Жүзүм жөнүндө икая
Көздөгөн мүдөөлөрү окшош төрт шерик: түрк, перс, араб жана грек, бирге баратып акча таап алышат. Балээнин баары ошол акчадан чыгат. Колдоруна акча тиери менен аны кантип коротушту тартышып башташат. Перс айтат:
– Келгиле, ангур сатып алабыз!
Араб чыгат:
– Ангуруңду койчу, эйнаб сатып алганыбыз жакшы.
Түрк чыгат бир жактан:
– Эмне талашасыңар? Бизге ангурдун да, эйнабдын да кереги жок. Бул акчага йүзүм эле сатып алганыбыз жакшы!
Грек чыгат макул болбой келжеңдеп:
– Агер бирдеңке алыш керек болсо, акчаны стафилге коротолу!
Ар кимиси өз чындыгын бербей чырдашып отуруп, мушташа кетишет. Чыр-чатактын себеби эле билерман жоктугунан улам ырбаптыр. Көрсө, баарынын мүдөөлөрү опокшош экен: төртөө талашкан «ангур», «эйнаб», «йүзүм», «стафил» дегени «жүзүм» деген эле сөз экен. Тек, ар кимиси өз тилинде түшүнгөндү талашып, кызыл чеке боло бериптир.
Которгон О`ШАКИР
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR