
Бөлмөнүн ичинде терезеге жакын коюлган дивандын четинде чачы куудай агарган байбиче отурат. Башына ороло байланган сары гүлдүү жоолугун, андан туш-туштан чыгып калган чачтарын араң эле көтөрүп тургандай ичке моюнун алдыга созуп, эки көзү жолдо. Машина токтоп, сагындырган, күттүргөн балдарынын бири кирип келчүдөй, дарбазаны үмүттүү карайт. Чылк темирден уюган дарбазанын артында машина жол бар. Мурда дарбаза жок кезде машиналардын алыстан келатканы көрүнүп турчу. Эми минтип кичүү уулу эски тамдын жанына шыбы менен пайдубалы бийик чоң үй салып, короо-жайын тегеректеп тосуп салгандан бери эненин эрмеги ушул терезе болду. Жай, кыш дебей анын алдына отуруп алып жол карагандан тажабайт. Кээде отуруп алып кыялданат. Ушул дарбаза ачылып эле бардык балдары неберелери менен кирип келатканын көргүсү келет. Анан алар үйдө көп күн жүрүшсө. Кичинекей кездериндей чурулдап чогуу отуруп чай ичишсе. Неберелери короону толтуруп ары-бери чуркап ойношсо. Тамаркадагы абышкасы тиккен кокон гилас бышкан маалда келсе балдары. Сапсары кокон гиласти бардыгы жакшы көрчү эмес беле.
Эненин колунда кадимки эле уюлдук телефон. Башка жерге коюп койсо болбоочудай кармап алган. Аңгыча колундагы телефон «чарр, чарр» этти.
- Алло! Алло! –кандайсыз апа? Ден соолугуңуз жакшыбы?
- Жакшы, жакшы жүрөм кызым. Ай, бери карачы, бу сен алып берген телефонуң бузук экен!
- Эмнеге? Сүйлөшуп эле жатпайбызбы?!
- Кечке унчукпай койду го!
- Ой апа, кантесиз, бирөө чалса анан сүйлөйт да.
- Каалаган убагыңызда сүйлөшө бересиз дебедиң беле? Унчукпай турат го сүйлөшөйүн десем да.
-Ой апам ай, жаш бала болуп кетесиз да. Ал өзү эле сүйлөштүрө бербейт. Бирөө чалса анан сүйлөшөсүз.
Эне быйыл 85 жашта. Канчага келип калдыңыз дешсе – «оо токсондон ашып кеттим» - деп коет. Бутум ооруйт дегени гана болбосо, өзү тың, сүйлөгөнү, укканы чыйрак. Тамакты тандап жейт.
- Камырды колго жайып, суюк аш кылчы балам – деп турат келинине. Өмүр бою бала бакчада тарбиячы болуп иштеди. Кошуналарынын балдарын жазбай тааныйт. Өзүнүн 5 баласы бар. Экөө уул, үчөө кыз. Бир уул, бир кызы үй-бүлөсү менен Бишкекте жашашат. Калган кыздары күйөө балдары менен Россияда. Колунда кичуу уулу келинчеги менен, бирок уулу да азыр Москвада. Көкүрөк күчүгү да өзүн тартып баласаак болду белем, эки кызын лицейден окутат. Айылдан 10 чакырымдай алыстыктагы жатак мектептеги неберелери үйгө дем алыштарда гана келет. Келип калганда кир-когун жууп, үй оокатына жардам беришип, өздөрүнчө божурашып апасынын жанынан чыгышпайт. Энесине чанда бир келип “ысык чай ичесизби” деп сурап койгондору болбосо, эненин күнү кечке эрмеги кара телевизор. Бирок андан да башы ооруп кетет, ошого көп көрбөйт. Карыганда көздүн курчу кетип калат экен, өчүрө турчу бир аз деп калат келинине.
Өткөн айда Бишкектеги кызы келип кеткен. Жөн эле апамды көрүп кетейин деп келиптир. Ошондо телефон алып келип, минтип койду эле:
- Мына апа, эми сиз каалаган убагыңызда балдар, кыздарыңыз менен сүйлөшө бересиз. Эне жапжаңы телефонду нары-бери кармалап, ичинен балдарынын карааны көрүнө калчудай, көпкө тигиле карап, бул жөнөкөй бир буюм эмей эле, ыйык, сыйкырдуу нерсе катары чөнтөгүнө салып койгон.
Апамдын өзүнүн «личный» телефонуна чалалычы деп, Россиядагылары да, Бишкектегилер да тынбай чалып жатышты эле. Соңку күндөрү колдору бошобой жатат окшойт. Айтор кыйла күндөн бери телефон унчукпай калды.
Эне кыжаалат.Телефону чырылдабас болду. Оң колун чөнтөгүнөн чыгарбай дайыма телефонун кармап жүрөт. Чырр этсе укпай калбайын дейт окшойт. Улуу кызынын үнүн уккусу келет. Дайыма токтоо сүйлөп, өзүнөн кичүүлөрүнө акыл кеңешин айтып турчу эле. «Ашказаным ооруйт» дечу эле, кантти экен?... Кыздарынын кичуусу тармал чачтуу сулуу кыз. Тармал козум деп эркелетчү. Тармал козусу деги эле чалбай калды. Күйөөсү кызганчак дешчу эле. Эмне болуп жатышат экен? Бишкекте жашаган уулу жоош, момун адам болду. Аялынын тилинен чыкпайт. Анан да катышы көп. Бая күнү эле он экинчи жаш бүлөгө өкүл ата, эне кылып шайлашты деп жаткан. Бирок эки кабат үй салып, ичин толтуруп, машине минип жүрүшсө да, ал келини «жок» дегенден башканы билбейт.
- Мейли, - дейт эне, ал баласын эстегенде. Кудайым аны ошентип жаратып койгон да. Өзү турмушуна ыраазы болсо мейли. Ботом, телефону бар да, сүйлөшүп турса болбойбу?
Эртеден кечке чейин кызматына алаксып, андан соң же достору менен бильярдка же футбол көргөнү же болбосо жон гана чай ичип кобурашып отурганга кафелерге жөнөп, тээ түн бир оокумда үйүнө келип, уктап аткан балдарын бир карап коюп уйкуга кеткен уулу, мүнөт сайын телефон чалуусун кутуп отурган энесин, эстебей калган күндөрү да болоорун эне байкуш ойлойбойт да.
Бул мага алып келген телефону бузулуп калган го, болбосо кантип эле бардык балдары чалбай койсун?!...деген ою менен кимдир бирөөгө таарынгандай болгон эне далисте турган гөлөчүн кийип сыртта жүзүм алдында турган тапчанга отура кетти. Бүгүн эинегедир алы жок.
Күн жылуу. Күз аяктап баратса да, али кыштын белгиси билине элек. Эрте жазда жаш келиндей кулпурган мобуреки жүзүм сапарынын карып баратканына моюн сунгандай, сыдырым желге бариктери билинер-билинбес дирилдейт. Айылдын тээ жогору жагындагы алтын чачып кеткендей саргайган адырлар да эми күрөң тартып томсорушат.
Эне короодон чыгып жолдон ары-бери өткөндөрдү карап бир топ отурду. Ыраматылык абышкасын эстеди. Аты жаман кара ооруга чалдыгып бул дүйнөдөн эрте эле кетип калбадыбы. Жаны жаннатта болсун. Балдары атасын эстеп куран окуп турушат болду бекен. Баса, эми чалганда айтайын аларга.
Оң чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып, көпкө тиктеп турду да, улутунуп алды. Ал дагы деле мизирейип унчукпай турган. Аяр көтөрүп кулагына такады. Экранын үңүлүп көзүнүн майы кургаганча карап көрдү. Унчукпайт.
«Ыргытып ийсемби же ме, оюнчук кылып ал деп неберелериме берип койсомбу? Жок, бүгүн кое турайын, балким сүйлөп калаар».
Эне үйгө кирейин деп ордунан козголду.
- Апа, апа, каякта жүрөсүз? Кубат сүйлөшөм деп жатат. Келини өзүнүн телефонун кулагына тосту.
- Апа, кандайсыз? Оорубай жүрөсүзбү? Баары жакшыбы?
- Уулунун үнүн тааный койду эне.
- Кубатым, алдыңа кетейин, мен жакшы, өзүң жакшы жүрөсүңбү? Бөтөн жерде кыйналбай атасыңбы?
- Ой апааа, элдин бары эле жүрбөйбү. Жакшы болсоңуз болду апа, болуптур, мен дагы чалам…
- Балам, бери карачы..., тиги атаңа...
-Түүт,түүт, түүт...
Үн өчүп калды. Өтө керек нерсесин жоготуп алгандай өңү бозоруп, кайпалактай түштү. Көкүрөгү оор тартып, бул дүйнөдөгү бардык жакшы нерселер уулунун үнү менен бүтүп калгандай болду. Анан эстей койгондой өз телефонун чөнтөгүнөн алып чыкты. Каран калгыр, унчукпаган неме турбайсыңбы! Ме, деп келинине карматып койду.
Эне этегин кагынып үйдү көздөй басты. Күздүн күнү коңур тартып, жылуу болуп турса да, денесин жагымсыз муздак каптап, чыйрыгып чыкты. Колдорунун майда калчылдаганы да күчөй түшкөндөй. Өххх деп болгон күчү менен терең дем алып алды да аста басып терезенин түбүндөгү диванына жөнөндү. Бөжүрөйүп кипкичинекей болуп, «быссымылда» деп жаздыка баш койду.
Эне ошол бойдон кайтып турган жок...
«Монпарнас» журналынын №10 саны