
(фантастикалык баяндама)
Мен силерге ишеним тартуулап, үмүт отун жагууну каалайм. Анткени үмүтсүз, ишенимсиз адам – суусуз, бош идиш сыяктуу. А идишти дайым толтуруп туруу зарыл, себеби суу бууланып кетет же адам өзү ичип коёт.
Шамал менен Суук түштүк жээктеги кичинекей шаарчада жашаган элдин маанайын кайсынысы көбүрөк түшүрөт деп жарышып жатканын байкабай калышты. Кавказ тоо кыркалары менен Кара деңиздин ортосунда кысылган шаарча корккон коёндой болуп, табияттын кубаттуу күчтөрүнөн коргонууну издеп жатты.
Бул жерде дээрлик жыл бою күн тийип турат деген пикирди талкалап, бул эки табигый көрүнүш курорттун көчөлөрүн тайманбай, баскынчылык менен ээлеп алышты. Алар аба ырайынын статистикасын жана тургундардын жүздөрүн сылаган күндүн назик, камкор нурларына болгон сагынычын эске алышкан жок.
Жакшы аба ырайынын келишин алдын ала айткан Гидрометборборунун кызматкерлерин калпка чыгарып, Шамал менен Суук түн ичинде, саткын түндү жамынып, шаарга кирип келишти. Тоо кыркалары аркылуу жашыруун жолдорду таап, деңиздин каракчы кемелери менен келип, диверсанттардай болуп, тротуарларда калган жылуулуктун издерин заматта өчүрүп салышты.
Эч кандай каршылыкка туш болбогон соң, өздөрүнүн жазаланбастыгынан ырахаттанып, шашылыш иштери менен алек болгон сейрек кездешкен адамдардын жылмаюуларын да уурдап кетишти. Таң атканда шаарды толук басып алышып, шаман бийинде биригип, алар мэриянын имаратынын жанындагы аянтта көңүл ачышты.
Ачык кызыл дапты кагып, колдорун катуу булгалап, жеңүүчүлөр "Ак үйдө" отурган маанилүү жетекчилердин көңүлүн бурушту. Ошентип, Шамал менен Суук чиновниктерге алардын дүйнөдөгү ордун көрсөтүштү да, табияттын жаман күчтөрү бул кичинекей шаарчанын толук кандуу ээлери болуп калышты.
Буга ким каршылык кыла алмак? Илим али калктуу конуштарды каалабаган аба ырайынын катаклизмдеринен толук коргой турган мындай чоң, эч нерсе өткөзбөгөн куполду ойлоп таба элек. Муну биз фантастикалык тасмалардан гана көрө алабыз, ал эми чындыгында баары жөнөкөй жана күнүмдүк. Адамзат стихиянын алдында алсыз бойдон калууда.
Адамдар ар дайым коркунучту сезишет. Бул сезим ата-бабаларыбыздын канына сиңген, кылымдар бою калыптанган генетикалык эс тутум. Шаар да дал ушундай сезимде болду. Ал шаардыктарды кучагына бекем кысып, келе жаткан эс алуу сезонуна карата күч топтоонун аракетин кылды.
Шамал менен Суук – эки тентек күч – адамдардын үмүт менен жашаарын түшүнүшкөн жок. Алар адамдарга Кудай берген күч-кубат, жаратуучулук жөндөмү жашырылганын билишпеди. Адамдар түбөлүк эмес экенин, муундар алмашып, баары тарыхта каларын түшүнүшсө да, үмүт эч качан өлбөйт. Ал дайыма жаркырап, шооласын чачып турат. Адамдар материалдык дүйнөнүн артында бакытка толгон акырет дүйнөсү барына ишенишет. Антпесе, азыркы көргөн, уккан, сезгендеринин баары маанисин жоготмок.
Адамдар менен күрөшүү мүмкүн эместигин түшүнгөн шамал менен суук акырындап тынчып, жылуулук менен бейпилдикке орун бошотушту. Деңиз жээгиндеги шаар тургундары, коноктор үйлөрүнөн чыга башташты. Алар асманды этият карап, караңгылыктын тарап жатканын байкашты. Жүрөктөрүндө, өздөрү да билбестен, аларга кереметтүү үмүт берген, табияттын күчтөрүн багындырган Кудайга ыраазычылык билдиришти.
Булуңду бойлой созулган жээк тилкеси, бырыштарын жазып, жылмакай болуп калгандай. Шаар кайрадан жанданып, балдардын күлкүсүнө, шаңдуу үндөргө толуп, жаздын түстөрүнө бөлөндү. Кичинекей дүкөндөр эшиктерин ачып, жылуу абаны ичкери киргизишти. Көгүчкөндөр элге кошулуп, нан күкүмдөрүн терип жеп жүрүштү.
Дал ушул маалда чынар аллеясынын башында эки адам пайда болду. Алар күтүүсүздөн, жок жерден пайда болгондой эле. Абада каалгып жүрүп, жерге акырын түшкөн чоң шарларга окшош болчу. Күндүн нурларына эрип, тротуарда нымдуу тактарды калтырышты. Бууланган ным үстүнөн асан-үсөн көпүрөсү пайда болуп, эки ааламды байланыштыргандай болду. Бул окуянын мааниси дароо түшүнүксүз болсо да, ал өзгөчө нерсенин белгиси экени анык эле.
Көрүнбөгөн дүйнөдөн, асан-үсөн көпүрөсү аркылуу, жерге алгачкы жан түштү. Кичинекей бойлуу, саксак чачтуу бул жандын аты Борей эле. Анын аты сейрек кездешчү, ошондуктан укканда жүрөк бир башкача "дүк" этип алчу. Анын артынан арык, узун бойлуу, тизесине чейин жеткен кара кашемир кемсел кийген дагы бирөө келди. Шаардын күнгө жуулуп, шаңдуу жайнаган көркүнө анын келбети бир аз караңгылык кошкондой болду. Борей узун бойлуу досун ийилип, сыймыктануу менен Норд деп тааныштырды. Алар деңизди көздөй жөнөштү. Жээктеги отургучтарга отурган шаардыктар аларды кызыгуу менен карап, бирок алардын жүрөктөрүндө бир аз... аяныч бар эле.
Жакын достордун терең көз карашында, адамдар кичинекей, алсыз, оорулуу жана коркок жан сыяктуу көрүнүштү. Бирок эмнегедир Кудай баарын жутуп жиберчү күчтүү жаратылыш ээлерин эмес, дал ушуларды тандаптыр. Жараткандын бул сырын ача албаган Борей менен Норд, жолдогу "Макдоналдска” кирип, гамбургер жеген ызы-чуулуу, бирок ичи бош адамдардын арасына сиңип кетишти. Балким, ошол фаст-фуд падышалыгынан келген табышмактуу келгиндер бир нерсени түшүнгөндүр? Бул тууралуу тарых унчукпайт...
Которгон Абийрбек Абыкаев
Булак: ru/">https://gennadiitaranenko.ru/
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.