучу кесепеттерин арбытат жана акырындап бүт өлкө сазга батат.

Орусчадан оодарган Авазбек ЖУСУПБЕКОВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз