
АҢГЕМЕ
Акшам өтүп, аалам караңгылыкка төнгөн. Кыз жар кырына келип токтой берип, сай ичине үңүлө көз жүгүртүп чыкты бир сыдыра. Шыбырт эткен жан көрүнбөйт. Бир аз артына кетенчиктеди. Түнкү желге желбирейт узун көйнөгү. Дагы бир сыйра көз чаптырып чыкты сай ичине. Жымжырттык... “Өзүм кечигип келдим да, бир саатча. Кетип калды бекен?..» Ушу кезде жакын эле жердеги эңиле өскөн суу талдын шактары жапырыла:
– Майраш!..– деп шыбыраган үн чыкты.
– Кудаш! – кыз жаркашаттан паска түшүп келди.
Анын жолун утурлай басты жигит. Кучакташа түштү экөө. Сагыныша жытташып, тойбой атышты бири-биринин дидарына.
– Келдиңби окуудан?
– Ов.
– Үч айың, бир жылдай болуп кетти го!
– Маңачы! – Кудаш кызды эркелете чачын сылап, жүзүнөн өөп атты.
– Жакшы дагы Ай жарык эмес, капкараңгы...
– Неге, Ай жарыса жакшы эмеспи?
– Сенден уялам, — кыз кылыктана жигит көкүрөгүнө башын жаздады.
Экөө жанагы шактары коюу суу талдын астына кирип кетишти. Жер бетине көөп чыгып турган суу талдын тамырына отурушту. Көкдайра шаулдап агып атты он кадамдай арыда. Кыз халатынын топчуларын чече, тамагын жыттагылады Кудаш, кумары канбай. Каршылык көрсөтүмүш болуп атканы менен, Майраш да сагынычын жаза албай, жигит кучагына ыктайт. Экөө ажырык үстүнө сунала жата кетишти. Кыз денеси от-жалын болуп, майда калтырак баскан. Акыры каршылык этимиш эткени да токтоп, ыңкыстай жигит ыктыярына көнүп берди...
Жан балкыткан учур өтүп, Кудаш кыз билегине башын койгои бойдон шылкыя жатып калды...
Кудаштан үн чыкпайт. Бышактап ыйлаган кыз ордунан турду, уйпаланган чачтарын түзөп, үстүнө желбегей жамынды халатын.
– Майраш...
Унчукпады Майраш, бышактаганы басылбаган. Кудаш тура келип, мандайынан өөп, кыздын жаактан ылдый агып аткан көз жашын алаканы менен арчыды.
– Неге ыйлайсын?
– Элдей болуп, салт-ырасым менен танимайрам болбодук! Муну күтпөгөм сенден!
– Саңа үйлөнөм дебедимби! – үч айдан кийин он бирди бүтөсүң, анан тоюбуз болот. Сени да Ошко окууга алып кетем... – Кудаш жалбара сүйлөдү. Кыз кичине жоошуп, башын жөлөдү Кудаштын ийинине.
Кудаштын каникулу бүтүп, Ошко окуусуна кайтып кеткенче суу тал түбүндө күн алыс жолугушту. Эми Майраш баарын унутуп, күн-түнү Кудаштын эркинде. Суу тал түбү, айсыз, айлуу түндөр гана алардын ысык алакасына күбө. Аяктап баратты август айы. Кудаштын Ошко кайтар маалы келди. Ал кетээрден алдыңкы түнү суу тал түбүндө отурушту бири-бирин кыялбай. Кыз бир эркелеп, бир бышактап Кудашын кучагынан чыгаргысы жок асти.
– Кудаш, – деди Майраш жигит мойнуна колдорун орогон тейде, – тоюбуз качан болот? Тезирээк болсо экен... тез...
– Неге мынчалык тынсызданасың?
– Боюмда... – Сөз аягына чыга албай бышактады Майраш.
– Не?! Чын элеви? — чочуп ордунан тура калды Кудаш. – Сактанбадыңбы?!
Үн катпады кыз. «Сактанбадыңбы?» дегенн неси? – деп ичинен күбүрөп, жүзүн тескери үйүрдү. Кудаштын ушул сөзү катуу тийди көңүлүнө.
– Кантип сактанам. Мектепти бүтсөң үйлөнөбүз дебедиң беде?..
– Үйдөгүлөр даяр эмес экен, кечир мени, – үнү ишенимсиз чыгып, көздөрүн Майраштан ала качып айтты ал.
– Анан качан?
– Билбейм.
– Кудаш, мунуң азилби, чынбы? Мен атамдын үйүндө кардым чанайып кантип отурам?
– Чыдай тур, октябрда келем.
Бышактап ыйлаган Майраш ордунан лып тура ары басты. Ичи уйгу-туйгу, денеси муздап, көз жашына берди күчүн.
– Майраш, мени кечир!.. Октябрда келем!
Майраш артына кылчая:
– Кудаш, менин кыздык намысым сенин абийириңде...– Көзүнүн жашы шорголой жар кашаттан ары, үйүнө жөнөдү заманасы куурула. – О, шордуу жаным, муну күтпөгөм Кудаштан.
Кудаш ордунан жылбады кыйлага. Кыз артынан даап баса албай турду. «Кана, Майрашты босогодон бери алып келип көрчү, шермендесин чыгарайын!» — деген апасынын каардуу сөзү эсине түшүп, нес абалда кыйлага турду.
* * *
Күздүн таңы кечирээк атып, салкын тарта баштаган кез, айылда иш кайнаган маал. Бир жагынан пахта терим кызып, экинчи жагынан шалы кырман күчөгөн. Эркектер тегиз кырманда. Кыз-кыркын, келин-кесек бүт пахта теримде. Пахтазар бир карасаң түркүн-түс өскөн гүл талаадай көрүнөт. Ак, кызыл, көк, сары, жашыл жоолукчан, кызыл-тазыл көйнөкчөн кыз-келиндер пахтазар бетин бербейт.
Ак этек тагынышкан теримчилер канча болсо, көбүр-шыбыр, күлкү-тамаша ошончо. Баарынан берки, ылдый шактын этегине жетип калышкан селкилер менен келиндер баш көтөрбөй, баарынан озо пахта терип, пахтазарды түп көтөргөн күлкү-тамашалары токточудай көрүнбөйт.
– Уй кыз, жигитиңиз кат жазып туравы? — деди өзү менен жанаша жөөктө жарыша пахта терип бараткан сары келин акырын. Майраш селт эте түштү. Ансыз деле колдору шыпылдай пахта терип жаткан менен, эси-көөнү Кудашта болгон Майраштын көңүлү суз, сагыныч кучагына баткан эле.
– Жо-ок, жеңе! – Майраш келин суроосуна жооп бергениби же өзүнө-өзү сүйлөдүбү, аягына чыкпады сөзү.
Майраштын Кудаш менен сүйлөшүп жүргөнүн келин-кыздар түгүл, айылдыктардын тең жарымы билген менен, эки жаштын мамилелеринин танимайрамга чейин жеткенинен ушу сары келин гана кабардар. Ал Майраштын жакын жеңеси. Кайын синдисинин бетин сепкил басып, өңү азыңкы тарта баштаганын аңдап калган жеңеси бир жолу такып сурап туруп алган болчу.
– Шу, сиз – кыз, Кудаш менен кошулул алып жүрбөңүз, өңүңүз утуру өзгөрүп бараткандай?
Майраштын өңү кызарып чыгып, жер караган. Эми андан сырын жашыра албасын сезген.
– Жеңе, шондой болуп калды... – көз жашы сызылып чыккан Майраш жеңесин аянычтуу караган. – Жеңежан, ич кимге айта кербөңүз. Анда эле мен өлдүм...
Билип турса да, толук ишене бербеген келин Майрашты аяган түр менен.
– Энди не болот, кыз. Апаңыз билеби муну?
– Апама айткам, таза урушуп жүрүп, эми унчукпай калды. Эгин-тигин жыйылса тоюбуз болот. Андан көрө маңа сайма сайышыңыз, жеңе. – Бозоргон өңүнө кичине кызыл жүрүп Майраштын.
– Ананчы, бүгүн эле үйүңүздөргө кирем.
Ошол сүйлөшүүдөн кийин сары келин Майрашка мурдагыдан да жакын сырдаш болуп, узабайт жанынан. Майраштын ичи кыйла чердейип, азган өңү кайра ачылып, супсулуу болуп кетти. Эртели-кеч кең халаты түшпөйт үстүнөн. Көчөгө чыкпайт, көпчүлүк арасында азыраак болуп, өзүн тартып жүргөн убагы.
– Жеңе эки жарым ай болду, кат келбейт Кудаштан.
– Алар деле пахтада жүрүшкөндүр, студенттер пахта теримге барышат эмеспи. А, Кудаштын энеси үйүңөрге келеви?
– Жок, жеңе. Башыңда келип жүргөн. Бир айдан ашты келе элек.
– Тойго даярданып жүргөндүр да.
– Ким билсин, жеңе. Акыркы күндөрү жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей.
– Коюңузчу!
– Апам экөөбүздө түнү уйку качты...
Этегине толгон пахтаны төккөнү шактын башына жөнөгөн Майраш тиги акжуваздын алдына, Кудаштын үйүнүн тушуна жол чаңыта келип токтогон «Волгага» көзү түштү. «Волганын» арткы эшигинен бир жигит чыга келди.
– Жеңе, Кудаш экен, – деген Майраш үнүмдү эч ким укпадыбы дегендей эки жакты карай койду.
– Ы-ы кыз, Кудашыңыз! — деди Майраштан бетер сүйүнгөн сары келин.
– Секин, жеңе!
Келин күлгөн бойдон оозун жаба калды.
Ушул арада Кудаштын үйүнөн апасы, карындашы менен чоң жеңеси «Волгага» карай жүгүрүп калышты. Биринчи жетип барган жеңеси машиненин ичине кирди да, тез эле чыкты. Анын артынан ак жоолук салынган узун бойлуу кыз чыга келди. Эми алар ак жоолукчан кызды ортого алыша, үйгө жөнөштү.
Бул көрүнүштү көз албай карап турган Майраштын өңү бозоруп, катты да калды.
– Уй Кыймат, Кудаш Оштон колукту апкелиптир! – деди бүт пахтазарды жаңырта нары жактагы келиндердин бири сары келинге сүйүнчүлөп.
Сары келин ага не деп жооп берерин билбей жер карады. Ичи от менен жалын каптаган Майраштын көздөрүнөн жаш агып, мойнуна куюлуп атты. Бүт дүйнө караңгылашып, ааламда жапжалгыз калгандай седи өзүн.
“Тоюнун тополоңун чыгарам!” деп жинденген Майраштын апасы эчен ирет булкунду. Майраш жалынып-жалбара жолун тосуп, көз жашынан чыгарды күйүтүн.
Бир жума өтпөй чоң той өткөрду Кудаш. О, түн бир оокумга чейин кече шаңы айыл түнүн түп көтөрдү. Ыр-күү жаңырып, таза тойлошту Кудаштын жакын жааттары менен айылдыктар. Бир гана Майраш менен апасы ичтеринен кан өтүп, үйлөрүндө отурушат.
Он күндөн соң Кудаш Ошко жөнөп кетти келинчеги менен. Эл күндөлүк түйшүктөрү менен алек баягыдай. Майраш менен апасы үчүн гана кыйын болду күн өтмөгү. Жайлоодон мал кайтыш болуп, атасы келээр маал да жакын. Ансайын жүрөгү түпөйүл тартып барат Майраш шордуунун. “Баланчанын кызы үйүнөн чыкпай төрөп койду!” – деген сөздү уккан атамдын бир өмүрү күл болор бекен!..
Кудаш кеткенден үч күндөн кийин иниси кечке жакын Майраштын колуна үч бүктөлгөн кагаз таштап кетти. “Майраш, мени кечирээрсиң. Төрөлөр баланын атасы менмин. Ушундай болуп калды...” – деп жазыптыр Кудаш. Ого бетер күйүп, ыйлады бул бир ооз жазууну окуган Майраш.
– Эх Кудаш! Шундай бедең?! Шундай жигит экенсиң да!..– деген суроону миң кайталап, үйдөн чыкпай отуруп калды.
Пахтазар тараптан келин-кыздардын күлкүсү угулса, миң тамыры солкулдап ыйлап, ызага батат...
* * *
Түн ортосу. Толгон Ай төбөдө. Майраш түн кучагында айылдан бир чакырымдай өйдөрөөктөгү Чоң-Кашканын боорундагы чыйыр жолдон ылдыйга, дарыя боюна келатат. Басышы жай, оор. Буту тийген таштар чыйыр жолдон ылдый кулап, жымжырттыкты бузбаса, сай ээн. Ылдыйда бир калыпта аккан дарыянын шоокуму. Түн ичинде өйдөдөн кадим жылан чубалып жаткандай көрүнөт көзгө. Кооптуу да. Жалгыз караан этият басып, дарыя жээгине жакындаган сайын кадамы секиндеп, тез- тез согот жүрөгү.
«Кайтып кетсемби аркама?..» – Майраш өзүнө-өзү суроо берди артына кылчая берип. Кашка боорунда өзү түшүп келген чыйыр жолго карады. Ай жарыгына чагыла сырдуу... Алдындагы шыбак түбүнен «пыр-р-р!» эте паранда учту. Селт эте түшкөн кыздын боюн муздактык аралап өттү. «Торгой окшойт» — деп койду ичинен өзүн баса. Алдына кадам таштады чечкинсиз. Мындай түнкү ээн сайда коркот беле, ага ичиндеги жай, билинер-билинбес согуп аткан экинчи жүрөк дем берип аткандай. Ичиндеги баласы сегиз айдан өтүп калган. Ичи чампайып, улам шишип барат. Акыркы күндөрү короодон тышка чыкпай калган, эл көзүнөн качып. Анча-мынча чыкса да, атасынын чоң купайкесин кийип алат, сыркоолоп жүргөндөй түр көрсөтүп. Дарыя жээгиндеги эл Казанкулак деп койчу чоң көрташка жете токтоду кыз. Түнкү жел чачтарын уйпалап, ичи-койнуна кирип атты. Чыйрыга түшкөн кыз купайкени кымтылады.
Ай нуру чагылган дарыя агып атат шоокуму сай ичин жаңырта. Кыз тырмышып чыга баштады Казанкулактын үстүнө. Узун көйнөгү менен кең купайке калакат этип, бутуна оролушат, «Ой!» дей берди, тайып кетип, ташка тийген оң тизесин эки колдой кармап, түнөрө түштү көздөрү. Бир урчукка отурду эптеп. Он метрдей төмөндө агып атты дарыя, ого бетер кооптуу боло түшүп. Кыз курсагы менен жыгылбаска аракет кылып, сол колу менен ичин кармап алган. Таш! Үстүндө чакан сөрүдөй тегиздик бар.
Энтиге жүрөгү оозуна келип, терең-терең дем алды. Айлана ээн. Иттердин гана анда-санда үргөнү угулат. Кыз кабагы түнөрүп, негедир көктөгү толгон Айдан көздөрүн ала качат. Курсагымды Ай көрбөсүн дегендей, кайра-кайра купайкени кымтыланат. Алдыда болор жамандыкты ичиндеги баласы сезип атабы, бүт тээп тыбырчылаганы көбөйдү. «Кой энди көп тебине бербе, экөөбүздүн тең күнү-суубуз бүттү окшойт. Сени төрөй албайм, эл-журт не дейт?..» – деп шыбыраган кыз ичин аёолуу сылады. Көздөрүнөн мончоктоп жаш агып, ээгинен ылдый тамчылап, ичи-ичинен эзилди. «Туулбай тун кетип аткан балаң менен менин убалым жөн койбос, сени Кудаш» – деген кыз ордунан турду шашпай. Ичиндеги баласы жан-алы калбай тебинип, тыбырчылап атты. Бул арада кичине өзүнө да келе түштү кыз. Купайкенин чөнтөгүнөн дептердин барагын алып караңгыда эптеп майда таштарды таап, бастырып койду. Кайра турду ордунан: «Кош aпa, ата! Кош толгон Ай! Кечир мени жарык дүйнө көрбөй сууга чөгө турган наристем!!» – деген кыз көздөрүн жума, боюн дарыяга таштамакка алдына умтулду. Ушу чакта курсагынан наристенин ничке чыңырыгы угулду:
«Апа-а-а!..»
Кыз селт эте түштү, ылдыйга жай ооп бараткан боюн араң түзөп.
«Апа-а-а! Апа-а-а! Апа-а-а-а а ...а» – деген наристенин аяныч үнү кулак түбүндө. жаңырып туруп алды.
«Кой балам. Сенин бу жарык дүйнөгө ыңаалап төрөлүүңдү буюрбаптыр. Мени кыйнабачы өмүрүмдүн акыркы кез ирмеминде. Тынч жатчы!..» үн чыгарбай сызылып ыйлаган кыз наристени жоошутмакчы болуп назик сылап атты курсагын.
Ордунан кыйнала турду, сол колу менен ичин басып. Ого бетер катуу тебине баштады көкүрөк астындагы наристеси.
«Ичимде оодарыльш калдың окшойт, шордуум!..» – деди ый аралаш. Карара түнөрүп, долулана агып атты дарыя төмөндө. Кызды оп тартып аткансыды өзүнө кандуу дарыя. Көздөрүн катуу жумуп, дагы барды Казанкулактын кырына.
– Кызым, Токто-о! – үн чыкты каяктандыр. Элең этти кыз, эки жагын карап. Сай ичи тынптынч, өзүнөн башка шырп эткен жан жок.
– Не кылганы-ы-ың?! – дагы жаңырды алыс-алыстан угулган үн. Кыз дагы карады атарабын. Ай жарыгы бетине чагылган жарлуу Чоң-Кашка, анын боорунан ылдый түшүп келген чыйыр жол. Бери ылдыйда үч-төрт түп чычырканак менен жылгын. Казанкулактан өйдөдөгү таштуу жээкте да көзгө илешпейт эч нерсе.
«Мен, Аймы-ы-ын!..» – үндүн көктөн жаңырып атканын туйду кыз. Батыш тарапка эми эле ооп бараткан Ай мээримин төгүп турган экен.
Өзүн эки дүйнөнүн аралыгында сезип калган кыз Айдын минтип күлүп турганына ишенип, ишеңкиребей ордунда сенек.
«Оо кызым, бирөөгө өчөшүп эки бирдей жанды кыйбагын!» – деди Ай энелик сүйкүм менен.
– Мен жер бетине батпай калдым, Ай эне!
– Неге батпайсың? Жер Энеңдин койну ке-ең!
– Мага тарлык кылып атпайбы-ы.
– Төрөлө элек балаңчы-ы?
– О дүйнөдө бирге жашаймын, балам менен!..
– Антпегин, эси жогум. Андай эле Жер бетине, адамдар арасына батпасаң, менин койнума кел, – деген Ай эне эзиле сүйлөдү.
– Кыз Казанкулактын кырынан артка чегине, жалдырап карап турду Айды.
– Келесиңби, Кызым?..
Кыздын көз алдында Ай бетинен ак булуттай бир үзүм ак мунарык бөлүнүп чыгып, ылдыйлап келатты. Жерге жакындаган сайын чоңоюп келет.
Кыз өзүнө жакындап келаткан ак мунарыкты карап тура берди. Мына, ак мунарык Казанкулактын үстүнө конуп, кыз анын ак ороосунда калды. Эми кыз секи-ин көккө көтөрүлүп баратты. Жер улам төмөндө калып, ак булуттай оролгон ак мунарык Айга жакындата берди аны. Кыз тик турган бойдон кыймылсыз, сызып барат. Ай бетине жеткенде ак мунарык каяккадыр житип кетти, жалгыз калды кыз ээндикте. Күн тийип туруптур Ай бетине. Тирүү жан көрүнбөйт жакын ортодо. Анан каяктандыр үч-төрт пери кыздар пайда болуп, кызды арыга жетелешти. Колдору ак була, келишимдүү ак денелери ак булуттан бүткөндөй.
– Сен ушул жерде жашайсың, – деди кыздардын бири мээримин чача, аны ак булуттан бүткөн аппак үйгө киргизип. Башка ич кимиси ооз ачпай кантип күтүүсүз пайда болушса, ошондой кайым болушту көздөн. Кыз ак мунарыктан бүткөн чакан үйдө жалгыз кала берди.
Ай бети жылуу. Аккан дарыя, өскөн дарак көзгө урунбайт. Те ылдыйда Жер. Ай нуруна бети жарып, али түн кучагында. Kыз уктай албады. Колун тийгизди курсагына, баласы тынчып, жүрөгүнүн секи-ин согуп атканы гана угулат. Жеңил төрөдү Майраш Ай бетинде. Уул экен наристе. Атасы Кудаштын өп-өзү, буудай өң. Көздөрү да бакырайып атасынын көздөрүндөй. Муруну коңкоюп, чачы капкара. Айдын пери кыздары ак мунарыктан ак мамык төшөк салып, баланы жаткырышты. Бала ыңаалай ыйлап, Ай ааламын түн көтөрө жаңыртты. Перилер Майраштын төшөгүн да жаңылап, шыпылдап жүрүшөт. Бирок перилер мээрим чачкандай болгону менен баланын төрөлгөнүнө анчалык деле сүйүнгөндөрүн көрбөдү Майраш. Мындайда Кудаш болсо ич-ичивен сүйүнөт беле?! Энесичи. «Бечара энеме не болду? Мени издеп жер бетине батпай жүргөндүр...» – Майраштын көзүнөн бир чоң тамчы жаш сызылып чыгып, мамагын соруп аткан бөбөктүн жүзүнө тамды. «Сенин төрөлгөнүңдү эч ким, эч кимге сүйүнчүлөбөдү уулум. Менден башка эч ким маңдайы жарып сүйүнбөдү...» Бөбөк соруп атты, дүйнө бейкапар энесинин ак мамагын. Эненин миң тамыры жибип, сүтү булак болуп оргуштал атты...
Бала күндөн-күнгө торолуп, колдорун энесине сунууга жарап калды. Майраш бөбөгүн жүзүнөн сүйүп, күнүгө Айга түн киргенде Жер бетин тамаша кылат. Жер өтө эле сулуу экен. Чексиз суулар, тоолор, токойлор. Алардын койнунда миң түркүн жан-жаныбарлар. Ошолордун эң акылдуусу, эң сулуусу адамдар. Жердин кайсыл бир бурчунда өзүнүн өмүр бою шоокуму кулагынан кетпеген Көкдарыясы, анын жээгиндеги алакандын отундай кипкичине айылы - Зарташ. Өз айылын жер бетинен көпкө издеди. Жер бетиндеги эпсиз шаар, айылдардын ичинен Зарташты көпкө көрө албады. Акыры тапты. Ана, Зарташы! Ак жиптей билинер-билинбей чубалып жаткан Көкдайранын жээгинде жатат кыбыла тарабындагы сары адырларга жөлөнө, Айылына жаз келип, өрүктөр тегиз гүлдөптүр. Апапак өрүк гүлү толуп кеткен айылы бир үзүм ак булуттай сүйкүм. Жайнап ачылган өрүк түбүндөгү сөрүдө кызын жоктоп ыйлап отургандыр Майраштын энеси. Муну эстегенде Майраштын заманасы куурулуп кетти. Тез жер бетине жетип баргысы келди. Ушул мүнөттөн баштап Жерди, адамдарды сагына баштады Майраш. Эртели-кеч кызматын кылган пери кыздар, ак мунарыкка толгон супсулуу Ай бети. Айдагы бейпил күндөр анын көңүлүнө тийди.
Майраш эртеси түнү да уктабай Жерди, айылы Зарташты кapaп отуруп таң атырды. Айга түн кирип, айылга Күн тиери менен эки көзү айылда. Энеси жүрөт кыбырап, тээ ылдый Жерде. Атасы сөрүдө жатат. Экөөнүн тең жүздөрүн муң чалган.
Кыздары Майраштын изсиз-түссүз жоголуп кетиши экөөн тең бүкчүйтүп койгон. Ана, Кудаш жүрөт келинчеги төрөп берген наристесин көтөрө короо ичинде. Бу сапар Майраш Кудашты жек көрбөй карап турду. Дене-бою ысып, анын сөздөрүн уккусу келди. Кудашты айыптабагандыгына өзү да таңдана түштү: «Баламдын атасы!» – деди ич-ичинен эзиле. Балаң экөөбүз, сени кечиребиз, Кудаш. Жакында айылга кайтып барабыз. Ошондо сен элден жашынып келип, уулуңду бир өөп кетүүгө жарар бекенсиң?!
– Майраш өзүн Жер бетинде тургандай сезди.
Кайтып кетүүнү көксөдү адамдар арасына. Эл арасы бейиш экенин жерден алыс, адамдардан алыс-алыс Ай бетинде өткөргөн күндөрүндө билди. А түгүл Кудаштын энесин да жек көрбөй калды...
Эртеси түнү даты Жер бетин сазарып, зарыга карап отурду Майраш. Жер бети кым-куут, түркүн-түс, жашоо кызык. А, Ай бети кай жагынды карабагын ак мунарык каптап, бир түс. Өлүү жымжырттык.
– О, Эне жерим! Мен сага кантип кайтып барам! – деди колун созо Майраш.
Ошондо кулак түбүнөн назик үн чыкты:
– Кызым, сен эми Жерге кайтып бара албайсың. Жер бир таарындыбы, экинчи жазылбайт. Мына, мен миллион жылдардан бери Жер кучагына зармын. Ага жете албай келем. Бир ирет сага окшоп Жер-жигитимден таарынып, минтип качып кеткем андан. Эми анын ысык демине, илебине зармын.
– О, Ай Эне, Жер мени кабыл алат, – деди ордунан тура калган кыз, бөбөгүн жаткыра берип. Сен өткөндө мени өзүңө алып келгендей эле жеткирип кой.
– Анте албаймын. Жер-Жигитим менден ого бетер таарынат, – деген Ай көөшүлө уктап кетти түн жамына.
Майраш Жерден көзүн албай, жалгыз жан шериги бебөгүн көкүрөгүнө кысып отурат. Көргөн көзүнө ишенбеди Майраш. Айылдан өйдөрөөктөгү Кудаш экөө түбүндө көп түндөрүн өткөргөн чоң өрүк тамырынан жулуна Ай тарапка сызып келатты. Шактары жайылып, апапак болуп коюу гүл ачкан өрүк.
Айга жакындап келе берди ак булуттай каалгый. Чоң түп өрүк Ай бетине конуп, бир шагы Майраштын бут алдына ийилди. Майраш уулу экөө апапак гүлү жайнаган шакка отурушту. Өрүк жай көтөрүлүп, Жер тарапка булуттай каалгып жөнөдү.
– Ай-Эне, ыракмат саңа, уулум экөөбүзгө өмүр бергенин үчүн, – деди кол булгалай. Түн ичинде уулум экөөбүз сени менен көп жолу сүйлөшөбүз.
– Кош бол, Майраш кызым... Ай күлүңдөп турду, напназик өңү муңдана. Аппак болуп гүл ачкан бир түп өрүк көк мейкинин жарып, Жер тарапка сызып баратты. Майраш жерге тезирек жетүүнү эңсеп, уулу ширин уйкуда...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.