О`Генри: Акыркы жалбырак

  • 19.08.2023
  • 2920

Сүрөт https://www.google.com/url булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Ушул Вашингтон гүлзарынын батыш тарабындагы мааланын чиеленген авто жолдору үзүндүлөргө, кыска тилкелерге айлангансыйт. Бул көчөлөр кызыктай бурулуштарды жана ийри-муйру сызыктарды жараткандай. Атүгүл көчөлөрдүн бирөөсү өзү менен өзү эки жолу кесилишет. Белгилүү художник бул көчө ушул касиети менен абдан баалуу экенин айткан. Анын касиети мындай экен: маселен, дүкөндүн баш эсепчиси  боёктун, кагаздын жана кенептин эсеп-кысабын көтөрүп алып көчө кыдырып жөнөйт, анан эле карыздын бир да центин өндүрө албай кайтып келатканда өзүнө өзү жолугуп калат экен да!

Ошентип, терезелери түндүктү караган, он сегизинчи кылымдагы чатырлары жана голландия стилиндеги мансарддары бар арзанырак батирлерди издеп жүрүп, искусство адамдары ушул Гринич-Виллиж аттуу өзгөчө касиеттүү маалага туш болушкан.

Сью менен Жонсинин студиясы үч кабаттуу кирпичтен салынган там үстүндө жайгашкан. Курбусу Жоаннаны зркелетип Жонси деп чакырат. Бири Калифорний, экинчиси Мэн штатынан келген. Алар 8-чи көчөдө жайгашкан чакан ресторанда жолугушуп, экөөнүн искусствого, цикорий салатына жана модалуу жеңдерге болгон көз караштары окшош болуп чыккан. Натыйжада, ушул студия жаралды.

Бул май айында болгон. Ноябрда болсо медиктер атап алган Пневмоний деген бейтааныш желмогуз колонияны байкатпай аралап өттү, алгач бирөөнө, анан экөөнө муздак манжаларын тийгизди.

Ист-Сайд тарапты, бул канкор тайманбастан сүзүп кирип, ондогон адамдарды жутту. Бирок бул мааланын кууш, эңгилчек баскан кыска, ийри-муйру  көчөлөрүндө чалынып-жыгылып араң жылып жүрдү.

Карыган Пневмоний эч кандай сыпайы мыкты жентельмен эмес экен. Калифорнийдин зефиринен жей берип аз кандуулукка чалдыккан кызыл муштумдай кичинекей кыз, кем акыл, кышылдап дем алган картаң желмогузга татыктуу атаандаш боло албады. Чал кызды да чалып жыкты. Эми мына, Жонси сырдалган темир керебеттин үстүндө кыймылсыз жатат, терезеден, майда көздүү кашектер аркылуу кошуна кирпич үйдүн жыртык-тешиги жок бийик дубалын кечке карайт.

Эртең мененки кезектеги келишинде бушайман болгон дарыгер боз чалган кашын кыймылдатып белги берип, Сьюну далиске чакырды.

– Кыздын... ал өзү жашагысы келсе, ондон бир гана мүмкүнчүлүгү бар, – деди ал термометрдин сымабын силкип. –– Эгер бейтап табыт жасаган устанын кызыкчылыгын көздөй берсе, анда биздин фармкомпания, арга жок, алсыз. Кичинекей айым айыкпайм деген чечимге келиптир. Ал эмнени ойлонуп жатат?

–Ал... ал Неаполитан булуңун түстүү боёк менен тарткысы келет.

— Боёк менен? Сандырак кеп! Анын жан дүйнөсүн алаксыткан, ойлонтууга арзый турган нерсе жокпу, мисалга, жигиттер?

–Жигиттер? — деп кайталап сурады Сью, үнү ооз кыяктай катуу чыкты. – Эмне, жигиттер ойлонтобу?.. Жок, доктор, андай нерсе жок.

– Демек ал андан ары алсырай берет, – деди дарыгер. – Илимдин өкүлү катары колумдан келгендин баарын жасадым. Бирок менин бейтабым өзүнүн сөөк коюу тажиясына келүүчү кареталарды санап баштаганда, дарылардын айыктыруу күчү элүү пайызга төмөндөйт. Эгер сиз аны: “Ушул кышта жеңдин фасону кандай болот?”- деп сурай турган абалга жеткире алсаңыз, анда мен ондон бир эмес, жаш айымдын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бештен бирге жетет деп кепилдик берем.

Дарыгер кеткенден кийин Сью чеберканага чуркап кирип, кагаз жапон майлыгы таптакыр сууланып калгыча ыйлады. Анан кайратын жыйып, рэгтаймды (ошол кездеги обон) ышкырып Жонсинин бөлмөсүнө сүрөт тактасын көтөрүп көңүлдүү кирди.

Жонси терезени карап жатыптыр, денеси жууркан астында араң  байкалат. Анын уйкусун бузбайын деп Сью ышкырыгын токтотту. Тактайын орнотуп, журналга чыгуучу аңгеме үчүн сүрөттөрдү тушь менен тартып кирди. Жаш сүрөтчүлөр үчүн Искусствого кеткен жол журналдагы аңгемелерди иллюстрациялоо менен башталат, ошолор менен жаш авторлор Адабиятка чыйыр салышат.

Айдахо штатынын ковбойуна жарашыктуу шым кийгизип, көзүнө монокл (жалгыз көздүү көз айнек) кондурган сүрөтүн тартып жаткан маалда, Сью бир нече ирет кайталанган шыбыр-күбүрдү укту. Ал керебетке учуп жетти. Жонсинин көздөрү бакырайып ачык. Ал терезени карап алып тескерисинен саноодо.

– Он эки,– деп анан:  “он бир”, "он", "тогуз",  "сегиз", "жети",– деди.

Сью терезени карады. Санай турган эмне бар? Болгону ээн, көлөкө баскан короо жана жыйырма кадам аралыкта кирпичтен салынган тамдын дубалы турат. Тамырлары түйдөктөлүп чирий баштаган сөңгөктүү карыган чырмоок-дарак дубалдын жарымын ээлеп алган. Күздүн муздак деми сабагынан жалбырактарды дээрлик түшүрүп бүткөн, жылаңач ийри бутактар шыбагы урай баштаган кирпичтерге жанталашып жабышып алгансыйт.

– Эмнени карап жатасың, ардагым? — деп сурады Сью.

– Алты, – деди Жонси үлдүрөгөн үнү менен. –Алар азыр тез-тез түшүүдө. Үч күн мурун алардын саны дээрлик жүзгө жакын болчу. Санай берип башым айланган. Эми эсептеш оңой. Азыр эле бирөөсү учуп кетти. Эми бешөө гана калды.

– Бешөөң эмне, каралдым? Өз курбуңа айтпайсыңбы.

— Жалбырактар. Дарактын акыркы жалбырагы түшкөндө мен өлөм. Мен муну үч күндөн бери байкап келем. Доктор сага айткан жокпу?

– Мындай сандырак сөздү биринчи угушум! – Сью аябагандай ачуулана жооп кайтарды. –Сенин сакайып кетишиңе карт дарактагы жалбырактардын кандай тиешеси бар? А сен ошол чырмоок-даракты абдан жакшы көрчү элең го, жаман кыз! Акылсыз болбо. А эмнеге эртең менен доктур сени бат эле айыгып кетесиң деди... тагыраагы, ал минтип айтты: сенин бирден он мүмкүнчүлүгүң бар деп. Бул көрсөткүч Нью-Йорктогу трамвайдан жыгыласың, же жаңы үйдүн жанынан өткөндө башыңа кирпич түшөт дегенди билдирет. Аны коюп бир аз сорпо ичкенге аракет кыл. Сью болсо сүрөттү бүтүрүп редакторго сатат, оорулуу курбусуна шарап, өзүнө  котлет алып келет.

– Мындан ары шарап сатып алуунун кереги жок, – деп жооп берди Жонси терезеге тигилип. – Мына, дагы бирөөсү учуп түштү. Жок, мен сорпону каалабайм. Ошентип, төртөө гана калды. Акыркы жалбырактын түшкөнүн көргүм келет. Анан мен да өлөм.

– Жонcи, ардагым, сен өлбөйсүң,– деди Сью анын үстүнө эңкейип, – мен жумушумду бүтүргүчө “көзүмдү ачпайм, терезени карабайм” деп мага сөз бер. Мен эртең бул иллюстрацияларды тапшыруум керек. Мен жарыксыз иштей албайм, болбосо парданы жаап салмакмын.

— Башка бөлмөгө барып тартпайсыңбы? — салкын сурады Жонси.

– Мен сенин жаныңда болгум келет, – деди Сью. – Анын үстүнө мен сенин, тиги келесоо жалбырактарды карашыңды каалабайм.

– Бүткөнүңдө айт, – деди кыймылсыз Жонси, кулаган айкелдей кубарып көзүн жумду, – анткени мен акыркы жалбырактын түшкөнүн көргүм келет. Мен күтүүдөн чарчадым. Ойлонуудан чарчадым. Мени кармап тургандардын баарынан бошонсом, тетиги чарчаган бечара жалбырак сыяктуу учуп, ылдыйга, түпкүргө кулап түшкүм келет.

– Болду, тантыраба. Уктаганга аракет кыл,– деди Сью. – Берманды чакырып...  мен андан алтын казган дербишти тарткым келет. Бир мүнөттө келем. Мен келгенче кыймылдасаң, көрөсүң.

Абышка Берман ылдыйда, алардын студиясынын астында жашайт, ал да сүрөтчү. Алтымыштан ашкан абышка Микеланжело тарткан Моисейге окшош, узун тармал чачы жана сакалы сатирдикиндей (мификалык эчки) башынан эргежээл денесине дейре салаңдайт. Искусстводо Берман ийгиликке жетише албады. Ал шедевр жазмак, бирок аны баштай элек. Бир сындырым нан үчүн көрнөк-жарнактарды, жарыяларды жана ушуга окшогондорду чиймелеп жазып жүрөт, көп жылдардан бери чыгарма тарта элек.

Ал кесипкөй натурщиктер сураган акыга чыдабаган жаш сүрөтчүлөргө позага туруп берүү менен жан багат. Ичсе, кууп ичет. Кызыганда келечектеги шедеври тууралуу унутпай  айтып берет. Анын мүнөзүнүн башка жактары да бар: ал каардуу карыя, сезимталдыкты жек көрөт, шылдыңдайт, ал атайын дайындалган күзөтчү дөбөт сыяктуу эки жаш айымды дайыма коргоп келет.

Сью Берманды ылдыйкы кабаттагы күңгүрт-караңгы, көк арча жыттанган тар бөлмөдөн тапты. Бир бурчунда кол тийбеген полотно жыйырма беш жылдан бери мольбертте керилип турат, шедевр алгачкы штрихтерди күтүүдө.

Сью чалга Жонсинин фантазиясын айтып берди, анын бул дүйнө менен болгон байланышы солгундап баратканын, жалбырактай жеңил назик кыз мына-мына учуп кетеби деп чочулаганын билдирди. Ушуга окшогон ыксыз фантазияларды шылдыңдап жүргөн Берман карыя кызарган көздөрүнөн кылгырган жашын аарчыбай кыйкырып жиберди:

– Эмне! – жүрөк түшүрө бакырып. – Каргыш тийген чырмооктун жалбырактары түшүп калса эле, келесоолук менен өлүш керекпи! Биринчи жолу угушум. Жок, мен сенин акмак дербишиң боло албайм. Сен кантип анын башына ушундай тантыраган ойлор кирүүгө жол бересиң? Эх, байкуш кичинекей мисс Жонси!

– Анын акыбалы өтө оор, алы жок, – деди Сью, – ысытмадан соң анын башына ар кандай оорулуу ойлор кирүүдө. Болуптур, мистер Берман, эгер мен үчүн позага тургуңуз келбесе, анда тартпайм, жата бериңиз. Мен сизди, алжыган абышка... оозуна келгенди сүйлөдү деп кабыл алам.

– Мына сага, азамат айым! — деп кыйкырды Берман. –Мени позага турбайт деп ким айтты? Жүр. Кеттик. Мен сен үчүн барам. Жарым сааттан бери какшап атам, позага туруп берем деп. Оо, Жараткан! Ушул мисс Жонсидей жакшы кызды оорутпасаң! Убагы келгенде мен бир шедевр жаратам, ошондо баарыбыз бул жерден көчүп кетебиз. Ооба, ооба ошондой!

Алар үстүнкү кабатка чыкканда Жонси уктап калыптыр. Сью парданы ылдый түшүрүп, Берманга башка бөлмөгө барууга белги берди. Алар терезеден карт даракка чочулоо менен көз салып турушту.

Анан унчукпай бирин-бири карашты. Суук күчөп, тыным албай кар аралаш жамгыр жаап жатты. Эски көк көйнөкчөн Берман аска таштын ордуна оодарылган бастектин үстүнөн алтын казуучу дербишке окшоп орун алды.

   *     *     *   

Эртеси таң атпай Сью куш уйкудан ойгонору менен жабык жашыл парданы жалдырап карап жаткан Жонсини көрдү.

– Мен аны көргүм келет,– деп шыбырады кыз.

Арга жок, Сью каалабаса да баш ийди.

Анан, анан эмне болду?.. Түнү бою нөшөрлөп жааган жамгырдан жана катуу шамалдан кийин да кирпич дубалга жабышкан чырмоокто бир эле жалбырак калыптыр – акыркысы!

Сабагы кочкул жашыл, а бирок майда тиштүү жээктерин бойлой жалбырттаган жалын сыяктуу сары-кызгылт түстөгү, кээ жерлерин чирий баштагансып майда чекиттер баскан, жерден жыйырма фут (6,0 метрден ашык) бийиктикте, бар кайратын жумшап жабышып, желбиреген  жалбырак илинип турду.

– Бул акыркысы,– деди Жонси. – Мен аны түндө сөзсүз түшөт деп ойлогом. Шамалдын үнү катуу чыкты. Бүгүн сөзсүз үзүлөт, анан мен да үзүлөм.

— Кудай жар болгур! — деди Сью чарчаган башын жаздыкка жөлөп. – Өзүңдү ойлобосоң  да мени ойлосоң боло! Анан мен кайда барам?

Бирок Жонси жооп берген жок. Сырдуу, алыскы сапарга чыгууга даярданып жаткан жанга  жер үстүндөгү бардык нерселер керексиз болуп калат окшойт. Оорулуунун фантазиясы барган сайын күч алды, анткени аны жашоодо адамдар менен байланыштырып турган байкалбаган жиптер биринин артынан бири үзүлүп баштаган.

Күн батты. Күүгүм кирсе да сабагы кирпич дубалга жармашкан чырмооктун жалгыз жалбырагы көрүнүп турду. Караңгы кирери менен түндүктөн соккон шамал кайра күчөп, жамгыр терезелерди тынымсыз ургулап, голландиялык жапыз чатырдан суу куюлуп жатты.

   *     *     *   

Таң атаары менен ырайымсыз Жонси кайрадан парданы  көтөрүүгө буйрук берди.

Чырмооктун жалгыз жалбырагы дале ордунда!

Жонси аны карап көпкө жатты. Анан ал тооктун сорпосун газга жылыта баштаган курбусун чакырды.

– Мен эң жаман кыз экемин, Сью, – деди Жонси. –Тээтиги акыркы жалбырак менин кандай макоо экенимди көрсөтүү үчүн бутакта калса керек. Өлүмдү каалоо чоң күнөө. Эми мага бир аз сорпо, анан портвейн кошулган сүт бер... А жок, коё тур: адегенде мага күзгү алып кел, анан аркама жаздык кой, мен сенин тамак жасаганыңды карап отургум келет.

Бир сааттан кийин ал мындай деди:

– Сью, качандыр бир күнү Неаполь булуңун түркүн түскө боёп тартам деп үмүттөнөм.

Дарыгер түштөн кийин келди. Кетип баратканда Сью бир шылтоо менен анын артынан далиске чыкты.

— Мүмкүнчүлүктөр бар, — деди дарыгер Сьюнун калтыраган арык колун кысып. – Жакшы кам көрсөң сен сөзсүз жеңесиң. Эми ылдыйкы кабаттагы дагы бир бейтапка барышым керек. Аты Берман экен. Ал да сүрөтчү окшойт. Аныкы да пневмония. Кары кишинин абалы оор, өтө алсыз. Эч кандай үмүт жок, бирок бүгүн ооруканага жаткырабыз, ал жакта тынчыраак эмеспи.

Эртеси доктор Сьюга:

– Кичинекей айым коркунучтан алыстап кетти. Сиз жеңдиңиз. Азыр жакшы тамак-аш жана багуу, башка эч нерсенин кереги жок.

   *     *     *     

Ошол күнү кечинде Сью Жонси жаткан керебетке акырын келип, ачык-көк түстөгү эски моюн орогуч менен ороп, анан кош колдоп аны жаздык менен кошо кучактады.

– Бөжөгүм, менин сага айта турган сөзүм бар, – деп муңканып баштады ал. –Мистер Берман бүгүн ооруканада пневмониядан көз жумду. Ал эки эле күн жатты. Дарбаза кайтаруучу биринчи күнү таң атпай келсе байкуш абышка бөлмөсүнө жетпей астанада жатыптыр. Эс учун жоготкон. Ботинкеси жана кийимдери бүт суу, муз болуп тоңуп калыптыр... Ал түн ичинде кар аралаш катуу жааган жамгырда кайда барганын эч ким билбейт. Анын жанынан күйүп турган фонарды, ордуна коюлбаган шатыны, ыргытылган бир нече кыл калемдерди жана сары-кызгылт, жашыл боёктордун палитрасын табышыптыр. Эми терезени кара, кымбатым, акыркы жалбыракка көңүлүңдү бур. Аны катуу шамал титиретсе да ордунан козголбой турганы сени таң калтырган жокпу? Ооба, карагым, бул Берман карыянын жазган жалгыз шедеври, ал жалбырактын сүрөтүн тартып алып, түнкү катуу жамгырда сыртка чыккан, дубалга шатыны коюп, дарактын бутагына акыркы жалбыракты аябай бекемдеп жабыштыра илген экен, анан ал байкуш үйүнө жетип-жетпей жыгылган турбайбы.

Орусчадан которгон Аваз Жокей

Июль-август 2023. Бишкек.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз