Барак Обаманын сөзү

  • 01.09.2025
  • 309

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын Америка окуучуларына кайрылып сүйлөгөн сөзү. Арлингтон шаары, Вирджиния штаты, 2009-жыл, сентябрь.

Баарыңарга салам! Рахмат. Рахмат. Баарыңарга рахмат. Макул, баарыңар орундарга отургула. Бүгүн баарыңардын маанайыӊар кандай? Тим Спайсерчи? Мен азыр Вирджиния штатындагы Арлингтон шаарындагы Уэйкфилд орто мектебинин окуучулары менен биргемин. Биз менен Американын бардык булуң-бурчтарынан бала бакчадан 12-класска чейин байланышка чыгып жатат. Бүгүн баарыңардын бизге кошула алганыӊарга абдан кубанычтамын. Мен биздин жолугушуубузду мыкты уюштургандыгы үчүн Уэйкфилд шаарына ыраазычылык билдиргим келет. Баарыбызга дүркүрөтө кол чабалы!

Көпчүлүгүӊөр бүгүн мектепке биринчи жолу келгенсиӊер. Бала бакчада, ортоӊку же жогорку класста окугандар да бул жаңы мектепке алгач ирет келиптир, андыктан бир аз толкунданып турушканын түшүнсөк болот. Менимче, азыр бүтүрүүчү класстагылардын маанайы өзгөчө шаӊдуу, анткени мектепти бүтүшүнө бир эле жыл калды. Кайсы класста окусаңар да, айрымдарыңар жайдын дагы эле созулушун каалап, бүгүн эртең менен төшөктөн дароо тургуӊар келбей жатсаӊар керек.

Мен бул маанайды абдан жакшы билем. Бала чагымда үй-бүлөм менен чет өлкөдө жашадым. Индонезияда бир нече жыл турганбыз. Америкалык балдардын баары барган мектепке жиберүүгө апамдын акчасы жок болсо да, америкалык билимден куру калбашыӊ керек дечү. Ошентип, ал мага дүйшөмбүдөн жумага чейин кошумча сабактарды өзү окутууну чечти. Бирок ал жумушка барышы керек болгондуктан, мага таңкы саат 4:30да гана сабак берчү.

Силер ойлогондой эле, мен мынчалык эрте турганды жактырчу эмесмин. Кээде чай ичкен бөлмөдө сабак өтүп жатканда отурган жеримде уктап калчумун. Бирок нааразы болгонумда, апам: “Бул жерде мен деле жыргап кеткен жокмун, тентегим”, - деп көзүмө тигиле карачу.

Кээ бирлериңер дагы эле мектепке кайра көнө албай жатканын түшүнөм. Бирок мен бүгүн бул жерге силер менен сүйлөшө турган маанилүү сөзүмдү айтайын деп келдим. Бүгүн кантип билим алып жатканыӊар жана жаңы окуу жылында баарыңар эмнеге жетишиӊер керектиги тууралуу силер менен сүйлөшкүм келет.

Мен билим жөнүндө, жоопкерчилик жөнүндө да көп ирет чыгып сүйлөгөм.

Окуучуларды шыктандыруу жана жакшы билим алууга дилгирлентүү жагынан мугалимдердин жоопкерчилиги жөнүндө да көп жолу айтып келгенмин...

Мен силердин түз жолдон адашпай, үй тапшырмаңарды калтырбай аткарып жүрүшүӊөр, убактыӊарды телевизор көрүүгө же Xbox менен алаксууга коротпошуӊар үчүн ата-энеңер жооптуу экенин да айтчумун.

Мен окуучуларга жогорку талаптарды коюу, мугалимдерди жана директорлорду колдоо, начар мектептерге көңүл буруп, жетиштүү мүмкүнчүлүккө ээ боло албай жаткан окуучуларга шарт түзүп берүү жагынан силердин өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу да айтып жүрөм.

Бизде эң дилгир мугалимдер, балдарга эң жакшы көӊүл бурган ата-энелер, дүйнөдөгү эң мыкты мектептер болушу мүмкүн, бирок баардыгыңар өз милдетиңерди аткармайынча мунун баары эч кандай мааниге ээ болбойт, булардын бири да силерге кымындай пайдасы тийбейт. Силер ошол мектептерге бармайынча, ошол мугалимдердин сабагын алмайынча, ата-энеңерди, чоң ата, чоң энеңерди жана башка чоңдорду угуп, ийгиликке жетүү үчүн талыкпай эмгектенмейинче эч кандай өзгөрүш болбойт. Мен бүгүн ар бириңер өзүңөрдүн билимиңер үчүн жооптуу экениңерди баса белгилегим келет.

Мен өзүңөр үчүн болгон жоопкерчилигиңерден баштагым келет. Ар бириңердин кандайдыр бир шыгыңар бар. Ар бириңер элге пайда келтире аласыңар. Силердин милдетиңер – ошол мүмкүнчүлүгүңөрдү аныктоо. Бул мүмкүнчүлүктү силерге билим гана бере алат.

Балким, сен улуу жазуучу болосуң, балким, гезитке макала же китептерди жазасыӊ, бирок англис тили боюнча үй тапшырмаларын аткарбасаӊ, эссе жазганды үйрөнбөсөӊ, андай шыгыӊ бар экенин биле албайсың. Балким, сен новатор же ойлоп табуучу болосуң, балким, iPhone’дун соӊку моделин же жаңы дары, вакцинаны ойлоп табарсың, бирок физика, химия сабактары боюнча өз долбооруңду иштеп чыкмайынча ошондой талантыӊ бар экенин билишиӊ мүмкүн эмес. Балким, сен мэр, сенатор, же Жогорку Соттун судьясы болорсуң, бирок мындай дараметиңди мектептин парламентине же дебат командасына кошулуп иштеп көрмөйүнчө билбейсиӊ.

Жашооңордо эмне гана кылгың келбесин, ал үчүн билим алыш керек экендигин анык билем. Сен дарыгер, мугалим же милиция кызматкери болгуң келеби? Сен дарыгер же архитектор, юрист же биздин улуттук армиянын жоокери болгуң келеби? Бул кесиптердин ар бирине ээ болуш үчүн сага жакшы билим керек. Мектепти таштап эле жакшы жумушка орношуу мүмкүн эмес. Сен ал үчүн тажрыйба топтоп, иштеп, үйрөнүшүң керек.

Бул жөн гана өзүңөрдүн жашооңор жана келечегиңер үчүн эле зарыл эмес, анткени алган билимиңер өлкөнүн келечегин чечет. Американын келечеги силердин колуңарда. Силердин бүгүн мектепте эмнени, кандай окуганыңар биздин улут катары алдыдагы эң чоң кыйынчылыктарга туруштук бере алаар-албастыгыбызды аныктайт.

Адамдарды рак жана СПИД сыяктуу илдеттерден айыктыруу, жаңы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жана айлана-чөйрөбүздү коргоо үчүн силер илимдер жана математика боюнча билим алып, көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү болушуңар керек. Жакырлар менен үй-жайы жоктордун маселелерин чечүү, кылмыштуулук жана дискриминация менен күрөшүү, элибиздин кыйла адилеттүү жана эркин болушу үчүн тарых жана коом таануу боюнча алган билимиңер, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүңөр керек болот. Кийинчерек жаңы жумуш орундарын түзүп, экономикабызды өнүктүрүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы ишканаларды куруу үчүн бардык сабактарда калыптандырылуучу чыгармачылык жана тапкычтык шыгыңар керек болот.

Бизге, улуу муундагыларга, эң татаал маселелерди чечүү жагынан жардам бере аласыңар; ар кимиңерден өз талантыңарды, жөндөмүңөрдү жана акылыңарды өнүктүрүүгө муктажбыз. Антпесеңер – окубай койсоңор – өзүңөрдү эле эмес, өлкөңөрдү да таштап салган болосуңар.

Мен мектепте жакшы окуу дайыма эле оңой эмес экенин билем. Көпчүлүгүңөрдүн жашооңордо окуудан алагды кылган көйгөйлөр бар экенин билем, түшүнөм.

Анткени мен эки жашка чыкканда атам бизди таштап кеткен. Мени апам жалгыз өзү тарбиялап өстүрдү. Апам көп иштечү, кээде эӊ зарыл нерселерге акчасын эптеп жеткирчү. Башка балдар жетишкен нерселерден биз куру калган күндөрүбүз деле болду. Атамды да сагынчумун. Кээде жалгызсырап, коомго батпай калгандай сезген учурларым болгон.

Ошентип, мен дайыма эле мектепте дилгирлик менен окуй алган жокмун. Ошол кездеги айрым жоруктарымды, өзүм туш келген жагдайларды эстегенде уялам. Жашоодо тескери жолго түшүп кетишим да мүмкүн болчу.

Бирок мен… мен бактылуумун. Бир иштен жолум болбой калса, Кудай башка мүмкүнчүлүк берген учурлар көп болду. Колледжге жана юридикалык факультетке кирип, кыялымды ишке ашырууга умтула бердим. Менин жубайым, биринчи айымыбыз Мишель Обаманын да тагдыры ушундай. Анын ата-энеси да акчанын аздыгынан колледжге барышкан эмес. Бирок Мишелдин бул өлкөдөгү эң мыкты мектептерде окушу үчүн өзү жана ата-энеси талыкпай эмгектенген эле.

Кээ бириңерде андай мүмкүнчүлүк жок болушу мүмкүн. Балким, силерге жетиштүү колдоо көрсөткөн кишилер жоктур. Балким, үй-бүлөңөрдө кимдир бирөө жумушсуз калып, акча жетишпей жаткандыр. Мүмкүн, силер жашаган жер кооптуудур, же жаман жосунга кыстаган тааныштарыңар бар чыгар.

Бирок эмне гана болбосун, жашооңдогу жагдайлар — сырткы келбетиң, кайдан келгениң, канча акчаң бар экендиги, үй-бүлөңдө эмне болуп жаткандыгы – булардын эч бири билимге кайдыгерлик кылууга, үй тапшырмаларын аткарбай коюуга, мугалим менен кайым айтышууга же сабакка барбай коюуга, мектептен чыгып кетүүгө шылтоо болбошу керек. Өзүӊ аракет кылбасаӊ, ишиӊ оӊолбойт.

Азыр кайсы жерде экениңер келечегиӊерди аныктабашы керек. Башка эч ким силердин тагдырыңарды жазып койгон эмес, анткени бизде, Америкада, ар бир адам өз тагдырын өзү аныктайт. Силердин келечегиңер өзүңөрдүн гана колуңарда.

Силердей жаштар күн сайын бүткүл Америкада ушул чындыкты далилдеп жатышат. Мисалы, Техас штатындагы Ромадан келген Жазмин Перес сыяктуу жаштар. Жазмин мектепке биринчи жолу келгенде англисче сүйлөй алчу эмес. Анын ата-энесинин экөө тең жогорку билимдүү эмес эле. Бирок ал талыкпай эмгектенип, жакшы бааларды алып, Браун университетине өттү, стипендияга жетишти. Азыр аспирантурада, коомдук саламаттыкты сактоо тармагында окуп жатат, эл аны жакында “доктор Жазмин Перес” деп тааныйт.

Мен Лос-Альтостогу (Калифорния) Андони Шульцту да эстеп жүрөм. Ал үч жашынан бери мээ рагы менен күрөшкөн. Ал жаштайынан көп дарыланган. Операциялардын бири анын эс тутумуна таасирин тийгизген, ошондуктан мектептеги тапшырмаларды аткаруу үчүн ага жүздөгөн кошумча сааттар талап кылынган. Бирок ал эч качан артта калган эмес. Ал ушул күздө колледжге барат.

Мына, кичи мекеним Иллинойс штатындагы Чикагодон келген Шантелл Стивди карагылачы. Шаардын эң начар абалдагы райондорундагы балдар үйлөрүндө көчүп чоӊойгон болсо да, ал жергиликтүү саламаттыкты сактоо борборуна жумушка орношуп, жаштарды кылмыштуу топтордон оолак кармоо программасын баштаганга жетишти, орто мектепти артыкчылык менен бүтүрүп, коллежде кире алды.

Жазмин, Андони жана Шантелл – силердей эле жаштар. Алар да жашоодо силер сыяктуу кыйынчылыктарга туш болушкан. Алар кээде силердин көбүңөргө караганда оор абалда калган. Бирок алар жеңилүүдөн баш тартышкан. Алар өздөрүнүн жашоосу, билими үчүн жоопкерчиликтүү болууну чечип, алдыга максаттарды коюшкан. Мен баарыңар ушундай эрктүү болосуңар деп ишенем.

Ошондуктан мен бүгүн ар бириңерди билим алуу үчүн максат коюп, ага жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого чакырам.

Сенин максатың үй тапшырманы аткаруу, сабакта кунт коюп отуруу же күн сайын китеп окуу сыяктуу жөнөкөй иштер болушу мүмкүн. Мүмкүн, сен класстан тышкары иштерге катышууну же жашаган жериңде ыктыярчы болууну чечээрсиң. Балким, сен, мен сыяктуу, бардык жаштар окуу жана билим алуу үчүн коопсуз чөйрөгө татыктуу деп эсептеп, башка улуттан экендигине же сырткы келбетине байланыштуу шылдыңга кабылган балдарды коргоону чечесиң. Балким, сен окууга даяр болуш үчүн өзүңө жакшырак кам көрө баштайсың. Айтмакчы, баарыңар колуңарды таза жууп, кокус сыркоолоп калсаңар мектепке барбай үйдө отурасыңар деп ишенем – ошенткенде гана биз ушул күз менен кышта адамдарды сасык тумоодон сактай алабыз.

Кайсы максатты көздөсөӊөр да, ага жетүү үчүн жоопкерчиликти өз мойнуӊарга алгыла. Чындап иштегиле.

Кээде телевизордон айтылуучу эч кандай мээнетсиз эле бай жана ийгиликтүү боло аласыӊ, ийгиликке рэп же баскетбол, же тележылдыз болуу менен эле жетсеӊ болот деген сөздөргө ишенип алышыңар мүмкүн. Бул дээрлик мүмкүн эмес.

Чындыгында ийгиликке жетүү кыйын. Сага сабактардын баары эле жага бербейт. Мугалимдердин да айрымдары менен мамилеӊ жакшы болбой калышы мүмкүн. Азыр берилген үй тапшырмаларынын да баары эле турмушта кереги тийе тургандай көрүнбөйт. Биринчи эле жолу аракет кылганыңда ийгиликке жетпей калышыӊ да ыктымал.

Чындыгында, дүйнөдөгү эң атактуу адамдардын көбү эң көп убара болушкан. Гарри Поттерди жазган Роулингдин Гарри Поттер жөнүндөгү биринчи китеби жарык көргөнгө чейин 12 жолу жактырылбай четке кагылган. Майкл Жордан мектептеги баскетбол командасынан четтетилген. Ал кийин деле жүздөгөн оюндарды уттуруп, миңдеген жолу тепкен тобу дарбазага кирбей калган. Бирок ал бир жолу: "Мен жашоомдо кайра-кайра мүдүрүлдүм. Дал ушул себептен улам мен ийгиликке жеттим", - деп айткан экен.

Алар жолу болбой калганда тагдырым ушундай экен деп басынып калбай, кыйынчылыктардан сабак ала билгендиги үчүн ийгиликке жетишкен. Силер да ишиӊер жүрүшпөй калган жагдайдан кийинки жолу эмне кылуу керектигин көргөндү үйрөнүшүӊөр керек. Демек, кыйынчылыктар сенин бечара экениңди эмес, ийгиликке жетүү үчүн көбүрөк аракет кылышың керектигин көрсөтөт. Эгер жаман баа алсаң, бул сенин келесоо экениңди билдирбейт, бул жөн гана окууга көбүрөк убакыт бөлүү керек дегенди билдирет.

Эч ким төрт тарабы төп келген жакшы адам болуп төрөлбөйт. Талыкпаган эмгек менен гана инсан болуп жетилесиң. Спорттун жаӊы түрү менен биринчи жолу алектене баштаганда эле спорт чебери боло калбайсыӊ. Ырды биринчи жолу ырдаганда эле уккулуктуу чыга бербейт. Көнүгүүсүз, машыгуусуз чеберчиликке жетпейсиӊ. Ушул эле эреже мектептеги ишиңерге да тиешелүү.

Математикалык маселени туура чыгаруу үчүн бир нече жолу аракет кылууга туура келиши мүмкүн. Бир нерсени жакшы түшүнгөнгө чейин текстти бир нече жолу окууга туура келиши мүмкүн. Тапшырманы толугу менен даярдап тапшыруу үчүн анын бир нече сомо вариантын жазышыңар керек болот.

Суроо берүүдөн коркпогула. Керек болгондо жардам суроодон эч качан тартынбагыла. Мен дайыма башкалардын көмөгүнө таянам. Жардам суроо - бул алсыздыктын белгиси эмес, бул күчтүүлүктүн белгиси. Билбестигиӊди жашырбай, жаңы нерселерди үйрөнүүгө даяр экениӊди көрсөтүшүӊ керек.

Максаттарыңарга жетүү үчүн өзүӊөр ишенген кишиден – ата-энеңерден, чоң ата, чоӊ энеӊерден же мугалимиңерден, машыктыруучу же деректирдин орун басарынан, догдурдан же башка адамдардан эч кысынбай эле жардам сурагыла.

Кыйналып жатсаң да, көңүлүң чөгүп, башкалар сенден баш тарткандай сезилгенде да, өзүңдү эч качан кем санаба, анткени өзүңдөн кечкенде өлкөңдөн да баш тарткан болосуӊ.

Американын тарыхы – бул кыйынчылык келгенде ишин, максатын, жолдошторун таштап салгандардын тарыхы эмес, бул 250 жыл мурун силер отурган жерде отуруп, революция жасап, улутту түптөгөн студенттердин тарыхы. 75 жыл мурун силер отурган жерде Улуу Депрессияны жеңип, дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен, граждандык укуктар үчүн күрөшүп, айга адамды учурууга жетишкен студенттер отурган. 20 жыл мурун Google, Twitter жана Facebook тармактарын негиздеп, баарлашуу мүмкүнчүлүгүн укмуштуудай кеңейткен студенттер ушул жерде отурган.

Бүгүн мен силерден биздин келечектеги коомго кошкон салымыңар кандай болот деп сурагым келет. Силер кайсы көйгөйлөрдү чечкиңер келет? Кандай ачылыштарды жасайсыңар? 20, 50 же 100 жылдан кийин ушул жерге келген президент жаштарга силер жөнүндө, баарыңардын бул өлкө үчүн эмне кылганыңар жөнүндө эмнелерди айтып бере алат?

Азыр үй-бүлөңөр, мугалимдериңер жана мен бул суроолорго жооп берүү үчүн силердин керектүү билимге ээ болушуңар үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз. Мен силердин классыңар оңдолуп, окууга керектүү китептер, жабдуулар жана компьютерлер жетиштүү болушу үчүн көп аракет жасап жатам. Бирок силер да салым кошууңар керек. Мен баарыңардан быйыл олуттуу иштерди күтөм. Ар бириңердин бар күчүңөрдү жумшап, чоң ийгиликтерге жетишиӊерди күтөм. Андыктан бизди уят кылбагыла. Ата-энеңерди, өлкөңөрдү жер каратпагыла.

Баарынан да өзүңөрдү уятка калтырбагыла. Баарыбыз силер менен сыймыктана алгыдай бололу.

Силерге чоң рахмат.

Кудай жар болсун. Кудай Американы колдосун.

Силерге рахмат.

Которгон Сулайман Кыдыр уулу, Токмок ш. №3 мектептин бүтүрүүчүсү. 2021–2022-окуу жылы Флекс программасынын конкурсунан өтүп, Американын Түндүк Каролина штатында окуп келген.

Былтыр АКШдагы эӊ мыкты он ЖОЖдун бири болгон (азыр – алдыӊкы алтынын бири) Дюк университетине толук грант менен өткүүгө жетишти. “Лимон” сайты белгилеген ийгиликтүү балдардын бири: https://limon.kg/ru/news:81151

Фейсбуктагы чакан ролик: https://www.facebook.com/share/v/19ZenTuqQL/

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз