Курт Воннегут: Кумар көз бийкеч (конкурска №26)

  • 21.06.2023
  • 7356
  • 3

Сүрөт https://godliteratury.ru/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Ушу кезде пуританизм[1] өтмүшкө айлангандыгын айылдык кемпирлердин Сюзаннаны чиркөөдөгү маскара орундукка[2] байлап коюучу кездин өтүп кеткенинен билсе болот, ал тургай карыган фермерлер да уйларынын байып кеткени үчүн Сюзаннанын азгырма сулуулугун айыпташкан жок.

Айылдын жайкы театрында чакан ролдорду ойногон актриса Сюзанна өрт депосунун үстүндөгү ижарага алган үжүрөдө турчу. Жай бою кыштакта жашаса да, айылдыктар ага көнө албай коюшту. Ал жап-жаңы өрт өчүрүүчү машинага окшоп, аларды мурдагыдай эле өз сулуулугу менен арбап, көңүл ышкысын козгоп жүрдү.

Сюзаннанын саңоордой үлпүлдөк чачы, бото көзү түндөй кара, айжамалы сүттөй апаппак эле. Бураң бел кең соорусу лираны элестетсе, бөрсөйгөн төшү эркектердин сууган канын дүргүтүп, көөнүн эргитет. Күн өпкөн кызгылтым кулагында быдыракай балдак алтын сөйкөсү селкилдесе, кызыл ашыгында жылаажындуу чынжыр боо шыңгырайт.

Сюзанна жылаңайлак жүрө берет, кудайдын куттуу күнү түшкө чейин уктайт. Түш жакындаган сайын айыл тургундары чагылгандуу нөшөр төгөр алдында тынчы кетчү тайганчасынан алапайын таппай калышчу.

Түш ченде Сюзаннанын карааны бөлмөсүнүн сергимесинен көрүнөт. Ышына керилип-чоюлуп алып кара мышыгына сүт куюп берет да, аны өөп-жыттап, чачын барпайта көптүрүп, сыргасын тагынып, эшигин бекитип, ачкычын көкүрөгүнө катат.

Андан соң жамбашын чайкай, делебени козгогон жай, ойсоке басык менен айылды жылаңайлак аралап: адегенде айвандын тепкичтеринен ылдый түшүп, ичимдик дүкөнү, камсыздандыруу мекемеси, мүлк сатуу агенттиги, ресторан, Америка легион бөлүмү[3], чиркөөдөн өтүп, эл толгон дарыканага[4] (мындан ары – бар) барат. Ал жерден Нью-Йорк гезиттерин сатып алат.

Ал баары менен кылгыра карап саал баш ийкей ханыша шаанисинде амандашкан болот, бирок жетимиш эки жаштагы дарыканачы Бирс Хинкли менен гана кеп курчу.

Улгайган дарыканачы анын гезиттерин ар дайым камдап турар эле.

– Ыракмат, Хинкли мырза. Сиз тим эле периштесиз да, – дейт ал, колго тийген гезиттердин бирин ачып жатып. – Эми дүйнөдө эмне болуп жатканын көрөлү.

Бийкечтин аңкыган атыр жытына мас болгон абышка гезиттеги макаланы бирде жылмайып, бир түнөрө окуп жаткан Сюзаннага көз таштайт.

Сюзанна гезиттерин колтугуна кыстарып алып, өрт депосунун үстүндөгү уясына кайтып келет. Сергимесинде тура калып, назик колу менен көкүрөгүнөн ачкычты алып чыгып, эшикти ачып, кара мышыгын колуна алып, бир өбөт дагы, култ кирип кетет.

Этектеп бараткан жай күндөрүнүн биринде сода суусу түркүгүнүн жанындагы айланма орундуктун майланбаган огунун ачуу кыйчылдагы бардын тынчтыгын бузганга чейин жалгыз бой кыздын шаанилүү кирип-чыкканы күнүгө кайталанып турду.

Сюзаннанын Хинкли мырзанын периштелиги тууралуу кебин кыйчылдаган доош үзгүлтүккө учуратты. Үндөн улам отургандардын баш териси тырышып, тиштери кычырады. Кыйчылдак чыккан тарапты жай караган Сюзанна үндүн ээси кечиримге муктаж киши эмес экендигин түшүндү.

Кыйчылдак он сегиз айдан кийин Кореядан мурунку күнү кечинде келген капрал[5] Норман Фуллердин астындагы орундуктан чыгып жаткан экен. Ушул бир жарым жыл ичинде согуш болбосо дагы, анын калааты дагы эле бар. Фуллер үстөлгө акырын бурулуп, Сюзаннага кыжырлуу карады. Кыйчылдак тып басылар менен бардын ичин өлүү тынчтык каптады.

Фуллер деңиз жээгиндеги жай мезгилинин ажайып кооздугун бузуп, бардагылардын бардыгына жашоонун булагы болгон элөөсүз жаткан купуя эңсөөнү эске салды.

Жарым эс карындашын көңүл ачуучу жайдан алып кетейин деп келген агасына же аялын үйүнө, баласына айдап келүү үчүн барга камчысын сүйрөп кирген азуулуу күйөөсүндөй көрүнүшү ыктымал. Чындыгында капрал Фуллер Сюзаннаны буга чейин көргөн эмес.

Элге мындай оюн-тамаша кылуу оюна да келген эмес. Орундугу мынчалык кыйчылдай турганын билбептир. Ал жөн гана кыжырданганын кымырып, муну адам комедиясынын эки-үч гана билерманы байкаш үчүн Сюзаннанын керстендей керилип чыкканын бир аз сындыргысы келген.

Канткен менен орундуктун кыйчылдаганы Фуллерди бардагыларга, төтөн Сюзаннага көңүл чордону кылып койду. Жүзүнүн таштай катканын Фуллер өзү түшүндүргөнчө убакыт токтоп калгандай болду.

Фуллер жүзү балкыган жездей албырып турганын сезди. Өз тагдырынын учугун кармагандай болду. Тагдыры атайын ага көрүүчүлөрдү топтоп, толгон көмөкөйүн төккүдөй жагдай түзүп берди.

Фуллер эриндери өзүнөн өзү кыймылдаганын сезип, өз үнүн өзү укту. 

– Өзүңүздү ким деп ойлойсуз? – деди Сюзаннага.

– Кечирим сурашым керекпи? – бийкеч өзүн коргогондой гезиттерин көкүрөгүнө бекем кысты.

– Сиздин көчөдө келе жатканыңызды көрдүм – өзүнчө эле цирксиз го тим эле, “өзүн ким деп ойлойт (?)” дедим ичимден, – деди Фуллер.

Сюзаннанын жүзү албырып кетти.

– Мен... Мен актрисамын, – деп шыбырады.

– Сөз эмес бекен, – деди Фуллер, – Америка айымдары – дүйнөдөгү улуу актрисалар.

– Жакшы сөз кыш чилдесинде жыланды ийинден чыгарат, – деди Сюзанна тартынган үн менен.

Фуллердин иреңи бирде кубарса, бирде тамылжыйт. Акыл-эси кайра ой кумун чачыраткан, таамай сөздөрдүн булагына айланды.

– Олтуруп алып оюн көрчү театрды айткан жерим жок. Жашоо сахнасын айтып жатам. Биздин айымдардын баскан-турганын, кийингенин карасаң – сага бүт дүйнөнү берүүгө даяр. Анан эле колуңду сунсаң, тоголок муз салганын кантесиң.

– Коюңузчу? – таң кала сурады Сюзанна.

– Ошентпей анан, – деди Фуллер, – ушинтип бетке айтчу учур келди.

Ал отургандардын ар биринин жүзүнө тигиле караса, жүздөрүндө түшүнбөстүк каймагы сүртүлүү болсо дагы, анын жүйөөсүнө баары макулдай.

– Бул туура эмес! – деди ал.

– Эмне туура эмес? – деп кабак түйө сурады Сюзанна.

– Жылаажындуу буттарыңызды шыңгыратып мында келесиз, кызыл ашыгыңызга, күн нурун уялткан бутуңузга көздөрүм арбалууга аргасыз. Мышыгыңызды өөп жатсаңыз, “мышык эле болуп калбай” деп ойлоп кетем. Абышканы “апакай периште” дейсиз, сиздин желаргыңыз атала албай мында турсам. – деди Фуллер. – Элдин көзүнчө ачкычты катасыз, каякка жашырганыңыз андан бетер кызык.

Фуллер ордунан турду.

– Айым, – деди муңдуу үн менен, – мен сыяктуу жалгыз бой жупуну адамдарга атайын кыласыз, жанды кашайтып. Кургуйга түшүп баратсам дагы кол сунбай турганыңыз айдан ачык.

Эшикти көздөй бет алды. Бардык көздөр аны узата карап калды. Анын мындай айыптоосу Сюзаннанын ичин куйкалап жибергенин эч ким байкаган жок, баштагы Сюзаннанын бири калган жок. Сюзанна кертилүүнүн бучкагына илинген, он тогуз жаштагы башы тумандаган бийкечтей болуп калды, чыны ушундай эле.

– Бул туура эмес, – деди Фуллер. – Баскан-турганы, кийингени сиздей кыздарга мыйзам иштеши керек. Алардан жакшылык күтүп болбойт, балээнин уйгагындай алар. Сизге эмне айтарымды билесизби, баары сизди өпкүлөгүсү келерин?

– Жок, – деди Сюзанна ичинен кымгуут түшө.

– Эгер мен сизди өпкөнгө аракет кылганда сиз айтчу нерсени мен айтам, – деди Фуллер дымактуу. “Жогол!” деген ишараны билдирген колун алдыга сунду. – Шайтан алсын! – деди дагы эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Бир саамдан кийин эшик кайра тарс ачылып, жылаңайлак буттар чуркап чыкканына, жылаажындын шыңгыр үнү өрт депосуна барып дымып калганына кайрылып караган да жок.

Ошол күнү кечинде капрал Фуллердин жесир энеси үстөлгө шам жагып, үйгө келгенинин урматына стейк, кулпунай кошулган торт менен уулун тосуп алды. Тамагын кагаз чайнагансып ичип, жетине албаган энесинин суроолоруна тоңдоосун жооп берет.

– Үйгө келгениңе кубанганың көрүнбөйт ко? – кофе ичилип бүткөндөн кийин энеси сурады.

– Ананчы, – Фуллердин жообу ушул болду.

– Бүгүн эмне кылдың? – деди энеси.

– Сейилдедим.

– Эски досторуңа жолуктуңбу? – суроо салды энеси.

– Менин досторум жок, – деп жооп берди Фуллер.

– Досторум жок? – деп сурады колдорун серпкен энеси. – Ушу сенин?

– Убакыт өзгөрөт экен да, апа, – деди Фуллер ыкшоо. – Он сегиз ай – чындап келсе, көп убакыт. Бирөө шаардан кетсе, башкасы үй-бүлө курат...

– Никеден өлгөн кишини көрбөптүрмүн, – деди энеси.

Фуллердин мыйыгы кыймылдаган да жок.

– Балким жок, – деди ал, – Үй-бүлөлүүлөрдүн эски досторго убакыт табышы кыйын.

– Дуги үйлөнө элек да?

– Ал батышта, апа, аба күчтөрүндө, – деди Фуллер. Кичинекей ашкана ага суюк, муздак стратосферадагы бомбалоочу учактай жалгыз сезилди.

– Ошондой дегин? – суроо салды энеси, – бирөө-жарым калгандыр?

– Эч ким, – деп жооп берди Фуллер. – Таң эртеден бери телефонду аңдып олтурам, апа. Кореяга кайра кетишим мүмкүн. Үйлөрүндө жан киши жок.

– Ишенгим келбейт, – деди энеси. – Досторуң менен тиги чоң көчөнү таптасаң болбойбу?

– Апа, – деди Фуллер, – бардыгына телефон чалып чыкканымды айттым го? Барга барып, апа, чала тааныш болсо дагы бирди-жарым кирип калабы деп сода суусу түркүгүнүн жанындагы орундукта сулк олтурдум, апа, – деди убайымдуу, – Бирс Хинкли карыядан башкасын көрө алган жокмун. Сизди алдасам Кудай урсун. – Өйдө турду салфетканы тоголоктой. – Апа, кечирип коюңуз, уруксат этсеңиз барайын?

– Ооба, каралдым, – деди жылмайып. – Кайда жөнөдүң? Бүлө болчу кызга көз салганы, балким?

Фуллер салфетканы ыргытып жиберди.

– Тамеки алып келем! – деди ал. – Андай кыз калган жок. Баары өз турмушун таап кетишкен.

– Ооба, – энеси кубарып кетти. – Түшүнөм, балам. Сенин тамеки чегериңди билбептирмин.

– Апа, – деди уулу күчүркөнүп, – ушуну түшүнгөн оорбу? Мен он сегиз ай бою жок болдум, апа, бир жарым жыл!

– Ооба, узак убакыт, – деди баласынын дүрт эткенинен жалтайлаган энеси. – Бар эми, тамекиңди алып кел. – Уулун каруудан кармап. – Маанайыңды түшүрө бербе, садагам. Бир аз күт. Жашооңдо досторуң ушундай арбын болот дейсиң, ар бирине жетише албай каласың. Эсиңе келгиче татынакай жаш кызга жолугуп, баш кошосуң анан.

– Дин таануу мектебин аяктамайын азырынча үйлөнүү ниетим жок, апа, – Фуллер чычайып кесе сүйлөдү.

– Дин таануу мектебин?! – деди таң калганын жашыра албаган энеси. – Мындай ой качан келди сага?

– Бүгүн түштө, – деп күңгүрөндү Фуллер.

– Бүгүн түштө эмне болду эле?

– Мен бир диний сыноого туш болдум, апа, – деди уулу. – Ичимдеги белгисиз бир нерсе сүйлөшүүмдү талап кылды.

– Эмне тууралуу? – элейип сурады.

Фуллердин дүңгүрөп айлан-көчөк болгон башын Сюзаннанын ээликме оюну ээлеп алды. Кореядагы казармада аны кыйнаган кумар көз бийкечтерди кайра көрдү, чатырлардын ным керегесине экрандын ордуна шашылыш тартылган, эски журналдардагы кумарлуу сүрөттөр чапталган шейшептин ары жагынан азгырышат. Бул Сюзанналар бардык жерден Фуллерге окшогон бойдок капралдарды мас кылган сулуулугу менен курулай азгырып байышкан.

Чылгый кара кийинген, кекирейген пуритан бабасынын руху Фуллерди чүлүктөп алды. Фуллер кылымдар түпкүрүнөн чыккан үн менен, дарчы жез кемпирдин үнү менен, өзүн актаган, азап тарткан үн менен сүйлөдү.

– Мен эмне каршы сүйлөдүм? – деп суроо узатты. – Азгырыкка каршы сүйлөдүм!

Фуллердин тамекиси караңгыда жеңил ойлуу бейкапар адамдарды чок чачкандай чочутту. Тамеки ачуудан улам чегилди. Ал турсун түнкү көпөлөктөр дагы жуук барбаш керектигин аңдашты. Тынымсыз ойноктогон кызыл көз сымал тамекинин чогу айылдын болгон көчөсүн аралап, акыры сууланып чайналган чылым калдыгы болуп, өрт депосунун алдында өчтү.

Бирс Хинкли карыя өрт өчүргүч машинанын рулунда олтуруптур, көздөрүн кусалыктын изи каптап, чырпыктай кезинде унаа айдаган күндөрү эсине түшүп. Кыялданып олтурганы жүзүнөн байкалгандай, жаңы бир алаамат башталып, жаштарды айдап ийип, өзүнөн башка айдаганга эч ким калбай, өрт өчүргүч машинаны эрдик жасаганга эң кур дегенде бир айдап чыкса, ээ?! Абышка жайдын жылуу кечинде руль кучактап эс алып олтурду.

– Чакмак берейинби? – деп сурады капрал Фуллердин оозундагы өчкөн тамекини көрүп.

– Кереги жок, ыракмат, Хинкли мырза, – деп жооп берди капрал. – Бардык ыракатты кыртыш сүйбөй турганда.

– Ушул тамекиден кандай ыракат алышарына таңмын, – деди абышка.

– Маселе даамда, – Деди Фуллер, – кимге эмне жагат – кеп ушунда.

– Бирөөнө жаккан нерсе – башкасына уу коргошун, – деди Хинкли. – “Жаша, башкага да жашоо бер” деп айтканым айткан. – Шыпка көз салды. Шыптын үстүндө Сюзанна менен мышыгынын жыпар жыттуу уясы орун алган. – Менде эмне калды дейсиң? Өтмүш ыракатымды эстөө – болгон-бүткөн ыракатым ошол.  

Фуллер да шыпка карады, астырт  жылдырылган кепти түз кабылдап:

– Эгер сиз жаш болсоңуз, – деди ал, – мен ага эмне үчүн антип айтканымды билмексиз. Сулуу, менменсинген кыздарды көрсөм итатайым тутулат.

– Эсимде эмей, – деди Хинкли. – Андай учурлар баштан өтпөдүбү, унутуп калгыдай анчалык карылыкка моюн суна элекмин.

– Эгер кыздуу болуп калсам, бир эсептен куник болсо деп кетем, – деди Фуллер. – Окуучулук кездеги сулуу кыздарчы, тим эле жаман ойлорунда Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөндөй сезишчү өздөрүн. 

– Кудай акы, менин оюм да сеникиндей, – деп коштоп кетти Хинкли.

– Минген машинаӊ, көӊүлүн алганга жумасына жыйырма долларыӊ болбосо, сени карап да коюшпайт, – деди Фуллер.

– Антпегенде кантишет? – деди абышка купшуңдап. – Эгер мен мөлтүр кыз болсом, мен деле ошентмекмин. – Башын чайкап койду. – Кандай болгон күндө да ага баарын айттыӊ, согуштан кайтарың менен эсине келтирип койдуң. Ай, ушу сен айттыӊ.

– Ахх, – деген үн чыкты Фуллерден. – Аларды кызыктыра албайсыз.

– Кайдан билейин, – деди Хинкли, – Театрда бир жакшы салт бар: оюн боло берет. Мейли, өпкөңдөн кагынып-жөткүрүп жатсаң дагы, мейли, ымыркайың чарчап баратса дагы  – оюн улана берет.

– Менде баары жакшы, – деди Фуллер. – Ким нааразы? Баары ойдогудай.

Карыянын буурул каштары көтөрүлө түштү:

– Ким сен тууралуу айтып жатат? Тиги бийкечти айтып жатам.

Фуллер өзүмчүлдүгүн сезе кызара түштү:

– Ал жакшы эле.

– Койчу? – Хинклинин сураганы ушул болду. – Балким. Театрда оюн башталганын так билем. Билишимче, ал катышмак, дагы эле үйүндө болсо керек.

– Олтурабы? – деди Фуллер апкаарып.

– Дагы эле олтурат, – деди Хинкли, – каркынын мокотуп туруп, үйүнө айдап жибергенден бери олтурат.

Фуллер күлүмсүрөмүш болду.  

– Кайгы жокто капкаяктагы болду го? – анын күлүмсүрөгөнү ишенимсиз чыкты. – Болуптур, бейпил түн, Хинкли мырза.

– Түнүң бейпил болсун, жоокер бала, – деди Хинкли. – Жакшы эс ал.

Эртеси түшкө чукул айылдын чоң көчөсүндөгүлөр кыйсыпыр түшүп калышты. Янки дүкөнчүлөрү акчанын мааниси жоголгондой кардарларга кайтарым акчаны опсуз беришкеничи. Элдин ою өрт депосундагы чоң күкүк саатта болду. Капрал Фуллер саатты сындырып салганбы же түш ченде үстүдөгү кичинекей эшик ачылып, жаркын Сюзанна үлп этип чыга калабы (?) деген суроолор элдин жүрөгүн өйүдү.  

Барда Бирс Хинкли абышка Сюзаннанын Нью-Йорк гезиттерин көтөрүп жүрдү, улам бырышын түздөп – Сюзаннаны татканткан ушул болучу.

Түшкө жуук капрал Фуллер барга келди. Жүзү айыптуу, бир нерсеге нааразы болгондой түрү бар. Түнү менен кирпик каккан жок, айчырай айымдарга болгон ыза-таарынычын көз алдынан чубуртуп. “Өздөрүнүн сулуулугун гана ойлошуп, башкаларды көзгө илип да коюшпайт”, – деди өзүнө таңга жуук.

Сода суусу түркүгүндө каз катар турган орундуктардын жанынан өтүп баратып, капыстан ар бирин айландырып жиберди. Кечээ күнү кыйчылдап жаткан орундукка көчүк басты – эстеликтин өзү болуп калат экен. Ага ооз ачкан эч ким болгон жок.

Түшкө жуук өрт сиренасы жаңырды. Транспорт мекемесинен өрт депосуна өлүк ташыганга окшогон жүк ташуучу машина кайдан-жайдан келип токтоду. Секирип түшүп, тепкич менен көтөрүлгөн эки кишини көргөн Сюзаннанын ачка болгон кара мышыгы тосмого секирип чыга качып, жонун көтөрүп, жогдор жүнүн дүгдүйтө калды. Ага көңүл бурбаган берки экөө Сюзаннанын бөлмөсүнө кирип кетишти. Сюзаннанын жагданын ийрелеңдеп көтөрүп чыгып келаткан экөөнө мышык айбат кыла кышылдады.

Фуллер апкаарып калды. Бирс Хинклиге караса, эки өпкөсүнөн кагынган бейтаптай жүзү бырышып баратат – башы тегенерип, көзү караңгылап, деми кыстыгып.

– Эми ыраазысыңбы, капрал? – деп сурады карыя.

– “Кет” десем майнеке болоюн, – Фуллердин жообу ушул болду.

– Туңгуюкка каптап койгонуң ушул эмеспи? – деп Хинкли кашын серпти.

– Менин айткандарыма эмне анчалык маани берди дейм да? – деди Фуллер. – Анын мынчалык сезимтал гүл экенин билген эмесмин.

Абышка Фуллердин колун акырын кармап:

– Биз баарыбыз, капрал, баарыбыз ушундайбыз. Баланы аскерге жөнөткөндүн бир жакшы жагы – жалгыз назик гүл эмес экени мээсине жетет. Ушул жагы оюңа келди беле?

– Өзүмдү назик гүл деп эсептебейм, – деди Фуллер. – Мындай болуп кетет деп ким ойлоптур, бирок ал сураганы чын. – Башын шылкыйтты. Кулагы ысып-күйөт алоолонуп.

– Ал чындап эле жүрөгүңдүн үшүн алып койгон го, ээ? – деп сурады Хинкли.

Ар кыл шылтоо менен жакындаган коноктордун жүздөрүн жылмаюу аралап, кулак түрүп калышты. Муну байкаган Фуллер угармандардын күткөнүн баамдады.

– Ким коркуптур? – деди ал кежирленип. – Корккон эч ким жок. Менимче, бул жөн гана кимдир бирөө талкууга көтөрүп чыкчу маселе болучу.  

– Эч ким чарчабай турган тема экени анык, – деди Хинкли.

Фуллер ойноктой түшкөн көздөрү менен журналдар турган текчени бир карап өттү. Ал жерде жүзү жылдыздуу, көздөрү карагат, жамалы ак-саргылт Сюзанналар кат-кат болуп тирелет. Ишин оңунан чыгарар орчундуу сөз табам менен ал акыл-эсин аласапыран кылып жиберди.

– Өспүрүмдөр жасаган кылмыштарга оюм кетти, – деди Фуллер журналдарды көрсөтүп жатып. – Балдар акылынан тайып баратканына таң калып кереги жок.

– Сен сыяктуу менин деле эсим чыкты, – деди карыя акырын.

– Эч кимден коркпойм, – деди Фуллер.

– Болуптур! – деди Хинкли. – Коош, сенден башка ага гезиттерди алып барчу киши жок. Баарынын акчасы төлөнгөн, – деди да гезиттерди Фуллердин алдына таштады.

Фуллер жооп берейин деп оозун таптап барып, тим болду. Сүйлөйүн десе, тамагы муунуп, үнү кардыгып өрдөкчөсүнөн бакылдарын билди.

– Эгер чындап эле коркпосоң, капрал, – деди карыя, – Кудайга жагарлык бир иш кылчы.

Фуллер Сюзаннанын күркөсүнө тепкич менен чыгып баратып, калтаарыганын басууга аракет кылды.

Сюзаннанын эшиги ачык экен. Фуллер такылдатты эле, ачылып кетти. Анын көзүнө бийкечтин уясы караңгы, жымжырт, жыпар жыттуу, оор терезе пардалар, күзгүлөр, бир жеринде түрк бурчу, дагы бир жеринде ак куу элесиндеги керебет көрүндү.

Ал Сюзаннанын бөлмөсүн өз көзү менен эми чындап көрдү. Жыгач дубалдары жылаңач, үч илгич, линолеум төшөнчө салынган, янкиден жайкы ижарага алынган текейдей арзан күркө болучу. Кош көздүү газ плита, темир керебет, муздаткыч, түтүктөрү көрүнгөн чакан кол жуугуч, желим чөйчөк, эки табак, күңүрт күзгү, көмөч казан, мискей, самын салгыч көзгө урунат.

Бул жердин гарем экендигинин кыйытмасы – күңүрт күзгүнүн алдында жерде жаткан упанын агыш тогоосу, ал эми тогоонун ортосунда – эки жылаңайлак буттун изи. Манжалардын издери мончоктон чоң эмес.

Фуллер мончокторго, анан жагданына акыркы буюмдарын салып жаткан Сюзаннага көз кырын таштады.

Ал жолго чыкчудай миссионердин аялындай жарашыктуу кийинип алыптыр.

– Гезиттер, – деди кардыккан үнү менен Фуллер. – Хинкли мырза берип жиберди.

– Берип жибергенине ыракмат, – деди Сюзанна кайрылып туруп. – Айтып коюңуз. – Ооз ачкан жок. Фуллерди тааныды. Эрдин мурчуйтуп койду, кичинекей мурду кызара түштү.

– Гезиттер, – деди бош кайталап Фуллер. – Хинкли мырзадан.

– Уктум, – деди. – Жаңы эле айтпадыңызбы. Айтчу башка сөзүңүз жокпу?

Фуллер колдорун эки жагына бош чаап:

– Сизди кетиргим келген эмес, – деди ал. – Андай мааниде айткан эмесмин.

– “Кал” дегиңиз барбы? – деди Сюзанна аянычтуу. – Мени эл алдында “бузуку аял” деп жамандагандан кийин? “Жүрөөнөк”, “аягы суюк” дегенден кийин?

– Тобоо кылдым, сизди антип айткан эмесмин! – деди Фуллер.

– Өзүңүздү менин ордума коюп көрдүңүзбү? – деп сурап көкүрөгүнө чаап койду. – Бул жерде да бирөө жашайт, билсеңиз.

– Билем, – деди Фуллер, буга чейин билбесе дагы.

– Менде да жүрөк бар, – деди бийкеч.

– Албетте, – деди Фуллер муун-жүүнү калтырап. Улам денесин жылбырска каптап, мууну калчылдайт. Экөө турган бөлмө купуя терең сезимге толуп чыкты. Миң азаптуу кыялдардын алтын кызы Сюзанна Фуллер менен гана жан дүйнөсүн кызуу талкуулап жатты.

– Сиздин айыңыздан түнү менен кирпик каккан жокмун, – деди Сюзанна.

– Мен үчүн? – жашоосунан бийкеч кайра кетип калышын чындап каалады. Калың журнал бетиндеги ак-кара түстөгү сүрөткө айланып калса, анан ошол бетти жаап коюп, башка барактагы бейсбол же чет өлкө жаңылыктарын окуса кана?

– Эмне деп ойлодуңуз эле? – деди Сюзанна. – Сиз менен түнү бою сүйлөштүм. Мен сизге эмне дедим билесизби?

– Жок, – деди Фуллер артка кетенчиктеп. Фуллер жылса, бийкеч ага демите жакындады. Андан чоң радиаторго окшоп ысык илеп уруп турду. Сюзанна тозоктун отундай шойкомдуу жан эле.

– Мен сизге Йеллоустоун паркы эмесмин! – деди Сюзанна. – Мага салык төлөнбөйт! Мен баарына таандык эмесмин! Баш-ороюма кылыңыз кыйшайчу болбосун!

– Укмушуң ку-ур! – деди таң калганын жашыра албаган Фуллер.

– Сизге окшогон макоопештерден тажагандай болдум! – деген Сюзанна жерди бир тепти, капыстан жүзү сумсая түштү. – Мени өпкүңүз келсе, эмне кылышым керек? Кимдин күнөөсү?

Фуллердин баарына аябай далилдегиси келген ою эми бүлбүлдөп күңүрт көрүнүп калды – суучулдар суунун тереңинен күндү караганда ушундай көрүнөт.

– Бир аз адептүүрөк кийинсеңиз демекмин.

Сюзанна колдорун жайды.

– Азыр орой-кебетем ойдогудайбы? Ушундай болгондо көбүрөк жагамбы?

Анын сүйкүмдүү чырайы Фуллердин чучугун сызгырды. Көкүрөгүндөгү үшкүрүк комуз кылындай чарт үзүлдү.

– Ооба, мени оюңуздан чыгарып салыңыз, – деп күңкүлдөдү.

Сюзанна башын чайкады.

– Сизди жүк ташыган машина уруп кеткенди унутуш керекпи? – деди ал. – Ниетиңизди карарткан эмне?

– Эмнени ойлосом ошону гана айтам, – деди Фуллер.

– Ойлоруңуз да иритки, – деди Сюзанна таң калып. Көздөрү жайнап кетти. – Мектепте окуп жүргөндө сизге окшогондор мени турган жеримден өлүп калса дегенсип карашчу. Мени менен эч кимиси бийлечү эмес, мага сөз узатканы болгон жок, атүгүл жылмайып караганым да жоопсуз калчу. – Ал селт этип кетти. – Шаарчадагы полиция кызматкерлерине окшоп басып жүрүшчү, мени кылмыш кылгандай карашып.

Айыптоо чындыгы Фуллердин денесин дүр эттирди.

– Балким, алар башкача ойлошкондур, – деди ал.

– Андай деп ойлобойм, – деди Сюзанна. – Сиз башканы ойлогон жоксуз. Барда мага ойдо жок жерден кыйкырасыз да, же буга чейин бир көрсөмчү. – Бир кезде көзүн жаштады. – Сизге эмне болду?

Фуллер жер тиктеп калды.

– Ушунча болуп сиздей кызга жолуккан эмесмин, – деди ал. – Жүрөгүмдү өйүткөнү ушул.

Сюзанна ага таң кала карап калды:

– Ийгилик ачкычы эмнеде экенин түшүнбөйт окшойсуз.

– Ийгилик – бул акыркы маркадагы машина, жаңы костюм, жыйырма доллар, – деди Фуллер.

Сюзанна ага далысын салып, жагданын жапты.

– Ийгилик – бул кыз, – деди ал. – Сиз ага жылмайып, сый мамиле жасаңыз, кандай болсо, ошол калыбында кабылдаңыз. – Ал бурулуп, кайра колдорун ачты. – Мен дагы ошондоймун. Биз, аялдар ошондой жаралганбыз, – деди ал. – Эгерде жигит мага аяр мамиле кылып, мени кубанта алса, кээде өөп койгон да ашыктык кылбайт. Кандай дейсиз?

– Ооба, – деди Фуллер момураган түр менен. Анын энөөлүгүн кыз мурдунун учуна алып келип көрсөттү. Мырза ийинин куушуруп койду. – Мен кетейин. Жакшы туруңуз.

– Токтой туруңуз! Мени ушундай абалда калтырып кеткиңиз барбы? – деди башын чайкап. – Өзүмдү жаман сезүүгө татыктуу эмесмин.

– Мен эмне кылышым керек? – деди айласы куруган Фуллер.

– Келиңиз, чоң көчөдө бирге сейилдеп басалы, сиз мени менен сыймыктангандай түр көрсөтүңүз, – деди Сюзанна. – Ошону менен эл көзүнө менин аброюмду көтөрөсүз, – башын ийкегилеп. – Муну жасаганга сиз милдеткерсиз.

Катаал он сегиз айдан кийин Кореядан үйүнө эки күн мурун кайтып келген капрал Норман Фуллер бүткүл айылдын көз алдында Сюзаннанын үжүрөсүнүн эшигинин алдында күтүп турду.

Сюзанна элге жаккыдай болуп кийинип алмакчы болуп, Фуллерди “сыртка чыгып тур” деген. Транспорт мекемесине чалып, жүгүн кайра алып келишин да айтып койгон.

Фуллер Сюзаннанын мышыгын сылагылап убакыт өткөрдү. 

– Мыймый, мыймый, мыймый, – деп кайталап айта бергенин өзү да байкаган жок. Бул сыйкырдуу сөздөр: “мыймый, мыймый, мыймый” дубадай башын кеңгиретип, сезимин алсыратты. 

Сюзанна акыры үйүнөн чыкканда да “мыймыйлаганын” токтоткон жок. Кыз анын көздөрүн өзүнө каратып, колтуктатуу үчүн мышыкты колунан жулуп алганда гана:

– Кош бол, мыймый, мыймый, мыймый, – деди Фуллер.

Сюзанна жылаңайлак болчу, кулагында балдак алтын сөйкөсү селкилдейт, жылаажындуу чынжыр боо кызыл ашыгында шыңгырайт. Фуллерди аста колтуктап, шаңдуу, сымбаттуу, кылтыңдаган, делебени козгогон басыгы менен тепкич менен ылдый түшүп, ичимдик дүкөнү, камсыздандыруу мекемеси, мүлк сатуу агенттиги, ресторан, Америка легион бөлүмү, чиркөөдөн өтүп, эл толгон барга карай жөнөдү. 

– Бир аз жылмайып, өзүңүздү салабаттуу кармаңыз, – деди Сюзанна. – Мени менен баскандан уялбаганыңызды эл көрсүн.

– Тамеки тартсам болобу? – деди Фуллер.

– Сурап койгонуңуз кандай жагымдуу, – деди Сюзанна. – Жок, каршы эмесмин.

Оң колунун титирегенин сол колу менен басып, капрал Фуллер тамеки күйгүздү.

2023-жылдын 21-июну

Англис тилинен оодарылды.

[1] Пуританизм – XVIXVIII кылымдарда жорук-жосунду бек кармоо, адеп-ахлактын өтө катаалдыгы, тазалык жана муктаждыктарды чектөө менен мүнөздөлгөн жашоо мүнөзү.

[2] Маскара орундук – Орто кылымдардан XIX кылымдын башына чейин Англияда бузуку аялдарга колдонулган жаза түрү.

[3] Америка легиону – АКШнын согуш ардагерлеринин коммерциялык эмес уюму.

[4] Дарыкана – 1920-жылга чейин АКШда дээрлик ар бир дарыканада сода суусу түркүгү болгон. 1919-жылы башталган тыюу салуудан улам барлар жабылган.

[5] Капрал – айрым өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү кенже аскердик жана төмөнкү унтер-офицердик (сержанттык) аскердик наам.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (3)

  • - Утепление фасада цена за 1м2

    Наша команда профессиональных мастеров завершена предоставлять вам прогрессивные системы, которые не только предоставят прочную безопасность от прохлады, но и подарят вашему зданию элегантный вид. Мы эксплуатируем с современными материалами, обеспечивая продолжительный термин эксплуатации и отличные результирующие показатели. Утепление фасада – это не только экономия тепла на отапливании, но и трепет о природной среде. Экономичные технологии, какие мы применяем, способствуют не только своему, но и сохранению природных богатств. Самое основополагающее: <a href=https://ppu-prof.ru/>Утепление фасадов за 1 кв</a> у нас стартует всего от 1250 рублей за кв. м.! Это бюджетное решение, которое преобразит ваш дом в истинный душевный локал с минимальными издержками. Наши пособия – это не единственно утепление, это создание пространства, в где каждый аспект символизирует ваш собственный моду. Мы примем во внимание все твои пожелания, чтобы осуществить ваш дом еще больше теплым и привлекательным. Подробнее на <a href=https://ppu-prof.ru/>https://www.ppu-prof.ru</a> Не откладывайте занятия о своем жилище на потом! Обращайтесь к квалифицированным работникам, и мы сделаем ваш жилище не только теплым, но и изысканнее. Заинтересовались? Подробнее о наших делах вы можете узнать на официальном сайте. Добро пожаловать в универсум удобства и качественной работы.

  • - Утепление стен дома снаружи цена

    Наша группа профессиональных исполнителей приготовлена выдвинуть вам современные системы утепления, которые не только подарят надежную покров от холода, но и дарят вашему жилищу стильный вид. Мы трудимся с новейшими составами, подтверждая долгосрочный продолжительность эксплуатации и превосходные эффекты. Теплоизоляция фронтонов – это не только экономия ресурсов на отапливании, но и заботливость о окружающей природе. Энергоэффективные технические средства, какие мы применяем, способствуют не только твоему, но и сохранению природных богатств. Самое основное: [url=https://ppu-prof.ru/]Стоимость утепления фасада с декоративной штукатуркой[/url] у нас стартует всего от 1250 рублей за квадратный метр! Это доступное решение, которое превратит ваш дом в реальный тепловой местечко с скромными затратами. Наши труды – это не только изолирование, это составление области, в где каждый аспект символизирует ваш свой образ. Мы примем все все твои желания, чтобы осуществить ваш дом еще дополнительно комфортным и привлекательным. Подробнее на [url=https://ppu-prof.ru/]http://www.ppu-prof.ru/[/url] Не откладывайте заботу о своем помещении на потом! Обращайтесь к профессионалам, и мы сделаем ваш корпус не только теплее, но и по последней моде. Заинтересовались? Подробнее о наших услугах вы можете узнать на интернет-портале. Добро пожаловать в универсум благополучия и качественной работы.

  • - Утепление дома снаружи стоимость

    Наша команда опытных специалистов проштудирована предоставлять вам современные системы утепления, которые не только предоставят устойчивую оборону от заморозков, но и преподнесут вашему дому оригинальный вид. Мы эксплуатируем с последними средствами, сертифицируя долгосрочный срок службы использования и великолепные выходы. Утепление фронтонов – это не только экономия энергии на тепле, но и забота о экологии. Экономичные технологии, какие мы применяем, способствуют не только своему, но и сохранению экосистемы. Самое ключевое: <a href=https://ppu-prof.ru/>Утепление фасада дома москва</a> у нас начинается всего от 1250 рублей за метр квадратный! Это доступное решение, которое сделает ваш резиденцию в подлинный приятный уголок с небольшими затратами. Наши достижения – это не просто утепление, это формирование пространства, в где любой элемент выражает ваш собственный стиль. Мы берем во внимание все твои потребности, чтобы переделать ваш дом еще еще более комфортным и привлекательным. Подробнее на <a href=https://ppu-prof.ru/>www.ppu-prof.ru</a> Не откладывайте труды о своем обители на потом! Обращайтесь к спецам, и мы сделаем ваш дом не только теплее, но и стильнее. Заинтересовались? Подробнее о наших работах вы можете узнать на веб-ресурсе. Добро пожаловать в пространство спокойствия и высоких стандартов.

Комментарий калтырыңыз