Грант Матевоян: Жашыл өрөөн

  • 28.04.2025
  • 1388

АҢГЕМЕ

Чагылгандын найза огу кургак чарт-чурт эте, аска бетине чап уруна тайып, этектеги туландуу жерге сиңип жок болду. Аска бекем эле, чагылгандын найза огу анын бир-эки күкүмүн да кетий албайт болучу. Аска түбүндөгү жашыл тулаң баскан жер бу өрөөнгө сугун артып келе жаткан бардык чагылгандардын ажал тапчу көрүстөнү боло турган. Жазгы-күзгү оттой ойногон чагылгандар ушу асканын түбүнө көмүлчү. Жайылып өскөн али эмен ар сапар чагылган карс жарылардын алдында өзүнөн эмендик тили менен кадимден чагылган огуна өз бетин тосуп, аны анык мертинээрден сактап келе жаткан аскага оюнда ыраазычылык билдирчү.

Чагылгандын найза огу али көктө ойноп жаткан чакта эле, ал азыр жарылабы же кийинчирекпи деп ойлоно калган бээ акырын кишеней, кулунун өзүнө чакырды. Чагылган ушу көз ирмемде жарылып, кулунчагын чочутарын сезе койду, а кулун болсо, энем эмчегин эмгизгиси келген окшойт деп ойлоду, ал өзүнүн ушу саатта эмчек эмгиси келери же келбестигин билгиси келгендей кичине тына калып, эмчек эмүү анчалык деле көңүлүнө чаппай турганын туйду, андан көрө гүлдөр менен чөптөрдү жыттагылап, аларды билгиси келди. Дал ушул чакта чагылган жарылды. Кулун серең эте энеси тарапка жүгүрдү, бирок корккону ушунчалык, энесин көрбөй эле башка жакка чуу койду. Энеси кулунчагынын артынан жетип барат беле, бирок аркандалуу болгондуктан, узатпай турду мойнундагы аркан. Эми энеси секин кишеней, кулунун өзүнө чакырды.

Кулун болгону бир гана айлык эле, бир айлык аз гана өмүрүндөгү биринчи көргөн чагылган эле бу. Ал энесинин астына кире качып, кулактарын тикчейте, жамгыр тамчыларынын эмен жалбырактарын шатырата сабап атканында бир аз кулак төшөп турду. Анан ары жакка көз жүгүртө, асканы, ит мурунду, эменди көрдү. Ал көздөрү менен эмнегедир издеңкидей, чагылгандан коркконун тез эле унутуп, энесинин астына эмчек эмүү үчүн кире калгандай туйду өзүн. Учу капкара куйругун булаңдата, энесинин курсагына ыктады кайра. Кара бээ буттарын кере, кулуну эмчегин сорсун үчүн денесин бүтүндөй бошото, сүтүн ийди.

Бу кулун не бир көзгө сүйкүм денесин туташ жылдызчалар каптаган, кудум ак кыроо баскандай көрүнөт. Буттары ипичке, упузун. Арткы оң буту ак байпак кийип алгандай аппак. Өзүн кудум ак кыроо басып, а арткы буту кар кечип тургандай. Мойну ипичке, упузун. Башы кипкичинекей, маңдайында тегерек ак тагы бар, а дагы жылдызчага окшош. Бугулар менен тоо эчкилери, козулуу койлор суу ичкени келе турган бу өрөөнгө, анан өз өмүрүндө көп кулун тууган, бирок мынчалык сүйкүмдүү кулунду көрө элек ушу бээ келет. Бу кулун жашыл өрөөндүн эң аруу жандыгы эле. Кулундун жалы менен куйругу капкара. Биз анын көздөрү кандай экенин биле алган жокпуз, анткени кулун башын тынбай сереңдете берчү, көздөрүн көрүү үчүн канчалык урунбайлык, жакындай алчу эмеспиз. Дегинкиси, анын көздөрү өтө жоодураган болсо керек, не дегенде жылкы затынын көздөрү өтө сулуу болот эмеспи: айлана-тегерегиндегилер бүт чалыгат алардын көздөрүнө. Эмен, гүлдөр, ит мурундун шактары, өзүнүн кыпкызыл энеси, анан бүтүндөй жашыл өрөөн чагылчу кулундун көздөрүнөн.

Кулун бир аз аңкоо эле, анткени, өтө эле жаш. Жамгыр тамчылары буттарынан ылдый шорголоп, ал серең эте бир силкинип алды да, ары жакка буйт койду. Энеси эми аны өзүнө чакырбады: жамгыр тынып, жамгыр бүгүн кайталап жаабаса керек, күн булуттардын арасынан чакчая чыга келди.

Күн нуруна толуп-ташкан жашыл өрөөн жаркылдап турду. Жамгырга жуулган эмен жалбырактары жылтылдайт. Жылт-жулт этет ит мурундун жалбырактары да. Бээнин нымдалышкан соорусу да. Кулундун соорусунан да күн чагылат. Сары асканын түбүнөн башталып, жашыл өрөөндү баштан-аяк аралап өткөн өзөн суусу деле күзгүдөй жаркылдайт. Бирок өзөн суусунан чагылгандын жыты келгендиктен, кулун андан жүзүн буруп кетти. Ит мурундан да чагылгандын жыты келет, кулун бир азга нарыга чуркап барып, тык токтоду да, ит мурунду алысырактан бир жалт карай берип, кайрадан бөпөң-бөпөң кадам таштай жакындады дагы-дагы бир жолу жыттагысы келди чагылган жыттанган ит мурунду.

Кары бээ бу өрөөндүн бүтүндөй жыт-жыбырын билчү. Ал бу айлана-тегеректеги бардык ой-кырдын жыт-жыбырын биле турган, бөтөнчө ушу өрөөңдүн жытын жакшы билер эле, анткени, биерге бээ тез-тез аркандалчу. Чагылгандын жыты ана-мына жок болуп кетиши лаазым, күн табы шүүдүрүм менен кошо аны да буулантып жибериши дайын. Таш чөбүнүн жыты дагы өрөөнгө туруктуу жыт, таш чөбүнүн жытын дөңсөөлөр тараптан койлордун нымдуу жыты менен кошо шамал ала келет. Бээ оттоп атып, дөңсөөлөрдөн аркы бетинде койлор жайылып жүргөнүн, ырас аяктан шамал койлордун нымдуу жытын жеткирип аткан соң, ал жакта иттер менен чабан бар деп ойлоду.

Дөңсөөлөрдүн аркы бетинде койлор жайылып жатат, өрөөндүн көк чөбү таттуу, өзөн суусу ширин, сереңдеп ойноп жүргөн кулунчагым бу өрөөндүн мээрбан, ары жылуу, бейкут койнунда ээн-эркин чоңойо берет деп ойлоду бээ.

Бээ башын көтөрдү: эмен кадимкисиндей бой керет, сары аска ысыкта көшүлөт, кулун ит мурунду жыттагылап атат. Күн кызый берип, жамгырдан кийин чөп таттуу, ары жумшак болгондуктан, оттоо керек эле. Башын ылдыйлаткан бээ эки-үч чөптү жалмады, бирок кандайдыр бир белгисиз нерсе анын тынчын алгандыктан, башын көтөрдү кайрадан.

Жашыл өрөөндүн чок ортосунда кыймылсыз турган кары бээ башын силке жымжырттыкка узак кулагын төшөдү. Өрөөндүн туш тарабына көз жүгүртүп чыкты. Ар тарап мындан бир мүнөт мурдагыдай эле тыптынч, бейкапар бой керет эмен, жай көшүлөт аска, а тынбай туйлаган кулунчак ит мурунду тегеренип жүрөт. Беймарал оттой берсе болчудай, бирок кызыл бээ башын жерге ийип да койбоду, башын кескин жогору көтөрө, кулактарын тикчейте – өрөөндөгү бүтүндөй купуя добуштарды тыңшагысы келди. Анан бышкырына, кайра былк этпей калды, өрөөндөгү бардык чоочун жыттарды сезүүгө тырышты. Көпөлөктөр каалгый учуп, бал аарылар ызылдайт, өзөн суусу чулдурап, мойнун созо көпөлөктүн артынан кууп жүргөн кулунчак ит мурунду тегеренет, бирок кызыл кары бээ бу үндөрдү уккусу жана бу көрүнүштү карагысы да келбеди. Өрөөндө кандайдыр бир белгисиз коркунуч бугуп жатты. Абада бу коркунучтун үнү жок эле. Бу коркунуч көзгө деле чалдыкпады, анын жытын шамал деле каяктандыр айдап келбеди, анткен менен эми кары бээ беймарал оттой албады.

Кары бээ кыжырдана баштады. Анткени өрөөндө душман бар эле, бирок ошо душман көзгө чалдыкпады, угулбады үнү же анын кай жерде турганын аныктоого мүмкүн болбоду.

Жашыл өрөөндүн чок ортосуна туруп, айланага көз чаптыра, жымжырттыкка кулак түрүштү – сары аска, жыйылып өскөн али эмен, кызыл кары бээ жана ит мурун. Аска үчүн эч кандай коркунуч жок болучу жашыл өрөөндө, анткени, бүгүн чагылган өтүп кетти. Эменге деле көңүлүндөгүдөй, не дегенде аска аны дагы сактап калды чагылган огунан, анан дагы күн мээримин чача, жылытып турду. Ит мурун үчүн деле баары оюндагыдай, анткени, анын кардай аппак эки баш гүлүнө кулунчактын бою жетпеди. А кызыл кары бээ дайынсыз күтүүдөн көл-шал терге батты.

Өрөөн жылкылардын тынчын алды: өрөөндө душман бугуп жатты, бирок өрөөн душман сырын ача бербеди же мунун жытын сездирбеди. Кызыл кары бээ кулуна тарапка басууга батынбады, өзүнүн жасаган кадамы менен душманынын жашыруун басыгын укпай калам деп чочулады.

Ушинтип өрөөндө аска, эмен, ит мурун жана бээ кыймылсыз турушту. Аска көшүлөт. Бекем кабыкчалар менен оролгон эмен шактарындагы жаңгактар маңыз жыйнап, эмен буга жетине албай кубанып атты. Ит мурун эки баш гүлүн күн көзүнө жаза, жылуулукту шимирип атты, а кызыл кары бээ ызага батканынан денеси калчылдайт. Ушу кезге чейин ага өрөөн бир да жолу опаасыздык кылбаган. Мүмкүн чагылгандын жыты душман жытын, өтө эле жакын аралыкта турган жытты сезүүгө тоскоолдук кылып жаткандыр, бээ кайра-кайра жыттагылап атты абаны, бирок душмандын жыты чагылгандан кийинки кисколород жытына далдалана калып атты.

Кулун кошо эмнегедир тигиле карап, кайра кылчайды, энесине карады. Анан эмнегедир дагы карап, кайра кылчайды энеси тарапка. Кулун кызыга карап турду, кайра кылчайды энеси тарапка, энеси былк этпейт, мойнун созо, күйүп турат энесини көздөрү.

Кулун дагы бир жолу энеси тарапка карап коюп, эми ошо өзү кызыга карап турган тарапка кадам таштады. Ушу көз ирмемде энеси карышкырдын жан кашайткан, жүрөк муздаткан жытын сезе койду. Кишенеп жиберди энеси кулунуна умтула берип, карышкырдын каалгый, ары узун секирик менен кулунуна жетип барганын көрдү.

Дөңсөөлөрдүн ары жагыдагы койлорду айланчыктай жүргөн бөрү басар иттер жылкылардын кыска, ачуу кишенегендерин угушту. Абышерге түштү иттер, бирок тез эле кайра жымжырт боло калгандыктан, иттер тынчып калышты.

Кызыл бээ кулунуна боюн таштады, бар күчү менен ага умтула берип, күрс кулады. Кара бээ эле бу, узак жашоосунда көп жолу жыгылууга туура келген, бирок күтүүсүздөн болду бу сапар. Жыгылары менен дароо тура калды ал. Жыгылганынын себеби – аркандалуу эле, бар күчү менен кулунуна умтулганынан жыгылган болучу. Азыр дагы аркан аны муунтуп, койо бербей атты кулунуна.

Кулун энесинин алдына келүүнү эңседи, энесине алысыраактан айланып келүүнү каалады, бирок карышкыр ар сапар анын жолун бөгөп коюп атты, кулун улам энесинен алыстай берди. Акыр аягы кулун минтип ойлоду: «кантсем экен, карышкырдын астынан секирип өтсөмбү». Дал ушинтти ал, бирок карышкыр бутуна иле тиштеп алды, кулун жыгылып кетти. Коркконунан кишенеп жиберип, ордунан шап тура калды.

Дөңсөөлөрдүн ары жагына кулундун ачуу кишенегени угулду, бөрү басар иттер үрпөйө түшүштү, алардын ичинен Топуш бөтөнчө үрпөйдү.

Кулун аянычтуу кишенеп, ордунан ыргып турду, ошо көз ирмемде энеси арткы буттары менен отура калып, бар салмагы, бар күчү менен кулуну тарапка атырылды, аны койо бербей турган аркан үзүлүп кетти. Эми энеси бүт күчү, бүтүндөй каары, бүт мээрими менен алдыга атырылды. Бу өтө катуу чуркай ала турган бээ эле, бирок өмүрүндө мынчалык катуу чуркабаган.

Анын туягынан чыккан күңүрт дүбүрт дөңсөөлөрдүн ары жагына угулду. Анан кайра дөңсөөлөрдүн ары жагындагы шыбырт-шыбырт тынчый калып, иттер менен кичинекей койчумандый көңүлү ордуна түштү.

Кулунду койо берген карышкыр кары бээнин туяк астынан кылт секире качты. Бээ ага октолду, карышкыр бир аз артка чегинди. Бээ ыкыс берди ага, карышкыр дагы кичине артка жылды. Тумшугун жерге тийгизип, тийгизбей бээ ага аста тап бере баса берди, а карышкыр жерге өбөктөй калып, шап секиргенге, бээнин тумшугун чапчып алууга камдана баштады. Эми бээ арткы буттарын оңтойлоду карышкырды тебиш үчүн.

Бээ арткы буттарын оңтойлоду, а карышкыр чегиништин ордуна, бир секирик менен айланып өтө калды бээнин тумшук тарабына. Кулунун курсак астына калкалаган бээ кайрадан арткы буттарын карышкырга оңтойлоду, карышкыр кайрадан аны айлана берип, тумшугу тарабынан өтүп алды. Бирок бээ бурулууга үлгүрүп, карышкырды аңдый, тепкилей берди. Карышкыр бир секирик менен кайра өтүп алды бээнин алдына, бээ тез бурулууга үлгүрбөй калды бу сапар: тумшугун чапчып алмакка жулунду карышкыр, кантсе да бээ алдыңкы буттары менен тап бере, карышкырды артына чегиндире алды. Анткен менен карышкыр чегинген жок, чокчоң отура калып, аңдып турду бээни. Бээ дагы аңдып турду карышкырды. Карышкыр бээ өз кулунун акыр аягына чейин коргой турганына көзү жетти, а бээ карышкырдын оңойлук менен кете койбостугун туйду. Алка-шалка терге батты бээ, карышкыр дале жетишерлик чарчады. Карышкыр күтпөгөн жерден бээнин тумшугун оңтоюн таап аткып алуу үчүн айланып секире берди, а бээ кулунун курсак астынан чыгара койбой, ар сапар карышкырга арткы буттарын оңтойлоого үлгүрүп атты. Күн бата баштап, жай тартып калды алардын кыймылы, карышкыр дээрлик жер өбөктөй тегеренип, буттарын араң-араң шилтейт, бээ дагы оор, секин кыймылдап, кез-кез чатыша калып, жыгылып калбас үчүн боюн кыйынчылык менен кармап турду.

Дөңсөөнүн чокусуна чыккан кичинекей койчуман күндү батып баратканын карап турду. Батып бараткан күн нуру кыпкызыл, анын нуруна өрөөндөгү жападан жалгыз эмен көрктүү көрүнөт. Бирок кичинекей койчумандын көзү түшкөн көрүнүш ушунчалык жагымсыз эле, андыктан кичинекей койчумандын кыжыры келип, деми кысыла түштү: тиги ылдыйда, өрөөндө карышкыр алардын кары кызыл бээсинин тумшугун аткып алды, а кызыл кары бээ карышкырды тепсей албай атты, ана-мына бээ кулаганы турат.

– Эй, аякта ким бар, эй? – дөңсөөнүн башка жагынан чыккандардын үндөрү угулду.

– Карышкыр бээни муунтуп атат, азыр муунтат, эй, иттер каякта, койо бергиле, эй...

Кичинекей койчуман кыйкыруу үчүн оозун ачты, бирок кыйкыра албады, күтүүсүздөн эле үнү бүтүп калды, кичинекей койчуман колдорун гана булгалап атты. Кичинекей койчумандын озуна сөз кирбеди бир дагы. Иттер үрпөйө, ылдыйга, өрөөнгө карашты. Анан баарын көрүштү иттер, тыз коюшту... Топуш, Боб, Сево, Богар, Чалак, Чамбар...

Кара тумшуктуу Топуш эң кексеси эле алардын ичинен, карышкырга үн чыгарбай кол салып, үн чыгарбай муунтчу. Азыр дагы үн чыгарбай чуркап баратты баарынан озо. А Богар үйүрдөгү иттердин эң жашы, карышкырдан бир аз коркчу ал, ошондон улам, карышкыр качып кетсин, кармаш болбосун дегендей алыстан эле үрө турган. Мына азыр дагы Богар чуркап барып, үрүп барат, ал чынында эле Топушту кууп өттү, бирок башка иттерден бөлүнө алдыда чуркай беришке батынбады. Ал токтой калып Топушту күттү, бир топко аны менен жанаша чуркап, кайрадан озуп кетти, анан кайра аны күттү.

Бээ ана-мына жыгылам деп турганда, карышкыр иттердин үргөнүн түшүндө уккандай болду. Карышкыр иттердин өзүнө үрүп атканына ишенгиси келбеди, күн бою жасаган зор мэнети минтип шамалга учкудай анын тагдыры мынчалык ачуу болушу мүмкүн эмес. Кантип эле ал өзүн күтө ач кыңшылап жаткан бөлтүрүктөрүнө олжосуз, кур алакан кайтып барсын?

Күчү бүтүндөй тайып, карышкыр аткып алган тумшугу сыздап, көздөрү караңгылашып, кулагына чүпүрөк тыгып койгондой тунуп тургансыган кезде, эне-бээ алыстан иттердин үргөнүн укту жана иттердин өз кулуну үчүн үрүп аткандарына ишенди. Анын кулунчагы так ушинтип өлгүдөй тагдыры мынчалык эле ачуу болушу мүмкүн эмес. Кары бээ чарчаганынан, ары начар угуп атканынан, иттердин үргөнүн алыстан угуп аткандай сезди. Кары бээ иттер жетип келгенче дагы бир азга кулабай туруу керектигин туйду. Бирок дем алуусу ушунчалык кыйындап, бу жашоо дегениң ушунчалык бир оор жүк болуп баратты.

Иттердин гүрсүлдөп үргөнү карышкырдын так кулак түбүнөн угулду, карышкыр дале ишене бербеди ушунчалык кыйынчылык менен жеткени турган олжосунан айрылып каларына, үңкүрүндө бөлтүрүктөрү ачка кыңшылап жатат, не кылуу керек, катуу сыздап чыкты мойну, кулактары тызылдады, акыры койо берди бээни тиштеп турган тумшугун. Таманы жерге катуу маталып калган эле, күч керек, бирок күчтү кайдан алат, кудай ай, уктагысы, уктагысы эле келет карышкырдын, өлгүсү келди, баарын жыйыштырып, дем алгысы келди акыр аягында. Жерге өбөктөдү карышкыр: негизгиси – колкосун сакташы керек. Иттер анын арка белине тиштерин матырышты, мойнун, кулактарын тиштегилей башташты, а карышкыр колкосун гана коргоп, иттердин талоону астында өзүнө күч топтоп, дем алып атты.

Иттердин кайсы биринин таманын тиштеп алды, кыңшылаган бойдон четке чыга берди ошол ит. Карышкыр ордунан турду, эми иттер аны ортого алыша, эмне кыларын күтүп калышты. Карышкыр тегерете тиктеди – иттер өтө көп эле, эң кыйын, өлөсө кыйын болчу алардын ортосунан качып чыгып, өз үңкүрүнө кетүү, эми иттер аны тегиз карап калышты, анан бир саамга бири-бирин карап турушту, карышкыр дале не кыларын билбей, алардын ар бир кыймылын аңдыйт, иттер да не кыларды билбей баштары маң. Карышкырга атырылды денеси бүтүндөй түйүлгөн иттердин бири. Жыгылбай ордунда турган карышкыр иттердин эң коркунучтуусу – ушу кара тумшуктуусу экенин сезди.

– Эй, жигит эй!.. Аякта ким бар?.. жүгүр, жардам бер иттерге, жардам бер карышкырды муунтушка, эй!.. – кыйкырып атышты бетмаңдай дөңсөөдөгүлөр.

Бээ бутунда араң-араң турат, башы салмактанып жерге ийилет. Бээ кулунчагы эмчегин соруп атканын сезди, ушуга кубанууга да алы жетпей турду. Бээнин башы шылк этти, алдыңкы буттары бүгүлдү, а кулун болсо дале энесинин эмчегин соруп атты. Бээ күп кулады жерге. Кулун энесинин жанында турду, энесинин кайрадан ордунан турушун күтүп, бирок энеси кайра турбады. Энесинин курсагын түрткүлөдү тумшугу менен, бирок турбады энеси, кыймылдап да койбоду. Кулун энесинин жанына чөгөлөдү, ооруксуна бүгүлдү арткы буттары, соро баштады энесинин эмчегин. А бээ болсо өзү тууган кулундарынын ичинен эң чырайлуусу, бүт денесин жылдызчалар каптаган, куйругу менен жалы капкара, тармал, арткы буту ак кыроо баскандай аппак, өтө эле жаш, эми жетим калар кулунчагын дале эмизип атты.

А карышкыр кантсе да качып кете алды. Эгер ал качып кете албаганда, бөлтүрүктөрү жетим калмак, өзүнөн башка асырагыдайы жок, өлүп калышмак. Ошентип, качып кетти карышкыр. Бу качуу эмес болучу. Бу кадам артынан кадам, секирик артынан жасоо, узак кыйдылына чегинүү эле. Иттер аны кууп жетип, ана-мына үзүп таштаарда, бурула калып, азууларын арсайта, жүнүн түксүйтөт, минткен сайын иттер токтой калат. А бу аралыкта карышкыр дагы эки-үч кадам секирик жасоого үлгүрөт.

Ошентип карышкырдын колкосун үзүп алалбады кара тумшуктуу бөрү басар, карышкыр деле жооп кайтара тиштей да, коркута да алдабы, аны кара тумшуктуу бөрү басар эми изине түшпөдү карышкырдын, анткени, карышкырдын бир үзүм жүнү тамагына тыгылып калгандыктан, карышкырды кууган иттерден бөлүнүп чыгып, какап-чакап, көңүлү айлана окшуй, тамагын жүндөн тазалап атты. Кара тумшуктуу бөрү басар карышкырдын изине түшпөдү, а калган иттер анчалык коркунучтуу эмес эле, анткени башка иттер кара тумшуктуу бөрү басардай өз иштеринин билерманы эмес болучу.

Иттер карышкырды качырып жиберишти, жоготуп коюшту анын изин, бирок иттер кеч кирип, аскалар түнөргөн, тыптынч бой керген эмен, эки баш апапак гүлүн шүүдүрүм баскан ит мурун жана кары бээ сулк өлүп жаткан өрөөндү дале узак убакыт лөкүлдөй айланып үрүп жүрүштү.

Кулун энесинин жанында тыбырчылап турду, эми бир аз тынчы кете баштады, не болгонун боолгой баштаган сыңары. Батып бараткан күндүн кып-кызыл нурлары жашыл өрөөндү акыркы ирет жарк эттирди, кары бээ жаткан жер капкара, өтө эле карарып калган. Кары кызыл бээнин жансыз денеси сулк жатат ошо кара тегеректин кап ортосунда. Ошо кара тегерек жер бээ менен карышкырдын жекеме-жеке таймашкан жери эле, ошо кара тегеректи канчалык көп тегеренгенин, өзү менен кошо карышкырды да кечке тегеренишке мажбур кылганын билүүгө болот.

Ошо кара тегерек жер бүтүндөй үч жыл бою каратып турду. Үч жылга жакын жерге чөп чыклады, биздин татына кара бээбиздин сөөгү төгүлүп жатты ошо кара тегерек жерде. Жашыл чөп басып калды кийин адегенде сөөктөрдүн жарым белине жете суйдаң чөп чыгып, гүл ачты, анан эле коюу чөптөр керилди, жашыл өрөөн кайрадан туташ жапжашыл болуп калды.

Дөбөнүн чокусунан карап турсаң туташ жапжашыл болуп көрүнөт жашыл өрөөн, сөөлөтү келишип турат эмен аскага жанаша, а көшүлгөн аска каалгый жылган булуттарды челет, бир аз нарыракта ит мурун өзүнүн беш баш апапак гүлдөрүн күн көзүнө жаза үргүлөйт, бүт денесин жылдыздар каптаган, арткы оң буту тизесинен ылдый аппак, мойну менен буттары упузун, жалы менен куйругу капкара, маңдайында да жылдызчасы бар жылкы оттоп жүрөт. Ал баскан кезинде арткы оң буту тартышып, калтырап кетет, анткени эски жарааттын тагы бар.

Жылкы маңдайында апапак жылдызчасы бар башын көтөрөт, анын көздөрүнөн эмен, аска, гүлдөп турган ит мурун, жашыл өрөөн жана көк асмандагы аппак булуттар чагылат.

*     *     *

– Бүттүбү?

– Бүттү.

– Жок.

– Неге жок?

– Өлбөйй эле койсунчу бээ.

– Мен сага кантип айтам, бээ өлбөдү деп? Бээ өлүп калган да, а кулун энесинин жанында. Жанагы чабан «эй, жигит эй» деп кыйкырган кезде, ошо чабан бет маңдайындагы дөбөдөн түшүп келген учурда бээ өлүп калган болучу, кичинекей койчуман экөө өлгөн бээнин жанында бир аз отурушу, жетим калган кулунду эми кантип чоңойтууну ойлонушкан.

– А кантип чоңойтушту?

– Чоңойтушту да башка бээнин сүтүн берип.

– Жок, энеси өлбөй эле койсунчу.

– Не десем, энеси өлбөш үчүн, андай дейин десем, кулунду ошондой жай бою башка бээлердин сүтү менен бакпадыкпы.

– Кандай болгонун айтайынбы?

– Айтсаң айтчы.

– Дөбөнүн чокусуна чыккан чабан карышкырды өз учурунда байкап калды десекчи.

– Дөбөнүн чокусуна кечигип чыккан болучу чабан, жардам берүүгө кеч болуп калган.

– Анда неликтен өлүп калды бээ?

– Кары чабан менен кичинекей койчуман өлүп жаткан кызыл бээнин жанында отурушкан учурда, кары чабан койчуман балага өз кулунчагы үчүн катуу кабатырланганын, анан дагы каардануу менен жийиркенгендиктен бээнин жүрөгү жарылып кеткенин айткан.

– Карышкырга жийиркенгендиктенби?

– Ооба, карышкырга.

– Мен иттердин карышкырды муунтканын каалаймын.

– Жок, мен айталбаймын сага, иттер карышкырды муунтушту деп, анткени биздин кара тумшуктуу бөрү басарыбыз Топуштун тамагына карышкырдын бир үзүм жүнү туруп калып, өзү да аз-аз жерден өлүп кала жаздаган.

– Койчуман бала сен белең?

– Мен элем, бээ дагы биздики болчу, а кулун болсо, биздин бээнин кулуну эле. Ушу күндө кулун чоңоюп, жашыл өрөөнгө аркандалган.

– Ал өз энесин эстей алабы?

– Мүмкүн эстей алаар, анткени, жылкыларда эстөө жөндөмдүүлүгү болот эмеспи.

– Анда баарын кайра башынан айтып бечи.

– Чагылган огу кургак чарт-чурт этип, аска бетине чап уруна тайып, сиңип кетти жашыл тулаңдуу жерге. Сары аска бекем эле, чагылган огу анын бир-эки күкүмүн да кетий албайт болучу. Аскага жанаша өскөн эмен, ырас жери, бираз чочулады, анткени адатта чагылган огу эменди эпкиндеп, өрттөп жиберчү. Бираз чочулады эмен, а буттары упузун, денесин бүтүндөй жылдызчалар каптаган кипкичинекей кулун катуу коркуп кетти.. корккону ушунчалык, энеси тарапка жүгүрөм деп, таптакыр башка жакка качты, ошондо кызыл бээ аны секин кишенеп өзүнө чакырды...

Которгон Аскаралы Ражабалиев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз