Түшүмө Назгүл кирет апам болуп.
Түшүмө апам кирет Назгүл болуп.
"Экөөнүн кимиси?.." деп жатам жоруп.
Түшүмдөн апам кетпей айланганы-
түйшүккө чыдайт ушул келиним деп,
түгөйүм Назгүлгө же айланганбы?
Ич кийим, жылуу, жумшак байпак алып,
Назгүлдүн өзү болуп апам кээде
түшүмө кирчү болду кайталанып... 12.03.24.