Роза Отунбаева: Креативдүү Индустрия Музейлерден Башталат

• 29.12.2019
• 6863
• 10

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган  ар кандай мартабалуу туристтик рейтингдердин катарына кирүүдө.

Азырынча башкы аргумент биздин республиканын жаратылышы, жайгашышы жана орду болууда. Өлкөнүн туристтик рейтингине кошуп жаткан биздин салымыбыз салыштырмалуу түрдө аз: бизди эне-жаратылыш өзү койнунда сактап, мээримин төгүүдө, байлыктарын тартуулоодо, биздин ага карата жасап жаткан терс мамилебизге чыдоодо, биз аны азырынча колубуздан келишинче жана каалаганча пайдаланып иштетип жатабыз.

Борбор калаабыз Бишкек бардык көрүнүктүү жайлары менен туризмдин борбору экени анык. Башка өлкөгө келген туристтер адегенде эле музейлерди, тарыхый сепилдерди, мунараларды, дубалдарды издеп киришет: анткени алар бул эмне болгон эл, буга чейин кандай жашоону башынан өткөргөн, бүгүнкү күнгө кантип жеткен, эмне өндүрөт, өз элин кантип багат, кандай өнөрү бар экенин билгилери келет. Биздин борбор шаарыбызда акыркы эки жылда келип жаткандардын алдында уят болбогондой кайсы музей иштеп жатат? Калган музейлердин кайсынысы кандай?

Шаарда эс алуу күндөрү шаардыктар үй-бүлөсү менен дилгирленип келе турган көргөзмөлөр барбы? Ал жакта кире бериште кезек күткөндөр көппү? Аны жумушта, басма сөздө, радиодо жана ТВда талкуулашабы деги? Албетте, өлкөдө Көркөм өнөр музейи бар жана анда биздин кылкалем чеберлеринин көргөзмөлөрү тез-тез кезектешип өтүп турат, бул табигый нерсе. Алар өз иштерин коомчулуктун сынына тартуулоо үчүн кезекте турушат, бул сүрөтчүнүн эл менен болгон байланышынын салттуу формасы. Бирок мыкты чоң залы, ар бир кабатында жана тепкичтеринде аянттары бар бул музей башка эч кандай системалык иш алып барбайт!

Балдар үчүн да, чондор үчүн да мындай иш жок! Бизде Сүрөтчүлөр союзунун канча мүчөсү бар?! Бир нече Университеттерде искусство факультеттери, Б. Бейшеналиева атындагы адистештирилген өнөр Университети, Сүрөт академиясы, Сүрөт училищеси бар. Алар сүрөтчүлөрдү гана эмес, маданият мекемелеринин менеджерлерин, маданият, искусство талдоочуларды да даярдап чыгарышат, алардын ар биринде адистер менен билармандар толтура!

Шаарда Токтогул, А. Токомбаев, И. Раззаков, С. Чуйков, Г. Айтиев, О. Мануйлова ж.б. атындагы музейлердин ишин бириктирген эстелик музейлердин бирикмеси түзүлгөн, булардын баары кыш мезгилинде дымып калат да, жайга карата аталган үй-музейлеринин кожоюндарынын же жаш сүрөтчүлөрдүн бирин-серин көргөзмөлөрүн өткөрүп калышат. Маданият министрлиги мындан четте турат, шаарда болсо булардын чыгармачылык иши менен алектене турган эч ким жок! Антпесе, шаардын чок ортосунда, мектептерден, университеттерден эки карыш турган бул жайларды акыл-эстүүлүк менен шаардыктардын пайдасына билим берүү максатында пайдаланса болбойбу?!

Гапар Айтиев

Европанын миңдеген шаарларында таштан жана жыгачтан жасалган орто кылымдык курулуш жайларда азыркы күнгө чейин көптөгөн китепканалар, көргөзмө залдары, клубдар иштеп жатат. Эмнеге биздин адабий музейлерде үй-бүлөлүк клубдарды, көчмө чакан көргөзмөлөрдү ачып, лекциялардын циклин (сөзсүз эле 100 же андан ашык кишиге эмес!), акы төлөнчү ийримдерди уюштурсак болбойт? Тема керекпи?! Искусство, дүйнөлүк диндер, роботтук техника, балдарды кантип гаджеттик көз карандылуулуктан арылтып, аларды окуганга үйрөтүү керек, адабият боюнча бүтүрүүчү сынактарга кантип даярдануу зарыл, сүрөт өнөрүн таанып билүү курстары, поэзия, саякатчылардын, республиканын аймактары менен тааныштыруу клубдары жана башка темалар абдан эле арбын. Бирок бул жайлар шаардын ортосундагы абдан ыңгайлуу жана кирешелүү жерлерде жайгашкандыктан, аларды ири курулуш компаниялары эчак эле көз астына басып койгонбу деп да чочулайм.

Раззаков көчөсүндөгү Түгөлбай Сыдыковдун үйүнүн тагдыры дагы эле кейитет, анткени ал «Москва» деп аталган заңгыраган бизнес-борбордун карааны астында жер менен жер болуп көрүнбөй калган, анткени бийик кабаттуу имарат тосмого такай курулуп, эски үйдүн пайдубалын оё кирип турат. Кеп бул жерде биздин улуттук сыймыгыбыз болгон адабияттын көрүнүктүү классигинин үйү туурасында жүрүп жатпайбы! Тыныстанов көчөсүндө турган О. Мануйлованын үйүнүн артындагы Биринчи Май районунун мурдакы акими А. Алиевге тиешелүү болгон жерге көп кабаттуу үй курулары айтылууда.  Бул жерди ал качан, кантип алып алган? Эсимде, ушул участокто 2010-жылдан кийин эле Башкы прокуратура көчүп кеткенден кийин Конституциялык Соттун азыркы имаратына кошумча курулуш жай куруу пландаштырылган эле.  Ольга Максимиллановнадан калган тыпыйган эстелик үй мындан жабыркабас, анын тегерегин курчап турган бакчанын бир метр жерин да тартып алышпайт деп ишенгим келет, бул үй менин миңдеген мекендештериме жана туристтерге али дагы көп билим, жакшылыктарды жана жылуулукту алып келерине ишенем.

Мануйлова Ольга Максимилиановна

Биздин музейлер туурасында кеп кылып жатып, М. Фрунзенин үй-музейин айтпай кетүүгө болбойт. Шаар жана өлкө шаардын ортосунда турган бул имараттын жөн эле турганына келишүүчүлүк менен мамиле кылууга тийиш эмес, андагы көргөзмөлөрдүн сапаты жана активдүүлүк туурасында унчукпай эле коёлу. Учурда бул муйзейдин тегерегинде талаш кызып барат: Маданият министрлигинде муну шаардын музейине айландырсак деген идея бар. Бул боюнча бир гана нерсени белгилегим келет: Батыштагыдай Чыгышта да 6-8 кылымдык тарыхы бар шаарлар арбын, кеп алардын бардык доорлордогу археологиясы, шаар курулушу, аларда отурукташкан ар кандай диндеги түрдүү улуттардын жайгашышы, тарыхый ченемден алганда — ар кандай катмарлары жана алардын эмне менен алектенгени жөнүндө жүрүп жатат. Бирок материалдардын ушунчалык мол экенине карабай, бардык таанымал шаарларда деле өзүнүн муйзейлери жок.

Бул идеяга аскер ардагерлердин демилгелүү тобу башка идеяны каршы коюуда, алар Фрунзе музейин Күжүрмөн даңк музейине айландырууну сунушташууда. Москва жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде панфиловчулардын күжүрмөн даңк музейи турат, ал кайда кетет?! Анын абалы кандай?! Ал акыркы кездери таптакыр каралбай жатат. Жанынан өтүп баратып, бул объектиге кантип кол салуунун аргасын издеген айлакер курулушчулар баштаган баягы эле тааныш көрүнүштү көрөсүң, бул имарат эскирди, эчактан бери эч ким турбайт, ээси жок, ошондуктан муну бузуш керек деген бүтүмгө алып баратышат! Бул ыңгайлуу жерде дагы бирөөнүн эңсеген көп кабаттуу үйү бой көтөрөрүнө шек жок!

Ак үйдөн колдоо издеген жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо керек деп күйүп-бышкан жолдош ардагерлер, өзүңөрдүн кайратыңарды ошол жакта үй курабыз дегендерге багыттабайсыңарбы? Эгерде колдогу имаратты калыбына келтирүүгө каалооңор менен мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо, анда жок дегенде, анын биринчи кабаттарында күжүрмөн даңк музейин жайгаштыргыла деп талап кылгыла. Анткени бул музейдин мыйзамдуу орду, эл башына келген кыйын кезеңдер өткөн кылымдын 40-жылдарында армиянын бөлүктөрү фронтко мына ушул жерден аттанып кетишкен. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун, алтургай, 1918-жылдагы Граждандык согуштун миңдеген ардагерлеринин издери калган күжүрмөн даңк музейинин өз орду! Ал жерде, керек болсо, дагы кошумча көргөзмө аянттарын кура турган жер да жетиштүү.

Фрунзе музейин мен создуктуруп отурбай этнография Музейине бериш керек деп ойлойм, анткени мындай музей бизде жок, ал дегеле өлкөгө абдан керек болуп турат. Фрунзенин үйү болсо 19 жана 20-кылымдардын тогошунда биздин чөлкөмдө жашаган молдовалык тургундун турак-жайы катары эстелик болуп тура берсин. Мындай кылсак деле советтик улуу кол башчы Михаил Васильевич Фрунзенин ысмы жана ишмердүүлүгү кенедей кемип калбайт, совет бийлигин Кыргызстанда орнотууга салым кошкон каарман көрүнүктүү адамдын таржымалы Мамлекеттик Тарых музейинин экспозицияларында толук чагылдырылат.

Келечектеги этнографиялык Музей өлкөнүн бардык аймактарынан чогултулган кыргыздын улуттук материалдарына чексиз бай болорунан эч кандай шек жок: областтык край таануу музейлеринин биринде да, алар – жетөө эмес, болгону үчөө гана! – колго илинерлик толук кандуу этнографиялык экспозиция жок.

Жаңы музейге ошондой эле республикада жашап жаткан бардык этникалык топторго таандык да материалдар чогултулат. Сиздер эмне үчүн башка эмес, так этнографиялык музей керек дээрсиздер. Биринчиден, туристтерди, айрыкча чет элдиктерди бардык жерде кызыктырган нерсе ушул; этнография бизде азырынча тарых музейинин же искусство музейинин бир үзүндү бөлүгү катары гана сунушталган. Экинчиден, этнографиялык адистешкен музей – бул республикадагы бардык этностордун жана калк катмарларынын таандуулугун, ой тарыхынын, ишмердүүлүгүн, кол өнөрчүлүгүн изилдей турган иштин талаасы.

Туристтер да, биринчи жолу уккан адамдар да, алтургай, жаштарыбыз да кантип эле биздин өлкөдө 80ден 100гө чейин этникалык топтор жашаарына таң калышат эмеспи!? Алар кайдан келишкен? Кантип чогуу жашап калышкан? Монголия, Корея, Армения менен салыштырып көргүлөчү – бул керемет эмес бекен?!

Кыргызстандын элин түзгөн маданияттарды, салттарды түшүнүүгө, урматтоого максаттуу, кылдат, акыл-эстүү жүргүзүлгөн иш аркылуу бир гана жерде үйрөтүүгө болот. РФ, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Корея, Германия, Түркия ж.б. өлкөлөр менен диаспоралардын маданиятын этнографиялык тажрыйба алмашуучу изилдөөлөр өз ара маданий баюуга гана эмес, бизнес-долбоорлорду иштеп чыкканга кол кабыш кылып, маданий-билим берүүчү, экономикалык байланыштарды күчөтүүгө түрткү болуп берет. Мындай музейде өткөрүлгөн бардык көргөзмөлөр, воркшоптор (кол өнөрчүлүк сабактары), аңгемелер жана лекциялар дайыма көптөгөн адамдарды өзүнө тартып турат.

Сувенирлер жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары сатылчу дүкөн Музейдин туруктуу атрибуту болууга тийиш. Чет өлкөлөрдү айтпаганда да, мен Москвадагы, Санкт-Петербургдагы музейлердин күркөлөрүндөгү товарлардын бай ассортиментине дайыма таң калам. Аякта музейдин буфетине кирип кофе ичип, алтургай, шам-шум этип да алсаң болот. Бул жерде бизге сувенирлерди музейде, театрларда сатпагыла деп ким тыюу салмак?! Биздеги маданияттын өнүгүүсүнө зыян келтирип, өлкөдөгү маданий мекемелердин өзүн өзү актоосуна жана туруктуу иштешине ким каршы чыгып жатат?

Эмне үчүн республика бюджетинен маданиятка жарыбаган каражат бөлүнүп атканын билип туруп, мындай зыянкечтерди элдин алдына алып чыгып, Шаар кеңешинин жана ЖК жыйналыштарына салып угуп, жазалоого болбойт?!

Биздин өлкөдө Пекиндегидей же Санкт-Петербургдагыдай балдар үчүн илим жана техника музейи, дүйнөнүн жүздөгөн башка шаарларындагыдай жаратылыштын табигый-илимий музейлер, Бакудагыдай же Москвадагыдай адабият музейлери, Ашхабаттагыдай же Бакудагыдай килем музейлери, Ташкенттегидей же Тбилисидегидей жибек музейлери жок экени анык.

Аталган жерлердин ар биринде этнографиялык музейлер бар, бир эле Грузияда мындай музейлердин саны жетөө! Туризмди маданият стимулдаштырат, креативдүү индустриянын өзөгү да маданият экенин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө түшүнүшөт жана ийкемдүү өнүктүрүшөт. Бул багытта канчалаган жумуш орундары ачылууда, маданиятка, аны менен байланышкан иштерге, тейлөөгө жана товарларга суроо-талап жылдан жылга өсүүдө. Бизге да маданиятка көңүл бурууга мезгил келип жетти, анткени миллион калкы бар шаар бүгүнкүдөй маданий боштукта жашай албайт!

Комментарийлер (10)

• - Вопросы о Нарколог на дом в Воронеже — лечение зависимости и выездная помощь

Наркологическая служба принимает обращения в разных случаях: от тяжелого похмелья до повторного срыва. Врач уточняет, что происходило в последние часы и дни, какие вещества принимал пациент, сколько лет существует проблема и проводилось ли лечение раньше. Эти сведения помогают подготовить выезд и сделать помощь безопаснее. Дополнительная информация - http://narcolog-na-dom-voronezh014.ru

• - Вопросы о Вывод из запоя в Краснодаре

Во время капельницы врач контролирует реакцию организма. Если показатели меняются, схема лечения корректируется. Капельница на дому проводится только при допустимом уровне риска. При необходимости пациента направляют в стационар, где лечение продолжается под наблюдением. Ознакомиться с деталями - скорая вывод из запоя

• - Вопросы о Нарколог на дом в Воронеже — выезд врача и помощь при зависимости

Выездная наркологическая помощь особенно удобна в ситуациях, когда больной не готов самостоятельно приехать в центр или физически чувствует себя слишком тяжело для поездки. Специалист может провести первичную диагностику, помочь при алкогольной или наркотической интоксикации, подобрать медикаментозную поддержку и объяснить родственникам дальнейший порядок действий. При необходимости врач рекомендует лечение в клинике, стационаре, кодирование, психотерапию или реабилитацию. Подробнее - нарколог на дом анонимно

• - Вопросы о Капельница от запоя «Мед Алко» в Москве

Причиной обращения в клинику часто становятся тошнота, повторная рвота, головная боль, тремор, выраженная слабость, раздражительность, тревожность, бессонница, сухость во рту и плохое самочувствие после запоя. У зависимого могут появляться скачки давления, боль или неприятные ощущения в области сердца, нарушение нормальной координации, дрожь, снижение аппетита и проблемы со сном. Капельница на дому в подобных случаях возможна только после осмотра. Врач должен установить, что домашняя помощь действительно подходит и нет признаков тяжелых осложнений. Ознакомиться с деталями - капельница для вывода из запоя

• - Вопросы о Вывод из запоя «Элизиум» в Подольске с помощью нарколога

Общаемся без осуждения и давления, сохраняя спокойную атмосферу для пациента и семьи. Ознакомиться с деталями - vyvod-iz-zapoya-moskovskiy-oblast

• - Капельница от запоя «Мед Алко» в Москве на дому и в стационаре: полезная информация

Капельница помогает ускорить выведение этанола и продуктов его распада, восполнить недостаток жидкости, поддержать водно-электролитный баланс и создать условия для постепенного восстановления организма. В состав по показаниям могут вводиться физраствор, раствор Рингера, глюкоза, натрия хлорид, препараты калия и магния, витаминные компоненты, антиоксидант, гепатопротекторы и другие лекарственные средства. Конкретные медикаменты выбирает врач: стандартная капельница и усиленный комплекс отличаются по объему, задачам и продолжительности введения. Подробнее - капельница от запоя что входит в состав

• - Вопросы о Нарколог на дом в Воронеже — лечение зависимости и выездная помощь

Особенно опасно без контроля резко прекращать длительный запой, использовать сильнодействующие таблетки или сочетать их с алкоголем. Домашнее лечение возможно лишь при приемлемой клинической картине. Если есть сомнения, лучше вызвать специалиста и получить рекомендации. Изучить вопрос подробнее - запой нарколог на дом

• - Вопросы о Вывод из запоя в Красноярске на дому и в клинике

Если человек не может точно рассказать историю употребления алкоголя, информацию могут сообщить родственники. После консультации врач определяет план вывода из запоя и объясняет, какие процедуры потребуются. Подробнее - вывод из запоя в стационаре в Красноярске

• - Вывод из запоя «Элизиум» в Подольске с помощью нарколога

После приезда нарколог не начинает сразу ставить капельницу. Сначала проводится осмотр. Специалист уточняет особенности последнего запоя, хронические заболевания, лекарственные препараты, которые человек принимает постоянно или использовал самостоятельно для облегчения похмелья. Затем измеряется давление, пульс, оценивается дыхание, уровень сознания и общее физическое состояние. Ознакомиться с деталями - https://7vyvod-iz-zapoya-podolsk77.ru/

• - Нарколог на дом в Воронеже — анонимная помощь и лечение зависимости

Даже если ранее человеку уже ставили капельницу и она помогла, состав следующей процедуры может быть другим. Текущее состояние организма меняется, поэтому назначение делает врач после осмотра. Особенно важно не смешивать самостоятельно медикаменты со спиртным и не пытаться резко прекращать длительный запой без понимания возможных последствий. Медицинская помощь снижает вероятность ошибок и позволяет своевременно определить, когда домашнего лечения уже недостаточно. Дополнительная информация - вызвать нарколога на дом

Комментарий калтырыңыз