Өткөнгө тушалсаң, келечегиңди жоготосуң

  • 29.06.2023
  • 0

Жашоодогу эң чоң кемчилик – бул, ар качан ишибизди бүтүрбөй, эртеңкиге калтырганыбыз. Ким күн сайын баштаган ишин бүтүрсө, ага убакытты издөөнүн кереги жок. (Люций Аннаеус Сенека)

 *     *     *

Үзүлгөн гүл тартууланышы керек, башталган ыр бүтүшү керек, сүйүктүү аял бактылуу болушу керек, андай кыла албасаң колуңдан келбеген нерсеге жармашуунун кажети жок. (Марина Цветаева)

*     *     *

Майда-баратка эле ыраазы болгон адамды болбогон бир кичинекей нерсе капа кылышы мүмкүн. (Талмуд)

*     *     *

Жашоо дегениң… жашоону чын жүрөктөн сүйүп, эч качан алдабагандарга гана күлүп жооп берет. (Жон Остин)

Жашоонун ар бир көз ирмемин терең мазмунга толтурган адам гана өз өмүрүн чексиз узартат. (Изолда Курц)

*     *     *

Адам кургур издеген жашоо өзүндө экенин түшүнбөй, өзүнөн тышкары жашоону табуу үчүн күрөшөт. (Жейран Халил Гибран)

*     *     *

Жашоодон кубаныч тапканды үйрөн, бул бактылуу болуунун эң жакшы жолу. (Сенека)

*     *     *

Жашоо бул өзгөрүү гана эмес, өзүңдү жоготпой сактай билүү дегенди да билдирет. (Лоуренс Питер)

*     *     *  

Жашоонун тамашасы – сага эң оор жаракатты сен душман эсептеген адам эмес, кечээ сага бакыт тартуулайм деп убада кылган жакын адамың жасаганында. (О.Рой)

*     *     *

Адамдарга байкоо салып көргөндөн кийин, адамдар бул дүйнөдө бактылуу болуу үчүн эмес, бай болуу үчүн жашайт деп так кесе айта алам. (Стендаль)

*     *     *

Апта сайын дүйшөмбүдө жаңы жашоо баштайм дейсиз. Дүйшөмбүлөр качан бүтүп, жаңы жашоо качан башталат?! (Карл Густав Юнг)

*     *     *

Өткөндү эстеп олтурсаң, келечегиңди жоготушуң мүмкүн. (А.Иванов)

*     *     *

Адам кызыктай жаралган: байлыгынан ажыраганда капаланып, өмүрдүн кайтып келбес күндөрүнө кайдыгер. (Абу-л-Фараж)

*     *     *

Жашоо барган сайын жеңил, жакшырак болорун күтпө. Андай эч качан болбойт. Ар дайым кыйынчылыктар болот. Бактылуу болууну азыртан үйрөн. Болбосо үлгүрбөй каласың. (Сенека)

*     *     *

Колуңда болгонуна шүгүр кылууну үйрөнсөң, Кудай ошондо жетпегениңди берет. (Гибран)

*     *     *

Жашооңду өзгөртүүнүн жалгыз жолу – сени күтпөгөн жерге бар. (Диоген)

*     *     *

Жашооңдогу достошуу акылдуу адам менен гана болууга тийиш, анткени эч качан келесоодон эмнени күтүштү билбейсиң. (Руми)

*     *     *

Ачкычсыз кулпуну эч ким жасабайт, жашоо да ошол сыяктуу – чечими жок көйгөйдү жаратпайт. (Ф.Ницше)

*     *     *

Эгер күн сайын эртең менен көзүң көрсө, бутуң басса, сүйлөй алсаң, сүйө алсаң, күнүгө эртең менен төшөктөн тура алсаң, демек укмуштуудай бай адамсың! Ал үчүн шүгүр кылууну унутпаң. (Сенека)

*     *     *

Ишеним – нерв клеткаларына окшош, ал дагы нерв сыяктуу эле кайра калыбына келбейт. (С.Мурадян)

*     *     *

Күчтүү адам өзүнө, алсыз адам башкаларга талап коёт. (Конфуций)

*     *     *

Башыңа келген жамандык, бул сенин тирүү экениңди гана далилдейт, анткени тирүү адамдын башына жаман нерселер келбей койбойт. (Ларри Уингет)

*     *     *

Эгер мүмкүнчүлүк келсе, аны коё бербе! Эгер мүмкүнчүлүк бүт жашооңду өзгөртөр болсо, ишке ашыр. (Карл Густав Юнг)

*     *     *

Бир күнү эле сенде бир гана көйгөй бар экенин түшүнөсүң – ал өзүңсүң. (Бертран Рассел)

*     *     *

Жашоону түшүнгүң келсе, бирөөлөрдүн айтканына, жазганына ишенгенди токтот, өзүң байкап, сезгенди үйрөн. (Антон Чехов)

*     *     *

Бири-бириңер менен канчалык көп жолугушканыңар маанилүү эмес, бул жолугушуулар сен үчүн кандай мааниге ээ, ошол маанилүү. (Эрих Мария Ремарк)

*     *     *

Максат менен жашоо – бул жашоонун максаты. (Лев Толстой)

*     *     *

Жашоо бул мүмкүнчүлүк экенин эч унутпа, бир нерсе биз үчүн ишке ашпаса, экинчиси сөзсүз ишке ашат. (Андрей Курпатов)

*     *     *

Жашап өтүүнүн эки гана жолу бар. Биринчиси, бул дүйнөдө таптакыр кереметтер жоктой. Экинчиси, айланада бир гана кереметтер курчап тургандай! (Альберт Эйнштейн)

*     *     *

Үнүңдү эмес, сөзүңдүн баркын көтөр. Гүлдөр күн күркүрөгөндөн эмес, жамгырдан өсөт. (Антон Чехов)

*     *     *

Жашоого каражат таба албаган ой эркин эмес. (Бертран Рассел)

*     *     *

Дайыма эмгек кылуу— искусствонун да, турмуштун да мыйзамы. (Оноре де Бальзак)

*     *     *

Жашообуздун бир да барагын айрып салалбайбыз, бирок ошол эле китептин өзүн отко оңой ыргытабыз. (Жордж Сэнд)

*     *     *

Жашоо – бул бейиштин кире беришиндеги карантин. (Карл Вебер)

*     *     *

Жашоодон баарын алба, тандап алганды үйрөн. (Альберт Камю)

*     *     *

Ким эмне менен бүтөрүн ойлобосо, башында эле ката кетирет. (Хуан Мануэль)

*     *     *

Чечкинсиздик ишке ашпаган аракеттен да жаман; суу токтогонго караганда аккан кезде аз бузулат. (Фернандо Рохас)

*     *     *

Эң чоң жаңылыштык – тез багынып бергенибиз. Кээде каалаган нерсеге жетүү үчүн да бир нече жолу аракет кылган оң. (Сократ)

*     *     *

Бир саат убакытын текке кетирүүгө батынган адам али өмүрдүн баркын түшүнбөгөн адам. (Марина Цветаева)

*     *     *

Өткөндү өзгөртө албайбыз, бирок сонун келечекти түзө алабыз. (Сенека)

*     *     *

Кооз сүйлөгөн миң адамдан көрө унчукпай иш кылган бирөөнү артык көрөм. (Конфуций)

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз